Блог: Даараткана курганды качан үйрөнөбүз

Би-Би-Си "Абалың кандай, айылдаш?" түрмөгүндө Кыргызстандын айыл-кыштактарындагы турмуштук ар кандай окуялар, айылдык таанымал инсандар жөнүндө кат-кабарларды, сүрөт баяндамаларды жарыялап баштады. Айыл турмушу тууралуу айтып бергиңиз келсе, bbckyrgyzservice@gmail.com дарегине кат жазып байланышка чыгыңыз.

Сүрөттүн автордук укугу Азамат Бекзоо

Жайдын келиши менен Кыргызстандын тоолуу, кооз аймактарына, анын ичинде Ысык-Көлгө жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер агылып келе баштады. Жайлоого боз үйлөр тигилип, дарылыкка бээ сүтү, кымыз сатылып, айтор бул бизнестин түрүн кыргыздар жакшы эле өздөштүрүп жатат.

Бирок канча жылдан бери какшап айтылганы менен эң негизги деп саналган шарттарга маани бергенди үйрөнө албай койдук. Тоо-таштын арасында санитардык талаптарга жооп берген даараткана, жуунуучу жай табуу кыйын. Эс алып кеткен туристтердин көбү бул жөнүндө сөзсүз даттанышат. Биз үчүн болсо көндүм болуп калган.

Сүрөттүн автордук укугу Social Media
Image caption Коомдук медиага жарыяланган Кыргызстандагы коомдук дааратканалар

Шаркырап аккан тоо суусун чакалап алып келип, чоң казанга от жагып, жылытабыз дагы, бир карагандын далдоосуна барып чайканып алабыз. Болбосо төрт устунду орнотуп, кайсыл бир жарнама үчүн чыккан кездеме менен сыртын ороп салабыз. Даараткана деле ушундай абалда.

Ал эми күзүндө кайрадан көчүп кетип жатканда очоктун, даараткананын орду жер кыртышына так калтырып кала берет. Албетте, жайлоого кышты кынап, заманбап даараткана же мончо кура албайсың. Бирок башка ыңгайлуу жолун тапкандар бар.

Сүрөттүн автордук укугу Janara Kaiypbekova

62 жаштагы Имаш Азарбаев экосан дааратканаларын мобилдештирүү идеясын көтөрүп чыккандардын бири.

Ал экосан дааратканасын финляндиялык өнөктөштөрүнөн үйрөнүп жасаган экен. Ысык-Көл облусундагы Чырак айылынын тургуну энерго-эффективдүү жабдыктарды жасап, жайылтуу менен алектенет.

Сүрөттүн автордук укугу Janara Kaiypbekova

Экосан дааратканасында унитаздын эки тешиги болот дагы, заң менен заара өз-өзүнчө жыйналат. Бул ыкмада салынган даараткана үчүн жерди казуунун кереги жок. Болгону эки камера орнотулат.

Дааратканалар көчүрүп кетүүгө ылайыкталып, жеңил материалдан жасалган. Аны эки киши 15-20 мүнөттө ажыратып, кайра чогултуп коюуга жетишет.

"Экосан туалетинде заң үчүн өзүнчө камера жасалган, поддон жасаганбыз. Ошол жерге заң жыйналып калат. Заара өзүнчө кеткендиктен көлөмү өтө деле көп болбойт. Улам кургаган сайын кичирейип отурат да. Айрым маалыматтар боюнча адам бир жылда 500 литр заара, 50 кг заң бөлүп чыгат. Эгерде бул даараткананы жайлоого орното турган болсок, күзгө чейин поддон бир эле жолу толушу мүмкүн. Күзүндө аны алып, киши баспаган жерге төгүп, өрттөп жиберсе болот же бир жерге көмүп койсо болот. Заараны бадалдардын арасына агызып койсо болот. Жерди казып кереги жок. Европада, Германия, Финляндияда кеңири пайдаланышат. Себеби, алар экологияга аяр мамиле кылганды үйрөнүшкөн",-дейт Имаш Азарбаев.

Сүрөттүн автордук укугу Janara Kaiypbekova

Жер аянты тар, жайлоо же стратегиялык мааниге ээ болгон жолдун четине экосан дааратканалары ыңгайлуу болушу мүмкүн.

Имаш Азарбаев экосан дааратканадан тышкары күндүн энергиясы менен сууну жылыта турган душ, аз отун талап кылып, көп энергия бөлүп чыгарган очок, как кургатуучу аба коллекторлор жана үйдү пенопласт же пеноплекс сыяктуу каражаттардын ордуна камыштар, саман менен жылуулоо ыкмасын сунуштоодо.

Сүрөттүн автордук укугу Janara Kaiypbekova
Image caption 62 жаштагы Имаш Азарбаев

"Ушул иштерди элге жайылталы деп, чымыны бар уста балдарды чогултуп уюм курганбыз. Азыр Кызыл-Сууда офисибиз бар. АМИТИС деп аталат. Энергияны натыйжалуу технологиялар менен пайдалануу боюнча алектенген мастерлердин уюму деп чечмеленет",-дейт Имаш Азарбаев.

Азыркыга чейин бул уюм жүздөн ашуун кишини жаңы технология талаптары менен жасалган жабдыктарды курууга үйрөткөн.

Жанара Кайыпбекова, Чырак айылы

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.

Би-Би-Си "Абалың кандай, айылдаш?" түрмөгүндө Кыргызстандын айыл-кыштактарындагы турмуштук ар кандай окуялар, айылдык таанымал инсандар жөнүндө кат-кабарларды, сүрөт баяндамаларды жарыялап баштады. Айыл турмушу тууралуу айтып бергиңиз келсе, bbckyrgyzservice@gmail.com дарегине кат жазып байланышка чыгыңыз.