Блог: "Желим баштык көтөрбөгөн баламын"

Эки жыл мурун үй-бүлөөбүз менен "пакеттерди" (желим баштыктарды), желим бөтөлкөлөрдү колдонууну азайта баштадык. Желим бөтөлкөлөрдү жөн эле ыргытып жибербей кайра пайдаланууга же кайра иштетүүгө тапшыралы деп чогултсак, ал эми дүкөндөн берилген желим баштыктын ордун рюкзакка алмаштырдык.

желим баштык

Азыр үйдүн жанындагы дүкөндүн сатуучусу мени "пакет албаган бала" деп эстеп калган.

Кийин кесиптешимдин ар бир тамак-аш азыктары үчүн өз-өзүнчө көп жолу колдонулчу чүпүрөк жана башка материалдан жасалган баштыктарын көрүп ичим жылып, биз да ушундай колдонгон күн качан келет экен деп суктангам. Көп өтпөй Нарын шаарындагы таанышым экобаштыктарды жасап жатканын айтып сүрөттөрүн жөнөтүп, жагымдуу кабары менен бөлүштү. Эки-үч ай мурун болсо Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Орто-Боз айылындагы окуучулар таштандыларды иргегенин көрүп, табиятка кам көргөн жаштардын саны арбып жатканына кубандым эле.

Жакында эле борбордодун көчөлөрүнө кагаз, айнек, желим таштандыларын иргеген идиштер коюлуп баштады. Ал тургай мэрия 2020-жылы таштандыларды кайра иштетүүчү завод кура турганын айтты. Албетте, мунун баары көңүл жубатат. Бирок бул кадимки көрүнүшкө айланышы керек. Мындай окуяларга эч ким таң калбай, "пакет кереги жок" десең сөздү уккан сатуучу "бекер эле, ала бер" деп олурая карап калбашы керек.

пакет

Ыргытылган желим жарым кылымга барып жок болот деп окуп жүрөбүз. Анын табиятка, жан-жаныбарларга дегеле адамзаттын өзүнө тийгизген зыянын окумуштуулар сайрап эле келишет жана азыркы күндө дүйнөлүк көйгөйлөрдүн бири катары саналат. Биз болсо көр тиргилик менен алышып, чоң-кичине дебей баардык дүкөндөн бекер берген желим баштыкты кенедей нерсе сатып алсак да кабаттап салып, ашкере пайдаланып, табиятка залал келтирип жатканыбыз менен чатагыбыз да болбой жаткандай.

желим баштык

Ош шаарындагы "Тазалык" ишканасы таштандыларды бөлүп чогултуу мындай турсун жөн тазалаганга чамасы араң жетип атат. Ишкана жетекчилеринин желимдин пайда-зыянына түшүнүгү жетеби жокпу ал өзүнчө кеп…

Ош-Бишкек жолунун жээктери таштанды талаасынан айырмасы жок болуп калганын интернеттен же өз көзүбүз менен деле күн алыс көрүп жатпайлыбы. Берметибиз деп мактанган Ысык-Көлдү деле желим бөтөлкө, баштыктар менен толтуруп бүттүк. Кайда барбайлы өзүбүз менен чогуу ташыган желимдерибизди чар жайыт чачып, жаратылышыбызды колдон келишинче булгап жатабыз.

Ошондуктан замандаштар жок эле дегенде ар кимибиз өзүбүз желимди колдонуудан баш тарталы, табиятты сактайлы!

Дастан Үмөтбай уулу
Image caption Дастан Үмөтбай уулу

Дастан Үмөтбай уулу, журналист

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт

Тектеш темалар