Маселе жаштарда эмес, кептин баары бизде

Элита темасы дайыма эле коомдук дискуссиянын бутасына алынбаса да ар качан ар бир элди ойлонтуп келген. Эл менен кошо келе жаткан, эл-журттун сапатын аныктаган, тагдырын чечкен түбөлүк маселе.

Ленин Сүрөттүн автордук укугу http://davronbek.ziyouz.com

Бул ирет элита маселеси атпай журттун көбү катышкан ачык талкууга айланып, кыргыз коомчулугун түркүн ойго жетелеп, түмөн түйшүк салды. Бирок флэшмоб коомдун адатына салып, бир чур этип алдык да олуттуу кеп козгогонго дараметибиз, дурус ой айтылса, аны укканга чыдамыбыз жетпей, тынчый түшкөнсүдүк. Ошентсе да талкуу далай нерсенин башын ачты. Биринчиден, бир саясатчынын орой салыштыруусуна бир депутаттын "биз керек болсо элитабыз" дегенине коом кадимкидей чычалады. Бийлик башындагы топко карата коннотациялардын, аныктамалардын, лакап аттардын, салыштырма атоолордун баары биригип келип "элита силер болсоӊор, жыргаган экен кайран эл" деген сыяктуу бүтүм чыгарды көпчүлүк. Бул акыйкат жооп аркылуу коомчулук бийлик башындагыларга, асыресе парламенттин өзүнө канааттанбагандыгын, анын сапатына ичи чыкпай турганын билдирди. Экинчиден, адатта биз элита дегенде башкаруу чөйрөсүндөгү аткаминерлерди түшүнөбүз деген аныктаманын натуура экенин тастыктады. "На верху собираются сливки. И пени тоже",-деп Ватерлоо салгылашында Наполенду жеӊген колбашчы, британ премьер-министри Артур Веллингтон таамай айткан экен. Анын сыӊары бийликке ким келбейт да, ким кетпейт. Келген-кеткендин баары эле элита боло алган эмес. Бийлик тизгини колундагылар формалдуу элита. Ошол эки тизгин, бир чылбырды элдин кызыкчылыгына, маӊдайы тайкы жеке керт башы эмес, жамы журт бактысы үчүн колдонсо, чыныгы элита боло алат. Болбосо башкара албай эл бузган, бастыра албай жол бузган, шарапатынан кесепети арбын төбөл топтун шордуу өкүлү бойдон калат. Бул жалпыга белгилүү, жалпак тилге салынган аныктама. Кыргыз коомчулугу үчүн элита деген формалдуу бийлик, атак-даӊк, ардактуу наам же сатып алма, жасалма таанымалдуулук эмес, ири алдыда сапат экени талкууда билинди. Улуу-кичүүсүнө карабай эл жакшылары, мыкты чыкмалары, асыл нарк сапаттарга ээ, ырыс кеспей ырыскы чачкан, бүтүндү бүлүндүрбөстөн, үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган, журт намысына жараган, элдин таалайына жаралган, кыйратпастан жараткан кашкөй инсандарды гана коом чыныгы элита катары эсептери да бир ирет тастыкталды. Чыныгы элитага муктаждык чоӊ экендиги байкалды.

Бирок да, башкаруучу элита канчалык формалдуу болбосун коомдун өнүгүшүн аныктоочу күчкө ээ. Бул тууралуу "элиты знаний всегда подчинены политическим элитам" деп айтыптыр сионизмдин анабашында тургандардын бири австриялык юрист Натан Бирнбаум. Бийликтин табияты жана элиталардын катышы ушундай.

Жогорку Кеңеш Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

Аны коом жакшы түшүнөт. Ошондуктан эл жакшылары тууралуу флэшмоб талкуу жаштардын орду жана ролу тууралуу суроону кабыргасынан койду. Айыл чарба министри болот элем деген жаш ишкер, "Жашыл чарба" күнөсканалар холдингинин башчысы Тилек Токтогазиев министр болбой калган соӊ жаштардын бийликтеги таасири темасы дуулдап барып токтоду. "Мыкты чыкма жаштардын жоон тобу жаралбады, калдайган карааны көрүнбөйт" деген пикир басымдуу айтылды.

Азыркы Жогорку Кеӊештеги жаш депутаттардын бир тобу, ал эми жергиликтүү кеӊештердеги депуттардын (алардын 694ү 28 толо элек кыз-жигиттер) аткаруу бийлигиндеги жетекчилердин, ар кайсыл тармактагы атка минерлердин баралына келгенде мыкты саясатчы, кыйын жетекчи болооруна шек жок. Акчасы болсо, аттантып койсо, атка минээрин мине алышат, бирок найза суна алабы, журт намысына жарайбы, бул такыр башка маселе.

