Кыргыз тилинин макамы үчүн күрөштүн тарыхынан бир ирмем

  • Арслан Капай уулу Койчиев
  • Жазуучу, тарыхчы
тарыхчылар

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мындан туура 31 жыл мурун Кыргызстан жаш тарыхчылар ассоциациясы түзүлгөн

1989-жыл. Партиянын ачык-айрымдуулук саясатынын шарданы менен улут уйкудан ойгонуп, баштагыдай жазганып-жалтанбай, кыргыз тилинин тагдыры, маданияты, тарыхы тууралуу маселелер кызуу талкууланып турган чак.

Аң-сезими жетик, акылы тетик катмардын арасында:"кыргыз тилине кысым болбосун, Кыргызстанда кеңири колдонулсун" деген талап күндөн-күнгө күчөп отурду.

Ошол жылдын жаз айларында "Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатын" түзүү демилгеси көтөрүлүп калды.

Максаты - тарыхты обьективдүү, ар тараптуу изилдөө, идеологиялык чидерден бошонуу. Башында Т.Чоротегин, Д.Сапаралиев, М.Кожобеков, А.Көчкүнов, К. Молдокасымов ж.б. турушту.

Ушуга байланыштуу бир кыстарма айта кетейин: жаш тарыхчылар жамаатын түзүү идеясы оболу Москвада козголгону тууралуу маалымат окуп калдым. "Комсомольская правда" гезитинен. Ушул демилгени колдоп жиберели, республикабызда өөрчүтөлү деп, курсташым Алмаз Кулматов экөөбүз комсомолдун Борбордук Комитетине баш бактык. Н. Аскаров менен Ш.Мамбеткожоев (жердешим, агамдын классташы) отурган экен. Алардан илимдин жаш кандидаттары бул маселе менен алпурушуп, уюштуруу иштерин баштап жатышканын уктук.

Ошондон кийин Т.Чоротегиндин тегерегине биригип, майда-чүйдө тапшырмаларын аткаргансып жүрдүк. Чыныгы тапшырма 1989-жылдын 3-июнь күнү моюнга илинди. Жөн жайы мындай: уюштуруу конференциясы чукулдаган сайын, конференцияны кайсы тилде өткөрөбүз деген маселе күндөн-күнгө кызып, кызыл чеке түшкөн талашка айланды. Ал кезде кыргыз тили өгөйлөнүп, борбордогу жыйындар жалаң гана орус тилинде өтчү.

Т.Чоротегин баштаган айдыңдар: "кыргыз жана орус тилдеринде өткөрөлү, синхрондук котормо болсун" дешет. "Кайдагы синхрондук котормону айтасыңар? Ойлонуп сүйлөсөңөр, андай шарт жок," - дейт каршылаштары. Изилдеп-издеп көрүшсө, Фрунзеде синхрондук котормону жасоого шарты бар жападан-жалгыз жай бар экен, болгондо да Жазуучулар Союзунун залы экен. Жыйынды ошол залда өткөрүүгө, кыргыз тилинде сүйлөөгө уруксат алынат.

Аңгычакты, "эми, синхрондук котормону ким жасайт?"- деген маселе туулат.

Ошондо Т. Чоротегин:"менин студенттерим жасайт" деп, бул милдетти мага, Алмаз Кулматовго, Венера Койчиевага, Замир Мамбетжунусовго тапшырды.

Жыйын ийгиликтүү өттү. Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков, Кыргызстанга конокко келген манасчы Жусуп Мамай башталышына катышып берип, бата беришкени эсте. Жаш тарыхчылар ассоциациясы ошентип түзүлгөн. Атактуу Жусуп Мамайды жакындан бир көрүп калганыбызга терибизге батпай кубанып алып, жыйындын ишин колдон келишинче котордук.

Кыргызстандын борборунда кыргыз тилинде өткөн коомдук-саясий мааниси бар эң алгачкы иш-чараны ушинтип камсыздадык.

Ошондон үч жарым ай өткөндөн кийин "Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндөгү" мыйзам да кабыл алынып калды.

Мунун баары азыр айтканга оңой-олтоң, жеңил-желпи иш көрүнөт. Чыңгыз Айтматовдун ошол кезеңди кийинчерээк башын чайкап эстеп, "улут катары жоголуп кете жаздабадыкпы" деп айтканы бар. Көрсө, улут катары жашап калаарыбызга коркунуч туулганын туйган айдыңдар, алдыңкы адамдар ошондо бир силкинип, ыйкы-тыйкысы жок ынтымакка келип, жалпы мүдөөнү жүзөгө ашыруу жолунда тилектеш болушкан экен.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.