Бишкекке таасирленген өзбекстандык блогер

Ылдам жана арзан интернет, стипендия төлөп берген акысыз окуу жай, жардам бергенге дилгирленип турган меймандос кишилер. Өзбекстандык блогер Давронбек Тожиалиев Кыргызстан баш калаасы Бишкектен дагы кандай таасирленди?

Блогердин күндөлүгүн айрым кыскартуулар менен сунуштайбыз.

Ленин Сүрөттүн автордук укугу http://davronbek.ziyouz.com

Алматынын "Сайран" автобекетинен Бишкекти көздөй автобус жана жеңил унаалар каттайт.

Автобустун жол акысы 1800 тенге (39600 сум). Ал эми таксилер Кордайга чейин 2500 тенге (55000 сум). Бишкектин жаңы автобектине чейин 3000 тенге (66000 сум). 235 чакырымдык жолду болжолу үч жарым сааттай убакыттын ичинде басып өтөсүз.

Мени Бишкектен досторум күтүп алмак болушту. Таксист менен бара турган жериме чейин 4000 тенгеге (88000 сум) жеткирмек болуп келиштик.

Казакстандыктар жекшемби күнү Бишкектин четиндеги "Дордой" базарына көп барышат экен. Бул базар Борбор Азиядагы эң ири дүң соода базары эмеспи. Ошон үчүн базар күндөрү чек арадагы өткөрмө бекеттерде киши көп болот. Дүйшөмбү күн болгону үчүн биз чек арадан бат эле өтүп кеттик. Сумкемди деле текшеришкен жок.

Казакстан менен Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгон үчүн айрым жеңилдиктер бар. Эки мамлекеттин жарандары бири-бирине ID-картасы менен эле кирип чыгат. Ага мөөр басуунун деле кереги жок.

Чек арадан ары Бишкекке чейин 25 километр аралык. Бишкекке алдынала даярданбай келгендиктен, досум сунуш кылган студенттер үйүндө конуп калдым.

Пишпек-Фрунзе-Бишкек

Ўш бозори Сүрөттүн автордук укугу http://davronbek.ziyouz.com

Азыркы Бишкек шаары 1825-жылы Кокон ханы Мадали тарабынан курулган Пишпек чебинин ордунда жайгашкан. 1878-жылы бул аймакта орус кыштагы түптөлгөн. 1924-жылы чех архитекторлору тарабынан шаардын архитектурасы чийилип, Европа стандарттарына төп келтирилип, курулуштар түшө баштаган.

Пишпек 1924-жылдан Кара Кыргыз автоном областынын борбору болуп турган. 1926-жылы советтик аскер жетекчиси Фрунзенин ысымы берилет. 1991-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан Бишкек деп өзгөртүлгөн.

Бишкектин калкы бир миллиондон ашуун. Анын 73,69 пайызы кыргыздар, 16,64% орустар, андан кийин украиндер жана өзбектер түзөт. СССР доорунда Бишкекте орустар көп эле. 1989-жылдагы эл каттоодо шаардын 56 пайызын орустар түзүп, кыргыздар 23 гана пайыз болгон.

Бишкек - өлкөдөгү эң ири экономикалык, каржы жана бизнестин борбору саналган шаар. ИДПнын 36 пайызы ушул шаарга туура келет.

"Бишкек" эркин экономикалык аймагы түзүлгөн. Mercedes-Benz, Audi-VW, Sumitomo, Federal Express, DHL, UPS, LG-Electronics, Daewoo, Phillips, Siemens, Panasonic, Reemtsma, Coca-Cola, Samsung, Toyota, Kia сыяктуу дүйнөлүк ири компаниялар иш алып барат.

Туристтерге зээриктирме, мен үчүн кызык

Қирғиз айловлари Сүрөттүн автордук укугу http://davronbek.ziyouz.com

Кыргызстанда туризм жакшы өнүккөн. Өлкөгө келген туристтердин көбү Ысык-Көлдү көздөй сапар алышат. Эко-туризм өнүгүп жатат. Өлкө аймагынын 90 пайызы деңиз деңгээлинен миң метрден бийик жайгашкан. Кыргызстан Тянь-Шань менен Памир-Алай тоолорунун жүрөгүндө жайгашып, "Азиядагы Швейцария" аталып жүрөт.

Бишкекти мага Алишер досумдун кесиптеши Жакшылык көрсөтмөк болду. Кесиби тарыхчы, абдан шайыр, кишиге жугумдуу жигит деп айткан. Так ошондой болуп чыкты.

Таанышууну Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен баштадык. Университеттин кампусуна кире берген жерде осмон түрктөрүнүн архитектуралык стили менен салынган мечит бар экен. Жанында теология факультети бар. Студенттер ушул мечитке келип намаз окуп турушат.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети 1995-жылы ачылгандан бери эле билим берүү акысыз. Студенттерге стипендия дагы төлөп беришет (бакалавр 5$, магистр 50$, докторант 75$).

Окуу жайда билим берүүгө бүт шарттар түзүлгөнүнө күбө болдук.

Президенттик аксарай жок

Қирғизистон Республикаси Парламенти Сүрөттүн автордук укугу http://davronbek.ziyouz.com

Бишкектеги бир топ жайларда болдук. Кыргызстандын парламенти жайгашкан имарат - өлкөнүн эгемен тарыхындагы эки ыңкылапка күбө болгон жер. Кыргызстан президентинин өзүнүн атайын аксарайы жок. Президент дагы парламент имаратында олтуруп иштейт.

Имаратты сүрөткө тартууга тыюу салынган эмес. Ошондуктан сыртын кайтарган эч ким жок.

