Кечиккен кошок: согуштун 50 жылдан кийинки жаңырыгы

  • Байболот Абытов,
  • тарых илимдеринин доктору, профессор
Иллюстрациялык сүрөт. Геннадий Базаровдун "Саманчынын жолу" тасмасы

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Иллюстрациялык сүрөт. Геннадий Базаровдун "Саманчынын жолу" тасмасы

Учурда Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесин белгилегени турабыз. Улуу муундагылар, биз, жаштар үчүн бул ыйык майрамдардан экени талашсыз. Мааракени утурлай эстен кеткис бир окуяны сиздерге баяндап бергим келди.

Улуу Ата Мекендик согуш 1945-жылы бүтүп, ошол Улуу Жеңишке жетишкенден кийин канча муундар өсүп жетилип, Жеңиш жылы төрөлгөндөр элүү жаштан ашып калган кезде дал ошол согуштун курмандыгынын шарттуу зыйнатын көргөн жайым бар. Ошол окуя азыркыга чейин мени өзгөчө абалга алып келип, абдан толкундантып, ар түрдүү ойго салат. Дайыма эстеген сайын биздин ата-бабалардын каада-салтына, эс тутумуна, бизге калтырган таалим тарбиясына таазим этип, ыраазы болуп келем. Анда окуя тууралуу баян.

1992-жылы июнь айында менин кайын атам Акимжандын апасы Назбу чоң кайнене кайтыш болуп, баарыбыз акыркы сапарга узатуу зыйнатына чогулуп, тажияга камылга көрүлө баштады. Салттагыдай эле боз үй тигилип, анын ичине сөөк киргизилип, кыз-кыркындар чогулуп, ызы-чуу болуп жатып калды. Тажия кийинки күнгө дайындалган эле.

Эртеси таң эртеден кадимкидей кыргыздардын аза күтүү салты менен өкүрүк чыгып, кошок кошулуп, ырым-жырымдары менен коштолуп, акыркы сапарга узатуу зыйнаты башталды. Тажияга келген элдин саны улам көбөйүп, аксакалдар, куда-сөөктөр, аттуу-баштуулар чогулуп, күн аркан бою көтөрүлүп калганда, бир башкача, баарыбыздын көңүлдү бурган окуя башталды.

Анткени боз үйдүн ичинде кошок кошуп олтурган кайнатанын чоң эжеси Назират баштаган бир топ улуу муундагы ошол уруктун кыздары, капыстан эле Улуу Ата Мекендик согушту, анын кан майданын, фронтко кеткен тууган уруктарын, согуштан кайтпай калган атасы Жапар уулу Аскар, андан да көбүрөөк Жапар уулу Дубананын атын аташып, аны жоктогон кошогу, атайын эле анын кошумча аза күтүүсү башталып кетти. Бир саамга сыртта үн чыгарып тургандардын баары тып басылып, айлана-чөйрөдөгүлөр да жымжырт болуп, баарыбыз боз үйдү тыңшап дымып калдык. Баарыбызды таң калтырган кай¬тыш болгон Назбү байбиче болсо, бу үйдөгүлөр кайдагы, эч ким тааныбаган Дубананын кошогун кошуп жатышат деген таң калуу ар кимибиздин жүзүбүздө эле.

Бир убакта кайната боз үйдөн чыгып, окуянын чоо-жайын түшүндүрдү. Көрсө, анын атасы Жапаров Аскар 1941-жылы согушка аттанган экен. Бир жыл өтпөй, 1942-жылы анын бир тууган иниси Аскаров Дубана, чыныгы азан чакырып койгон аты Алимсатар, 17 жашында бир жаш кошуп айтып, фронтко кеткен экен.

Баса, Дубана деп каймана аталып калышы, Жапарды балдары турбай, улам чарчап кала бергенден Аскардан кийинкисин Дубана болсо деле эл арасында аман болсо болду деген ниетте ырым кылып койгон дешет. Ошентип Дубана 17 жашында Уулуу Ата Мекендик согуштун кан майданына аттанат. Согуштан кийин аны менен кошо кеткен коңшулаш айылдаштарынын айтканына караганда, Сталинграддга барып согушка киришкен экен. Дубана же сабатсыз болгонбу, же кат жазганга үлгүргөн эмесби, эч кандай кат кабар келбептир. Ошол 1942-жылы кеткен боюнча дайынсыз жоголот. Согуш талаасында каза болгону, же душманга колго түшкөнү, же дайынсыз болгону белгисиз, эч кандай кат кабар келбептир.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сталинград салгылашуусу алты айга созулуп, 1943-жылдын 2-февралына барып токтогон

Жапаров Аскардан акыркы кабар 1945-жылдын жазында келген эле дешет, бирок Берлинди штурмалоодо ал киши эрдик менен каза болот. Ал тууралуу "үч бурчтук" кат келген экен. Ошентип бир үйдүн, Жапардын болгону эки баласы болсо, экөө тең согуш майданына аттанышып, экөө тең фронттон кайтпай калышкан. Кыздары болгон эмес экен.

Ал эми дайынсыз болгон кайниси Дубананы согуштан күтүү вазыйпасы, ошол Жапаровдордун, үй-бүлөсүнүн улуу муундарынан жалгыз тирүү калган Назбү чоң энеге жүктөлгөн экен. Анткени Аскар согушка чейин үйлөнүп бир уул, бир кыздуу болуп фронтко аттанса, бир тууган иниси Алимсатар-Дубана гүлгүн жаш бойдон, үйлөнбөй туруп согушка кетип, майдандан кайтпай, андан тукум калбай, уругу үзүлүп калган экен. Эмне болгону, кайда көмүлгөнү белгисиз болгон Дубананын акыркы сапарга узатуу зыйнаты болбой, дээрлик 50 жылга созулган экен. Акыры, келбесине көзү жетип, түңүлгөн Назбү чоң эне:

"Менин көзүм өткөндө, менин тажияма кошуп, ошол согуштан кайтпай калган Дубана абаңдын атын атап, элге угузуп, кошок коштуруп, акыркы сапарга узатуу зыйнатын кошо кылып, ашын бергиле",-деп насаат кылган экен. Жанагы чыккан кошок тегин жерден эмес экенин билдик.

Ошондон кийин гана сыртта олтургандар кайрадан үн-чыгарып өкүрүп, Дубананы жоктошуп, атайылап ал кишинин рухуна багыштап куран түшүрүштү. Куран жай башына барганда да атайын Дубананын арбагына багышталып окулду. 50 жылга кечиккен кошок ошентип 1992-жылы айтылып, согуштун дагы бир курмандыгы эскерилип, шарттуу түрдө жерге берилди.

Мени азыркыга чейин таң калтырганы, биздин улуу муундагы ата-бабаларыбыздын, чоң-энелерибиздин каада-салтты, үрп-адатты бекем тутуп, согушка кетип кайтпай, дайынсыз калган адамдан күдөрүн үзбөй, аза менен күтүп 50 жыл эсинен чыгарбай жүргөнү болду. Мен ошол күндөн ушул күнгө чейин, чыканактай болгон, көзү азиз болгону менен, акылы тунук, жүрөгү таза Назбү чоң эненин көрөгөчтүгүнө, аң-сезимине, салт-санаасы, үрп-адаты менен ошол Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыгы болгон, Кара-Кулжанын тоо койнунан кетип, согуштан кайтпай калган бир жигитин эстен чыгарбай, улуулардын нарк-насили менен урпактардын эсине салып кеткенине эмдигиче ыраазы болуп келем.

Кечиккен кошоктун таржымалы ушундай.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.