Глобалдык тиреш жаӊы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат
- Алмаз Кулматов,
- коомдук ишмер

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Американын президенти Ричард Никсон Кытайды "киши эч качан окуп бүтө албаган университет" деп баалаган. Бүтө албасаӊ да сөзсүз окууга милдеттүү, ар бир муун сабак ала турган университет деп кошумчалайлы.
Кытай 7-мартта түстүү революциялар каршы бирге күрөшүүнү Орусияга сунуштаарын билдирди. Мындай олуттуу кепти Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Бүткүл кытайлык эл өкүлдөр жыйынында - Кытай жетекчилигинин эӊ жогорку кеӊешме органынын жылыга бир жолу өтүүчү абройлуу форумунда ички жана тышкы коомчулукка угуза бекем айтты.
Кытай жетекчилиги Америка Кытайдын ички иштерине кийлигишүү жолунан кайтып (Тайвань, Гонконг, Тибет, Синьцзянь ж.б.), климаттын өзгөрүшү, пандемия сыяктуу глобал маселелерде кызматташууга чакырды. Быйыл Орусия менен Кытайдын ортосундагы достук жана кызматташтык тууралуу Келишимге кол коюлганына 20 жыл толгонуна токтолуп, бул келишимди узартууга жана анын мазмунун байытууга дилгирлигин жарыялады. Кытайдын да, Орусиянын да ушул жерден кызыкчылыктары дал келээри түшүнүктүү. Анткени Бээжин менен Москва ар кандай толкундоолорго, саясий акцияларга, системалык каршылыктарга, демократиялык деп аталган аракеттерге өлкө ичинде катуу реакция кылып келет, тыштагыларын кубаттабайт, этият мамиле кылат.
Эки мамлекет теӊ ар кайсыл өлкөлөрдөгү бийликтин оппозициячыл кыймылдарга, демонстрацияларга, толкундоолорго каршы аракетин ошол өлкөнүн ички иши деп эсептеп, оппозициячыл аракеттерди айыптап, ар кандай сырткы кийлигишүүгө жол берилбестигин баса белгилеп келишет. Мисалы, Беларус президенти Лукашенконун дагы бир ирет шайланышына каршы элдик толкундоолорду айыптап, башка мамлекеттердин Беларустун ички иштерине кийлигишпөөгө чакырып келет. Орус бийлиги чакырык менен чектелбеди, Беларус лидери эми аттан оой турган болгондо катуу колдоо көрсөтүп, ал тургай аскер күчтөрүн киргизүүгө даярдыгын билдирген.
Мьянмадагы (Бирма) аскерий төӊкөрүштү эки өлкөнүн жетекчилиги ушул өлкөнүн өз иши деп сыртын салды. Албетте, Кытай менен Орусия кыбыр эткенин байкап турушат, бирок Мьянмада аскер башчылары өлкө башчыларын камап, аскерий бийликтин орношуна каршы чыккан элге каршы курал колдонгондо айыптаганы жок, үн катпады. Бириккен Улуттар Уюму сыыяктуу глобалдык институттарда ушул сыяктуу маселелдер талкууланганда бейтарап позицияны же кийлигишпөө саясатын кубаттап келишет.
Эки өлкөгө теӊ АКШда президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыгып жатканда Трампты колдогон жаалданган топтун Конгресске жулунуп кирип барышына кубаттап кол чаппады, бирок ичтен табасы канып, майдай жаккан. Эми позициялардын окшоштугу менен чектелбестен, ар кандай саясий каршылыктарга, түстүү революцияларга каршы биргелешип аракеттенүү идеясынын жарыяланып отурушу бир тарабы Америка менен Европа, экинчи тарабы Орусия менен Кытай болгон чоӊ тирештеги жаӊы көрүнүш десек болот.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Буга чейин Кытай адам укуктарынын сакталышына Америка менен Европанын монополиясына каршы соккуга даярданып, доклад жасай турганын кыйытса, эми түстүү революциялардын тамырына балта чабууга аттанды. Демек, глобалдык тирештин мазмуну тереӊдеп, форматы да өзгөрө турган болду. Албетте, эки өлкө буга чейин чалгын кызматтары аркылуу, дипломатиялык каналдар аркылуу түстүү революцияларга каршы тымызын аракеттерди көрүп келсе, эми ушул өӊүттөгү кызматташтыктын укуктук негизин бекемдеп, ачыкка чыгарып, ырааттуу жолго салып, институтташтырганы турат. Албетте, эки өлкө аскерий-саясий союз түзүүгө азырынча барбайт, бирок тема улам козголо калып жүрөт. Айрыкча Орусинын аскерий элитасы бул идеяны четке какпайт.
Түрдүү мамлекеттердин салттуу жана жаӊы кызыкчылыктары арбын геосаясий стратегиялык аймак болгон Борбор Азия өлкөлөрүнүн былк этпей тынч турушун көздөгөн күчтөргө караганда ушул өлкөлөрдө өзүнө ылайыктуу режимдер болушун жана күчтөр үстөмдүк кылышын көксөгөн күчтөр арбыныраак жана активдүүрөк. Кээде ушул жер биздин кызыкчылыктардын алкагында, маселени биз гана чечебиз деген өлкөлөргө карганда потенциалы аз делген мамлекеттер ыкчам аракеттенип, тез эле таасирин орнотуп коймогу бар. Мисалы, Азербайжан менен Армениянын Тоолуу Карабак үчүн кармашында Кавказды өзү гана билгиси келген Орусия эмес Түркия чечүүчү ролду ойногонун Москвадан башка эч ким танбайт.
Демек, Кытай менен Орусиянын биздин региондогу аракеттери дагы күчөйт. Эми биргелешип аракеттенет. Албетте, кызыкчылыктарына шек келе турган чекке чейин. Андай чекке жеткенде тил табышабы же жокпу, ал башка маселе. Кооптуу маселе, эмитен ойлонтчу иш, татаал түйшүк. Бир кезде Кытай менен Орусия эки өлкө ортосундагы чек араларын тактаганда аймактын калкынын кызыкчылыгын эске албастан, каалагандай чийип алышкан. Бирок геосаясий тирештин күчөшү проблема гана эмес. Жаӊы шанс дагы. АКШ менен Европа да Кытай менен Орусия билгенин кыла берсин, каалаган режимин колдой берсин деп тынч калбасы анык. АКШ президенти Байдендин администрациясы Борбор Азиядагы бир аз алсырай түшкөн таасирин арттырууга, адам укуктарынын жана демократиянын урматы үчүн деп аталган саясатын ишке ашырууга ниети бекем, кудурети жетиштүү. Ушулардын баары биз үчүн жаӊы чакырыктар, жаӊы мүмкүнчүлүктөр.
Алмаз Кулматов, коомдук ишмер
Ушундай шартта кыргыз бийлиги региондогу глобалдык оюнчулардын ар бири менен тил табышууга, улут кызыкчылыктарын коргоого, балансты сактоого, тереӊ ойлонуп, аргамжыны алыс таштап, түрдүү саясий-дипломатиялык кадамдарга барууга милдеттүү. Глобалдык тирештин жаӊы деӊгээлге чыгып отурушу бизге далай мүмкүнчүлүктөрдү берет. Кеп ушул озуйпаны кандай түшүнүп, шансты туура колдонууда жана кантип ишке ашыраарыбызда турат.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.