Замандашыма жооп: Билимден сырткары жоопкерчилик, уят керек!

Өткөн апталарда биздин сайтыбызга коомдук ишмер Алмаз Кулматов "Замандашыма кат: эстүү жан элеӊ, сага жазып турам" деген блог жарыялаган. Орусиянын Москва шаарында жашаган белгилүү акын Нарсулуу Гургубай буга жооп жазыптыр.

Нарсулуу Гургубай

Арыбаңыз, замандашым! Мен сиздин катыңызды окудум, сизге ыракмат! Катыңызга "катыңыздын каармандары" жооп берет го деп ойлогом, бирок алардын сиздин катыңызды окуганынан күмөнүм бар. Балким, окуса деле арасында мыйыгынан күлгөндөрү арбын болгондур.

Мен бул катты кеч окудум. Кеч болсо деле Орусиянын бир түпкүрүндө көр турмуш деп жанын сабап жүргөн мекендешиңиздин сизге жообу.

Анын үстүнө сиздин "арстандардын эмгегин мышыктардан күтүп жатканыңыз" мага катуу тийди. Менин катым сиз айткан улуулуктардан алыс, майда нерселерге байланган, ансыз деле алыстан кичинекей болуп көрүнгөн мекенимдин көйгөйлөрүн сүрөткө тартууга далалаттанган майда, кичинекей кат.

"Окугандын баары билимдүү эмес, билимдүүнүн баары акылдуу эмес, акылдуунун баары адамгерчиликтүү эмес" деген сөздүн далилдерин акыркы жылдары өз көзүм менен көп көрдүм. Адамдын билими көп нерсенин көрсөткүчү боло албасына ынандым. Менимче, сиз деле көп көрдүңүз. Катыңыз айла кетип, бирөөлөр үчүн уяла берип, тажагандан улам жазылды го деп ойлойм.

Өзүңүз жакшы билесиз, биздин тунгуч президентибиз А. Акаев билимдүү киши, илимпоз киши. Ал киши сиздин катыңызда аты аталган кишилердин баарынын эмгектерин окуган деп ойлойм, менимче Шостаковичти уккан, Булгаковду окуган, анан экөөнү тең терең түшүнө алган кишилердин бири. А. Акаев бийликте турган кезде ал кишини жандагандардын баары эле билимдүү кишилер болчу. Жандагандардын арасында академиктер, профессорлордон бери жүргөнүн айтпасам дагы билсеңиз керек. Бирок өлкөдөгү башаламандык, алдым жуттумдук, уурулук, паракорлук өлкөнү ошол киши башкарып турганда башталды. Баш-аягыбызды таппай калдык. Ал киши дагы, биз дагы…

Анан ошол билимдүү кишинин, ошол билимдүү кишилердин өлкөгө жасап кеткен, жасап жаткан эмгектеринин натыйжасында, менимче азыр сиз катыңызда сүрөттөп, сиз кейип аткан "сабатсыздардын армиясы" өсүп чыкты. Демек, өлкөнү башкаруу үчүн, өлкөгө кызмат кылуу үчүн, билимден сырткары тарбия керек, жоопкерчилик керек, адамгерчилик керек, уят керек! Анан амбиция керек. Азыр бизде өөрчүп бараткан майда, бир курсактык, бир үстөлдүк амбиция эмес, "мен өлкөмү сактайм, сатпайм, мен жерими эч кимге бербейм, мен элимди тентитпейм, өлкөмү өнүктүрөм" деген бийик, туура, булганбаган, намыска негизделген амбиция керек. Бирок бизде кайдагы амбиция? Кайырчынын психологиясы, кулдун кулк-мүнөзү, чайкоочунун шыгы менен жашаган, жашай алган адамдар мындай нерселерден, ал тургай мындан майда нерселерден алыс, тыш экенин көрүп жатпайбызбы. Сөзүнөн бир жаңылса, ишинен эки жаңылып, тынбай эл оозунда сөз болуп, элдин намысына тийип жатса деле, өзүнө, ата-жотосуна, жандагандарына сөз тийгизип жатса деле, же оңолуп кетпей, же уялып кетпей эле креслого жармашып жашап келатышат.

Кудайды соодалап жибергендер бар. Ыйманын милдет кылгандар бар. Уурулугун эрдик көргөндөр бар. Айтор, биз ыйман десе оронгон, демократия десе чечинген, эркиндик десе сөгүнгөн, ачка, бири батышка, бири чыгышка, бири күнгө, бири түнгө, бири пулга жүгүнгөндөрдүн өлкөсү болдук. "Мен чындыкты таптым, Кудайды таптым" деп ар экинчи адам кыйкырабыз. Чындыкты жада калса Сократ дагы таппай кеткени менен эч кимдин иши жок. Камераны карап эмнени сүйлөсөк, коомдук сайттарда эмнени жазсак, ошонун баары чындык дейбиз. Туура деп эсептейбиз. Биздин өлкөдө чындыктын баасы бар, сатсаң, сатып алсаң болот. Биз жакыны тумшукка жеп калса деле, же өлкөнүн жарымын жеп койсо деле, "чындык сынды, ак жеринен күйдү" деп туугандары чыгып кыйкыра берген өлкөнүн өкүлү болдук. Биздин өлкөдө чындык назик, бат сынат. Биздин өлкөдө чындык тез өзгөрөт, бат алмашат. Өзүбүз дагы тез өзгөрөбүз, идеалдарыбызды бат-баттан алмаштырып турабыз. Үлгү тутчу кишилерибиз азайып, уялчу кишилерибиз көбөйүп баратат. Тагыраагы, мага алыстан ошондой көрүнөт. Алыстагылар көбүнчө мекен тынч болсун! Эл тынч болсун! Үй-бүлөм тынч болсун! деп жашайбыз. Мен сизге ушуну айтайын дегем, 30 жыл уурулукту, башаламандыкты, саткындыкты көрүп, канатын кайрап жетилген адамдардан көптү күтпөңүз дейин дегем...

Терең урматтоо менен замандашыңыз Нарсулуу Гургубай

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.