Аскаровго 17-январда сот өкүмү чыгышы мүмкүн
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Аскаровго 17-январда сот өкүмү чыгышы мүмкүн

2010-жылдагы июнь коогалаңы боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши бүгүн Чүй облустук сотунда каралып, ал соңку сөзүн сүйлөдү. Аскаровдун жактоочулары ал күнөөсүн кыйноонун астында моюнуна алган деп айтып, аны актап берүүнү суранышты. Мамлекеттик айыптоочулар болсо Аскаровду кайрадан өмүр бою абак жазасына кесүүнү айтышууда. Кийинки сот отуруму 17-январга өтүп, ошол күнү Аскаровго өкүм чыгары күтүлүүдө.