Жаңылыктагы көз ирмемдер: британиялык фотографтардын сүрөттөрү
Британиянын фотографтар ассоциациясы соңку 12 айдын ичиндеги "жаңылыктар" жана "спорт" темасында кесиптештеринин эң мыкты сүрөттөрүн тандашкан.

Сүрөттүн булагы, BRUCE ADAMS
Британиянын фотографтар ассоциациясын "Флит-стрит фотографтар" тобу 1984-жылы түзгөн. Алар өз иштерин коомчулукка жеткирүү максатын койгон. Бул сүрөттө Камбрия аймагындагы суу ташкындан кийин жергиликтүү тургун велосипед менен Карлайл шаарынын көчөлөрүнүн биринде жүрүп бартканын көрсө болот. Автор - Брюс Адамс.
Сүрөттүн булагы, Matt Sprake / FameFlynet
Мэтт Спрейк, сүрөт аркылуу "Вест Хэм" футбол клубунун "Аптон Парк" стадионундагы акыркы оюнун чагылдырган. "Вест Хэм" тарыхый стадионундагы акыркы беттешин "Манчестер Юнайтедке" каршы ойногон.
Сүрөттүн булагы, Dan Kitwood/Getty Images
2015-жылы миллиондон ашуун мигрант Европага агылып келди. Алар негизинен Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадан жер которгон качкындар. Дэн Китвуддун сүрөтүндө Эгей деңизи аркылуу Европага жеткен пакистандык мигранттар чагылдырылган.
Сүрөттүн булагы, Jeff J Mitchell/Getty Images
Словенияда тартылган Жефф Митчеллдин сүрөтү. Миңдеген мигранттар полициянын коштоосу менен Брежице шаарындагы качкындар лагерине бара жатышат.
Сүрөттүн булагы, Damien McFadden
Француз полициясынан темир жолдо жашынган мигрант. Сүрөт Кале шаарында тартылган. Автор - Дэмиен Макфадден.
Сүрөттүн булагы, BRUCE ADAMS
Британиянын Стокпорт шаарындагы парк. Автор - Брюс Адамс.
Сүрөттүн булагы, Christopher Furlong
Ди дарыясынын жээгиндеги көрүнүш. Кристофер Фурлонг Уэльстеги Флин шаарынын өндүрүш аймагын чагылдырган.
Сүрөттүн булагы, Ben Cawthra/LNP
Британиянын мурунку премьер-министри Дэвида Кэмерон кызматтан кетип жатканын жарыялаганда, жетекчинин жубайы Самантанын эмоциясы чагылдырылган. Автор - Бен Котра.
Сүрөттүн булагы, Lindsey Parnaby
АКШлык теннисчи Серена Уильямс - Уимблдон мелдешиндеги финалды жеңип алды. Автор - Линдси Парнаби.
Сүрөттүн булагы, JEREMY SELWYN
Британиялык жеңил атлет Мо Фара - 5000 метр аралыктагы олимп чемпион наамын алды. Автор - Жереми Селвина.