Ала-Тоо майдони. Манас ҳайкали Сүрөттүн автордук укугу http://davronbek.ziyouz.com

Ала-Тоо аянты - Бишкектеги эң кооз жайлардын бири. Аянттын жанында тарых музейи жайгашып, Манастын эстелиги бар жана 45 метр бийиктикте илинип турган өлкөнүн чоң туусу желбирейт. Туунун жаныда эки аскер какайып турат

СССРге кайтуу

Бишкекте СССРди эске салып турган бир нече айкелдер жана имараттар бар.

Улуттук банк жайгашкан имараттын чатырында "Госбанк СССР" деген жазуу азырга чейин сакталып калган. Эски аянтта Лениндин колун сунуп турган эстелиги турат.

Эски имараттарда кызыл жылдыз жана СССРдин герби өчкөн эмес. 1917-жылдагы Улуу Октябрь ыңкылабынын каармандарына арналган эстеликти көрдүк. Ал эми Жеңиш аянтындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка арналган эстелик жаңы баш кошкондор үчүн сүйүктүү жайга айланган. Айтор, көчө-көйдөн советтик доорду эске салган эстеликтерге көзүң түшпөй койбойт.

Ленин ҳайкали Сүрөттүн автордук укугу http://davronbek.ziyouz.com
СССР белгилари Сүрөттүн автордук укугу http://davronbek.ziyouz.com
Қирғизистон Республикаси Миллий банки

Бишкекте Имам Сарахсинин ысымы берилген Борбор Азиядагы эң чоң мечит курулду. Аны Түркиянын дин башкармалыгы куруп берген (32 миллион АКШ доллары сарпталган). Мечиттин ачылышына Кыргызстандын президенти Сооронбой Жээнбеков жана Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган өзү катышкан. Мечиттин курулушу 2012-жылы башталган экен. Жалпы аянты 7000 чарчы метр, 20 миң кишиге ылайыкталган. Унаа токтотуучу жайына 500 унаа батат.

Имом Сарахсий номидаги марказий жомеъ масжиди Сүрөттүн автордук укугу http://davronbek.ziyouz.com
Имом Сарахсий номидаги марказий жомеъ масжиди ичкари қисми Сүрөттүн автордук укугу http://davronbek.ziyouz.com

Имам Сарахси биздин замандын 11-кылымында жашап өткөн түрк-ислам дүйнөсүнө белгилүү аалымы.

"Ата-Бейит"

1930-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына арналып тургузулган "Ата-Бейит" жайы Бишкектен 30 чакырым аралыкта. Бул жайда Сталиндик репрессияга кабылган 137 кишинин сөөгү табылган. Кыргыздын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлери бар.

"Ата-Бейит" ёдгорлик мажмуаси Сүрөттүн автордук укугу http://davronbek.ziyouz.com

1937-38-жылдары Сталиндик репрессияда атылгандар көмүлгөн Чоң-Таш айылынын четиндеги жай тууралуу жакшы билген киши көзү тирүүсүндө кызы Бүбүйра Кыдыралиевага айтып кеткен экен. Кийин анын кызы бул сырды ачыкка чыгарган. 1991-жылы бул жайдын сыры ачылып, табылган сөөктөрдү кайрадан жерге берген учурда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен "Ата-Бейит" деп аталган. Айтматовдун атасы Төрөкул дагы ушул жерде атылып, сөөгү табылган.

2008-жылы 14-июнда залкар жазуучу Чынгиз Айтматов көз жумганда, сөөгүн ушул жерге коюшкан.

* * *

Бишкекте негизинен машруттук таксилер жүрөт. Коомдук транспортто Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаалар көп. Бишкектеги маршруткада туруп кетсе дагы болот экен. "Дордой" базарынан кайткан учурда бир маршруткадан 50 жүргүнчү санадым. Жол акысы 10-12 сом (1200-1440 сум).

* * *

2019-жылы мобилдик интернеттин арзандыгы боюнча Кыргызстан Индиядан кийинки эле экинчи орунда аталды. Ырас, бул жерде 50 сомго (6000 сум) 10 Гб мобилдик интернет тарифин алса болот экен. Анан калса мобилдик интернет аркылуу Youtube жана башка тармактарды кеңири көрөсүз.

* * *

Сапарымдын жүрүшүндө кудай мени жакшы кишилерге кезиктирди. Алматыдан Бишкекке алып барган таксист дагы ара жолго таштабай, айткан жериме жеткирип, жакшы маектеш болду. "Ата-Бейитке" арзан баада алып барып келген баткендик таксист жигит дагы өтө кичипейил, жакшы адам экен. Бишкекте мен таанышкан кишилердин баары жакшы мамиледе болду. Аларга мен өзбекче сүйлөсөм, мага кыргызча жооп узатып, бири-бирибизди жакшы түшүндүк.

Көптөрү Ташкент, Самарканд, Бухара, Хиваны көрүүгө куштар экенин айтышты. Чек аралар ачылып алака-катыш жолго коюлуп калганына баары ыраазы.

"Ташкентке келгиле, мен силерди конок кылам" деп чын жүрөгүмдөн айттым.

"Кыз жок. Сураба" Сүрөттүн автордук укугу http://davronbek.ziyouz.com

Ташкентке кайтарымда Ош базарын көрүп келдим. Бул жерде Орусия, Казакстанга каттаган таксилер токтоочу жай бар экен. Кадам сайын чакан мейманканаларды көрөсүң. Үйлөрүнүн бөлмөсүн эле мейманканага беришет экен. Бирөөсү эшигинин сыртына "Кыз жок. Сураба" деп дагы жазып коюптур. Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдө газ бар. Бирок жер үйлөрдө көмүр жагышат. Ош базарынын айланасындагы жер үйлөрдү аралап баратканымда көмүрдүн түтүнү мурунга урунду. (AbA)

*

Тектеш темалар