М.Бегалиев: Димаштын чоң чыгармачылыкка тушоосу Кыргызстанда кесилген
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

М.Бегалиев: Димаштын чоң чыгармачылыкка тушоосу Кыргызстанда кесилген

Жакынкы күндөрдөн бери Кытайда өтүп жаткан “Мен ырчымын” кароо сынагында казакстандык жаш аткаруучу Димаш Кудайбергендин жылдызы укмуштай жанды. Ал атаандаштарынан өзгөчө үнү, аткаруучулук чеберчилиги менен айырмаланып, миллиондогон кытайлыктардын жүрөгүнөн орун тапты. Бул сынак 14 турдан туруп, жыйынтыгы апрель айында белгилүү болот. Димаш 2013-жылы Кыргызстанда өткөн “Мейкин Азия ” эл аралык фестивалында баш байгеге татыган эле. Ошол сынакта калыстар тобунун төрагасы болгон Кыргыз Эл артисти Муратбек Бегалиев менен кабарчыбыз Абдыбек Казиев Димаштын аткаруучулук чеберчилиги тууралуу баарлашты. Алгач Димаш аткарган француз тилиндеги ырдан үзүндү угуп алалы.