Блог: Чолпон-Ата тукуму тууралуу эки ооз кеп

  • Арслан Капай уулу Койчиев
  • Жазуучу, тарыхчы
койлор

Сүрөттүн булагы, Getty Images

(Ильяс Ботпаевдин эмгегин эскерүү)

Адам баласы жер бетиндеги жашоосун улап кетүү үчүн эмне деген гана айла-амалды таап, эмне деген гана кесипти ойлоп чыгарган жок. Ошонун бири - кой багуучулук.

Чолпон-Ата тукумун эң алгачкылардан болуп колго үйрөтүп, багып башын көбөйтүп, этин азык кылгандын, жүнүн буюмга урунгандын сырын кишилер мындан сегиз миң жыл илгери үйрөнө башташкан экен. Кой баккандын сырын ачкан кишилер оболу Месопотамия, азыркы Сирия менен Түркиянын аймагында жашашыптыр.

Кой багуу өнөрү Борбор Азияга кайсы кылымдарда тараганы талаштуу, бирок гиссар кою, каракуль кою деген жергиликтүү породалар таанымал. Койдун бул породалары илгери-илгери замандардагы жергиликтүү элдердин бир нече кылымдык чыгармачылыгынын, тапкычтыгынын аркасында жаралган.

Кыргыздар да кой багууну кылымдар бою кесип кылган элдердин бири. Кой тукумуна байланыштуу ар түрдүү окуялар да тарых беттеринде жазылып калган. Могол хандарынын Мухаммед Кыргыздын тушундагы кыргыздардын мекенине уюштурган бир жолку жортуулу "кой черик" деген ат менен белгилүү. Көрсө, жоо келгенде кыргыздарды таппай, алардын жайыттагы короо-короо койлорун айдап кетишкен экен. Кадимки хан Ормон кой багууга ушунчалык маани берген экен, туут маалында өзү баш болуп короо башында туруп, азыркыча айтканда "сакманга" өзү катышчу экен. Бул туурасында Белек Солтоноев жазган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Деген менен, кой багууга совет заманында гана чындап көңүл бөлүнүп, совет заманында гана кыргыздар кой тукумунун таанымал породаларын табуунун үстүнөн иштей алышты. Натыйжада, миңдеген жылдар бою кой багуучулукту өнөр туткан элибиз совет заманында гана ийгиликтерге жетишип, ал турсун Советтер Союзунун Мамлекеттик сыйлыгын алууга жетишти.

Сүрөттүн булагы, literatura.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ильяс Махмудович Ботпаев

Ал ийгиликтин башында академик Ильяс Махмудович Ботпаев турган эле. Кыргызстанда бир нече кой породасын табууга катышкан бул киши отуз жылдык эмгектин натыйжасында "Алай породасы" деген кой тукумун жаратууга жетишкен. Дүйнөдөгү уникалдуу деп таанылган бул порода бийик тоолуу шарттарда жашоого ылайыкталып, кыргыздарды эт менен жүндөн өксүк кылбай багууга багытталган. Маселен, кочкорунун тирүүлөй салмагы 100 килограммга, ургаачысынын салмагы 60 килограммга жеткен. Автордун кыялында, кыргыздар карды ачуу дегенди билбей, жегени бешбармак, төшөнгөнү калы килем болуп калышы керек эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кыргызстанда бир нече кой породасын табууга катышкан бул киши отуз жылдык эмгектин натыйжасында "Алай породасы" деген кой тукумун жаратууга жетишкен.

Тилекке каршы, эгемендик жылдарында жалпы мал чарбасы кыйраган сыяктуу эле, алай породасы да тукум курут болуп кете жаздады. Бир учурда башы үч жүз миңге жеткен, көп жылдык эмгектин үзүрүнөн жаралган алай породасы ушул тушта мал тукумун үзүп албайлы деген максатта гана бир-эки эле жерде багылууда. Эт жегенди эзели унутпай турганыбыз бышык, бирок кой тукумун асыроону унутуп баратабыз. Академик Ильяс Ботпаевдин токсон жылдыгында ушундай ойлор келди.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.