Кыргызстан эгемендик майрамын белгилөөдө
Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгы белгилеп жатат. Ѳлкөнүн бардык аймактарында майрамдык салтанаттар өтүүдө.

Бишкектеги борбордук аянтта өткөн салтанат.
«26 жашка кирген адам эмоциядан - акыл-эске, кыялдануудан- реалдуулукка, романтизмден-прагматизмге оой баштайт» деп, өлкө өнүгүү жолуна түштү деген изги тилектер айтылууда.
Сүрөттүн булагы, official
Ѳлкөнүн баш калаасы Бишкектеги борбордук аянтта өткөн салтанатта президент Алмазбек Атамбаев куттуктоо жолдоду. 26 жыл Кыргызстан үчүн оңой болбогонун айткан өлкө президенти, ушунун баарын башынан кечирген кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.
Сүрөттүн булагы, official
Кыргызстан 1991-жылы 31-августта мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп эгемендигин жарыялаган.
Эгемендик алгандан бери үй-бүлөлүк башкарууну орнотуп, коррупцияга жол бергени үчүн нааразылык жүрүштөрүнүн арты менен эки жолу бийлик алмашкан. Эки президент өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.
2010-жылдагы Апрель окуяларынан кийин Кыргызстан парламенттик башкаруу системасын тандап алган өлкө болуп калды.