2016-жылдын сүрөттө калган ирмемдери

2016-жылдын сүрөттө калган ирмемдерине назар салыңыз.

Сүрөттүн автордук укугу Nacho Doce/REUTERS
Image caption 2016-жылдын башында көптөгөн өлкөлөрдөгү эксперттер Латын Америкасында тараган Зика вирусунун жугуу жолдорун табууга аракет кылышты. Дүйнөлүк сламаттыкты сактоо уюму чукул кырдаал абалын жарыялаган. Боюнда бар кезинде вирусту жуктуруп алуу баланын саламаттыгына чоң таасирин тийгизери айтылган.
Сүрөттүн автордук укугу Brian Snyder/REUTERS
Image caption АКШдагы президенттик шайлоо. Республика партиясынын жактоочусу өз эмоциясын тыялбай калган учур. Массачусет штаты, Лоуэлл шаарындагы президенттикке талапкер Дональд Трамп менен болгон жолугушуу учуру.
Сүрөттүн автордук укугу Pablo Martinez Monsivais/AP
Image caption АКШ президенти Барак Обама жана биринчи айым Мишель Обама Аргентина расмийлери уюштурган кечеде танго бийлеп жатышат. 2016-жылдагы Аргентинага расмий иш сапар учурунда.
Сүрөттүн автордук укугу Jonathan Bachman/REUTERS
Image caption 27 жаштагы ньюйорктук медайым Иешиа Эванстын бул сүрөтү социалдык тармактарга тарагандан кийин Black Lives Matter коомдук кыймылынын иконасына айланды. Ал бул сүрөттө афроамерикалык куралсыз киши полиция тарабынан атып өлтүрүлгөндөн кийинки каршылык акциясына катышууда. Луизиана штаты, Батон-Руж шаары.
Сүрөттүн автордук укугу Xinhua/REX/Shutterstock
Image caption 2016-жыл 11-июль. Нью-Йорк тургундары Манхэттен көчөсүндө күндүн батып бараткан учуруна күбө болушууда. Күн батканда жана күн чыккан учурда ушундай көрүнүш орун алат.
Сүрөттүн автордук укугу BULENT KILIC/afp
Image caption Июль айындагы Түркияда ишке ашпай калган аскер төңкөрүшү учурундагы сүрөт. Стамбулдагы Босфор көпүрөсү.
Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Кытайдагы Хунань провинциясында 2016-жылы ачылган «коркунуч чыйыры» - Тяньман тоосунун боорундагы 1500 метр бийиктиктеги чыйыр. Чжанцзяцзе коругуна өткөн жол.
Сүрөттүн автордук укугу Tim Ireland/AP
Image caption 11-январда белгилүү ырчы, британиялык Дэвид Боуи 69 жашында рак илдетинен каза тапты. Ырчы туулуп өскөн Лондондун түштүгүндөгү Брикстондо илинген анын сүрөтүнө күйөрмандары агылып келген.
Сүрөттүн автордук укугу Emilio Morenatti/AP
Image caption 2016-жылы БУУнун маалыматы боюнча Жер Ортолук деңиз аркылуу Европага өтүү аракетинен кеминде 3800 мигрант каза тапты же дайынсыз изделип жатат. Сүрөттөгү мигранттар көбүнесе Эритериядан келгендер. Ливан жээктериндеги куткаруу операциясы учуру.
Сүрөттүн автордук укугу Ian Walton/Getty Images
Image caption Жөө күлүктөр Жаңы Зеландиядан келген Ники Хэмблин жана америкалык Эбби Д Агостина Рио Олимпиадасынын баатырлары болушту. 5000 метрге чуркоодо Ники Хэмблин атаандашынын бутун басып алып, ал жаракат алып калганда маарага чейин жөлөп-таяп жеткирген.
Сүрөттүн автордук укугу Cameron Spencer/Getty Images
Image caption Ямайкалык жөө күлүк Усэйн Болт Рио Олимпидасында 100 метрге чуркоо учурунда фото кабарчыларга жылмайып өткөн учуру. Ал финалда үчүнчү алтын медалын багындырган.
Сүрөттүн автордук укугу MAHMOUD RSLAN/afp
Image caption Алепподогу аба чабуулдарынан кийин куткарылган сириялык наристе. Бул сүрөт социалдык тармактарда чоң реакцияларды жаратты. Сүрөттө беш жаштагы Омран Дакништин «Тез жардам» унаасында олтурган учуру.
Сүрөттүн автордук укугу AMEER ALHALBI/AFP
Image caption Алеппонун чет жакасындагы райондордун тургундары аба чабуулдарынан кийин балдары менен кыйраган үйлөрдөн качып баратышат. 2016-жылдын 11-сентябрында тартылган сүрөт. Декабрь соңунда өкмөттүк күчтөр Алеппону толук көзөмөлүнө алганын жарыялаган.
Сүрөттүн автордук укугу Zohra Bensemra/REUTERS
Image caption Ирактын армиясы 17-октябрда өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган экстремисттик топтун көзөмөлүндө турган Мосул шаарын бошотууга киришкен. Эки жыл ашуун согушкерлердин көзөмөлүндө турган Мосулдун миңдеген тургундары шаардан качууга арагасыз болгон.
Сүрөттүн автордук укугу Justin Tallis/Getty Images
Image caption Британ королевасы Елизавета II Дорсет графствосундагы Дорчестер шаарындагы дүкөндө. Мунун алдында шаарга королеванын колодон жасалган эстелиги орнотулган.
Сүрөттүн автордук укугу HEIN HTET/EPA
Image caption 2016-жылы 68 жыл ичинде Айдын Жер шаарына эң жакын келген учуру болду.