Блог: Дүйнөнү ойготкон дүбүрттөр...

жылкылар Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Акшыңдаган көздөрүндө коркуу, өжөрлүк, албуутанган кызуу кандуулук...

Туяктары тапырап, өтө катуу үркүп бараткан жылкылардын сүрөтүн карап олтуруп, эч бир режиссер тартып бере албаган кинолорду көрчүмүн. Бул кинолор болсо, бүтүндөй адамзат жашап өткөн доорду адам менен кошо кыйналып, адам менен кошо ыйлап, адам менен кошо өлүп, кайра тукум улап, бирок адамды ара жолго таштабай сүйрөй келген жылкылар жөнүндө узун-узун түгөнбөгөн тасмалар эле...

Жылкы жөнүндө менин жашоомдо өтө таасирдүү окуям бар. 90-жылдардын башында эгемендик алып калпагыбыз булут чийип турган учурда башкасын билбейм, биздин айыл абдан жүдөп, арып-азып кетти. Мурдакыдай дүкөнгө келип шыкалып калган ун жок, азык-түлүк келбей калды. Колхоз-совхоз тарап, чоңдор жумушсуз олтуруп калды. Мындайга көнбөгөн элеттик элиң ичкени ичип, идиректүүсү эптеп айласын издеп, айласы табылганча катуу кыйналды.

Не бир тегирмендин ташынан өткөндөй оор жылдарды жашаган жарыктык карыя кишилер акыл таап, ат менен соко айдап, эгин эгип, эл кыймылдай баштады. Бул кыймылга чейин жандыгын жандыктай, бодосун бододой сатып, жылкынын куну кетип, элде малдын туягы кескин кыскарып калган эле.

Жашы жүзгө таяп калган чоң атам каза таап, артынан эле чоң энебиз каза болуп калды. Чоң атаман айрылуу балалык жандүйнөмдү бырчалап кеткенин кийин эс тартканда билдим. Чоң атам балага жакын киши экен. Ооз ачса эле жалынган, эркелеткен сөз куюлуп турчу...

Чоң атабыздан кийин "атанын малы балага жугабы" дегендей малдуу бүлөөбүз жыл айланбай эле ылаңдап кой кырылып, кышта тоодон-таштан кулап бирин-экин жылкысы өлүп, калаганын унга айрыбаштап, керектик үчүн сатып атып, атамдын бир ат менен бир уйдан башка эч нерсеси деле калбады. Ошондо атама асман кулагандай эле болгондур. Айылда, тоо жеринде малы жок күн өтөбү.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Биздей бүлөлөр экинин бири болчу. Ошондо эки асый жээрде атыбыз бар эле. Суналган келишкен жылкы эле жаныбар.

...биз ыйласак ыйлады, биз күлсөк күлдү. Жата калып, чым жерлерди тилген соккону тартты, керелден кечке артына темир маланы сүйрөп кырман жанчты, кырмандан тазаланган буудайды тегирменге тартты...

Ошентип бир ат менен кадыресе бир чоң бүлөнүн турмуш өтүп жатты. Кырманды трактордун темир маласын чалкасынан түшүрүп атка сүйрөтүп жанчу элек. Ат жаныбар керелден-кечке тегеренет, үстүндө мен. Күн кошо, асман кошо тегеренип...

Бирде агам атты катуу чапкылап (тез бүтүрөйүн дегендир) кырманды айланып жаткан. Туягы тайып ат жаныбар күрс эте маланы баса жыгылды. Аттан учуп түшүп эле агам атты жөлөп тургуза баштады, мен чуркап келдим. Темир маланын бир тиши колтугунан ичкерирээк, басмайыл өткөн жерге бата түшкөн экен. Ыйлап алгам, агамы ашатып сөгүп жүрөм, ыйлап жүрөм, колум менен арылдап кан агып жаткан жерди кармап турам, салааман кан агып атты, буудай самандарга куюлуп...

Жака-белибиздегилер келип, кийиз күйгүзүп басып, канды токтотушту. Жалгыз ветврачыбызды алып атам келди, шылкыйып турабыз, ат турат башын шылкыйтып...

"Бир ай минбегиле",-деди ветврач. Чала жанчылган кырман, кычап турган иш маалында атсыз калат деген эмне?! Көрүнгөнгө жалдырап, жыйым-теримди баарынан кеч бүттүк, ошол күз түк эсимен чыккыс болуп сакталып калды.

Ат жаныбар биздин бүлөбүздүн ишенгени болгон. Ошол бир окуя эле жылкы баласынын биздин бүлө үчүн канчалык салымы бар экенин көрсөттү да.

Кийин атыбыз айыкты, тырык калды ошол жеринде. Менин жүрөгүмө катуу баткан ошол окуя калды.

Көп өтпөй агам Орусияга миграцияга чыгып кетти, артынан дагы эки бир тууганым кетти. Жашоо болсо акырындап оңолду. Мен студент болдум. Бул окуя болбосо студент болот белем жокпу ким билет. Ошол жашоону өзгөрткүм келген.

Жээрде атыбыз болсо иниме калып, каникулга барганымда мени он чакырым чоң жолго ат менен алып келип, автобуска салып кетип турчу. Бирде барсам, "ат картайды сатып жиберип, муну алдык" деп бир кара тору быштыны көрсөтөт атам. Үйдү айланып кеттим, буулугуп, буулдап көпкө чейин көңүлүм чөгүп жүрдү. Балалык таржымалымдын бир барагын бирөө жулуп салгандай болуп ызааландым...

Азыр агаларым да, мен да кыймылдаткыч күчү жылкы күчү менен ченелген зуулдаган автоунааларды айдап жүрөбүз. Таңгөрүү жакшылыкты бат унуткан пенде азыр аттын баркын билебизби? Анда санда ушундай окуяларды кеп кылсам көңүлкош эле карап коюшат.

Бир сүрөт көрдүм, Австралияда селге батып калган атынын башын кучактап, бир аял баткакта үч саат, куткаруучулар келгенге чейин кармап олтуруптур, бул окуя мени бир жашытты.

Кийин "Согуш тулпары" деген кино көрдүм. Согуштагы адам менен кошо азап тарткан ат туралуу баяндаган. Анда бир сезимдер келди, жээрдебизди эстеп, ыйладым...

Үстүнө адамды көтөрүп алып, азыркы доорго жеткирген кайран жылкы баласы. Ысымы да жок, "күлүк күнүндө, тулпар тушунда болуп", адамга адам жакшылык кылбаган не бир учурларда ээсин колдогон жаныбарлар өткөн дүйнөдөн, дүбүртү менен жер сабап...

Согушун согуштай, азабын азаптай тартып, адам менен турмушу жуурулушкан жылкы баласы дүбүртү менен дүйнөнү ойготуп, адамды ойготуп өткөн...

Туяктардын изи бул жерди дагы далай басаар да, дүбүрттөр дагы далай ачылыштарды ойготор адам үчүн...

Тектеш темалар