Ниети кандай, адамгерчилик сапаттары, мамлекетке мамилеси - бул олуттуу көйгөй. Анткени алар партиялык тизмеге киргенде же аларды ишке тарткан, кызматка койгон, колдогон адамдардын принциптери, алар бийликке аралашкан шарттар, бийликте жүрүп көргөндөрү, башкача айтканда уядан көргөнү, баш тоголоткондо алган таалими бизди ойлонтууга тийиш. Төкмө акын Замирбек Үсөнбаев бир маегинде энесинин накыл кебин эскергени бар: "Балам, оозго алына баштадыӊ, далай жолдош, нечен дос күтөсүӊ, асты колу ырыстуу оокатка тийбеген, көзү калыӊ топту көрбөгөн кишиге жолой көрбө". Тийген жерден жула качмай, колу жетсе уурдап алма, калп айтып ийгиликке жетмей, алдап кеткени менен мактанып, алданып калгандарды "лох" (маӊыроо) атаган "эрежелер" кадимкидей сиӊе баштаганда кыйын чыкма жаштар эртеӊ мамлекетти жана улутту сызга отургузса канттик.

Жаштардын коомдогу аткарган функциялары бар. Ымыркайдын баш аламан кыймылы кийин функцияга айланган сыяктуу эле, жаштардын азыркы аракеттери, изденүүлөрү, жүрүм-турумдары эртеӊ эле ырааттуу функцияга, аныктоочу мааниге ээ болот. Жаштардын эӊ негизги функцияларынын бири - бул генеративдик озуйпасы, жаратмандык, башкача айтканда. Дүйнөдөгү эӊ ири, адамзат өнүгүгүшүнө таасири эбегейсиз илимий ачылыштар, адабиятта жана искусстводогу орошон чыгармалардын 70% 20 менен 40 ортосундагы инсандар жаратканын англиялык окумуштуулар эринбей эсептеп чыккан. Бирок биздин жаштар эмнени жаратат, кайсыл дөөлөттөрдү барктайт, кандай нравалык принциптерди туу тутат? Кайран элдин кайран улан-кыздары эмне менен гана алектенгени жок. Жамбаштап жатып алган киши аз. Эртеден кечке тырмалап оокат кылган эл. Мамлекет шарт түзүп бере албады, бирок калк иштеп жатат. Эмоцияга алдырбай, статистикага кайрылсак, 18-24 жаш курагындагылардын 67%, 25-28 жаштагылардын 24% жумушсуз. Туура, мыкты, чыгаан жаштар илимде, саясатта, бизнесте пайда болууда. Жаштарыбыз тынымсыз изденүүдө.

Бирок өнүгүүнү шарттабай, өксүктөр комплексин жараткан жагдайлар басымдуулук кылып, дагы бир муунду жоготуп албасак экен. Өлкө ичинде так талашта, бак талашта абдан акылдуу, өтө куу, айлакер, энергиясы ашып-ташыган, бирок өлкө үчүн тышкы кармашка жараксыз муун жаралышы ыктымал. Эч бир эреже сактабай максатка жетүү ийгиликтин ачкычы экенин биротло ынанган муун өстүрүп албасак болду.

Жаштардын көз караштары, социалдык абалы жана экономикалык күч-кубаты, маданияты, баалуулуктары, багыт алган идеалы сыкятуу олуттуу изилдөөлөрдү учурата албадым. Балким барды, болсо ак чөп башта. Азыноолак эмпирикалык байкоолор жаштар арасында диний жиктелүү, социалдык ажырым, идеологиялык карама-каршылык улам күчөп бара жаткандай. Улут катары бириктирген идея, маданият, максат жана күч жоктой сезилет.

Жаштарга деп ар жылы 10 млн сом ал ар кандай иш чараларга кетет экен, негизинен спорттук мелдештер. Жакшы. Бирок жаштар саясаты ошону менен токтойт окшойт.

Бишкек, Манастын айкели

Биз жаштардан эмнени күтөбүз жана жаштарга биз эмнени бере алабыз, ошого жараша муун калыптанат. А биз жаштардан эмнени күтөөрүбүздү эмдигиче так айта элекпиз. Буга чейинки муун калтырган мурасты барктай албадык, 30 жыл ичинде мураска калгыдай ырыстуу оокатыбыз да байкалбайт, эмне берээрибиз да белгисиз. Улуту, өлкөсү менен сыймыктануу сезимин жаратууга шайыбыз келбей, жакшы менен жаман деген түшүнүгүн так калыптандыра албадык. Жаштардын көбүнө таалимди дурустап бере албадык, миӊдеген жаштарга билим эмес алардын эптеп тапкан кызылдай акчасына жана андан да кымбат убактысын алып, бирөөнө жарап, миӊине пайдасыз диплом бердик.

Кайыптан жаралган тулпар болсо да күлүктү таптабаса мөрөй албайт. Жарабайсыӊ деп башка чапкан бала жараксыз эле бойдон калышы толук ыктымал. Демек маселе жаштарда эмес. Кеп бизде. Кеч боло электе жарактуу элита таптап, сапаттуу эл жакшыларын өстүрүүнүн ыраттуу системасын түзүү зарыл.

Улуттук кызыкчылыктарды түшүнгөн жана аларды коргой билген муун тарбиялоо төлбашы улуттук кызыкчылык болуп эсептелет. Мына ушул эӊ орчундуу стратегиялык маселе бизди ойлонтууга тийиш.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.

Тектеш темалар