Бронтой Бедюров: Чыңгыз Айтматов Алтай темасына абдан кызыккан

Бронтой Бедюров

Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин байыркы тарыхына, андагы фольклордук, миофологиялык уламыштарга абдан кызыгып, аларды өзүнүн чыгармачылыгына чебердик менен пайдалангандыгы белгилүү.

Залкар жазуучу, асыресе, кыргыз элинин Алтайдагы жашоо доору жөнүндө көп тарыхый маалыматтарды изилдеп, аларды көркөмдүк жактан кайра иштеп чыкканын Би-Би-Сиге Россия жазуучулар союзунун теңтөрагасы, Алтайдын эл жазуучусу Бедюров Бронтой айтып берди. Бедюров сөзүн советтик жазуучулардын Москвадагы Переделкино дачасында Чыңгыз Айтматов менен таанышып, ошол жакта нечен ирет жолугушканын учурларынан баштады.

Б. Бедюров: Чыңгыз Айтматовду өзүнүн элинин тарыхый тек жайы, асыресе ата-бабасынын байыркы мекени болгон Алтай абдан кызыктырган. Ошондуктан ал мага бул жөнүндө суроолорду көп берчү. Мен тарыхты, түркологияны кеңири изилдеген адам болгондуктан көп нерсе айтып берген элем. Мен кичине кезде эле Айтматов "Жамиля" романы менен Алтай тоолоруна дүңгүрөй түштү. Бизде кызык окуялар да болгон. Биздин жаш акыныбыз Борис Укачин "Жамиля" повестин Алтай тилине сонун кылып которуп чыгарган. Ошондо Айтматов кайсы аймактан болот деп сурагандар көп болгон. Анткени аны Алтайдын жазуучусу деп ойлошуптур, анткени андагы окуялар, сюжет баары биздин элдин турмушуна аябай окшош эле.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Айтматовдун Би-Би-Си архивинде калган үндөрү

Андан кийин Айтматовдун атагын биздин өлкөгө эле эмес, бүт дүйнөгө чыгарган "Тоолор жана талаалар повесттери" жыйнагы да которулду. Кийин Борис Укачин менен байланышы үзүлүп калгандай болду. Ал алтайлыктардан башка эч кимди билчү эмес. Ошондуктан мага жолукканда кубанбай койгон жок, анын биздин Алтай элдин тилине, этникалык жана руханий тамырына абдан кызыгарын ошондо билдим. Бизде кайра басылып чыккан "Түштүк Сибирдеги түрк элдеринин элдик адабиятынын үлгүлөрү" деп аталган Алтай китебин ага биринчи болуп мен көрсөттүм. Бул академик Радлов тарабынан даярдалып чыгарылган он томдук эмгектин биринчи тому. Радлов анда жаш окумуштуу болгон, кийин орус түркологиясынын жаңы этабынын атасы болуп таанылды. Мага ал китептин эки томун АКШнын Индиана университетинен салып жиберишкен. Биринчи том алтайлыктарга, экинчи тому хакастарга арналган. Ал учурда хакастар деген аталыш жок эле, ошондуктан абакандык татарлар деп жазылган. Мен ушул китепти көрсөткөндө Айтматов абдан кызыгып окуп, байыркы кыргыз сөздөрүн тапканына кубанып: "бул биздин өзүбүздүн байыркы тилибиз турбайбы" деп айткандары эсимде.

Би-Би-Си: Алтай темасы жазуучунун "Ак кеме" повестинде да чагылдырылган эмеспи.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Айтматовдун Би-Би-Си архивинде калган үндөрү

Б. Бедюров: Мен акын, ал жазуучу эмеспи. Мен анын чыгармачылык лабораториясын ошондо көрдүм. Ал ойлонуп, уккан-билгенинин баарысын сиңирип алчу экен. Образдар анын оюнда, жүрөгүндө куюлуп жасалып, иштелип чыкчу экен. "Ак кемени" жазганда ал, албетте, билген бугу биз жакта болорун. Алтайда бугу өстүргөн совхозубуз бар болчу. Ошондой эле Ысык-Көлдүн Алтайдагы иниси Алтын-Көл дагы анын чыгармачылык кызыгуусун жараткан. Аны жалпы эле биздин тарых кызыктырган. Ал жазуучу катары эмне жазып жатканын күн мурун ачык айта берчү эмес. Переделкинодо өзүнүн атактуу "Кылым карытар бир күн" романынын үстүнөн иштеп жаткан кези эле. Мен кийин романды окуп чыкканда эле улуу жазуучунун биздин ортодогу сөздөрдү ой элегинен өткөрүп, окурманга чеберчилик менен сунуп жатканын байкадым. Прозаик баарын кайра ой элегинен өткөрүп, кайра үстүнөн иштеп, окурманга бүткөн түрдө жеткирип жатты. Тарыхый каармандарын окуп жатканда эле биздин бирге сейилдеп басып жүргөндөгү болгон сөздөрдү эстедим. Албетте, кийин деле биз сүйлөшүп жүрдүк. Бирок биз ар башка куракта, статустагы адамдар элек. Ошондуктан ойдогудай тез-тез жолугууга мүмкүнчүлүктөр аз болду. Кийин Айтматов Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы болуп калганда жазуучулардын биринчи эле отчеттук курултайына биздин үч бир тууган адабияттын - алтай, хакас жана тува элдеринин - өкүлдөрүн чакырды. Мен ошондо биздин жазуучулар уюмунун жетекчиси болуп иштеп калдым. Ага чейин биздин жазуучулар уюмдарынын ортосунда алака-катыш болгон эмес. Анткени алтайлык, тянь-шандык жана енисейлик кыргыздардын ортосунда эч кандай туугандык байланыш жок, бул ар башка элдер деген туура эмес көрсөтмө бар болчу. Мындай ойду керек болсо атайын таңуулашкан, муну азыр мен көп айтып, көп жазып жатам. Акыркы үч жүз жылдан бери топтолуп жыйылып калган жалган стереотиптерден бошонууга убакыт жетти. Кыргыздардын улуу тарыхы болгонун, принцибинде, окумуштуулар билет, бирок бул тарых тийиштүү түрдө түзүлүп чыга элек. Падышалык доордогу, советтик доордогу жаңылыш концепцияларды жоюш керек. Азыр мунун баарын изилдеп казып чыга турган өзүбүздүн окумуштууларыбыз пайда болду. Мурдакы окумуштуулар өздөрү жашаган доордун талабына жараша бизге чоочун көз менен карап келишкенин түшүнүшүбүз керек. Мисалы, Орхон-Енисей жазуусу дегенде биз анын кимге таандык болгонун айтууга батынбай жатпайбызбы. Европалыктар, немистер, финндер бул жактан өздөрүнүн тек тамырын издешип, өздөрү үчүн кандайдыр бир жаңы расаны ойлоп тапканга чейин барышты. Радлов даниялык окумуштуу Томсондун жардамы менен бул жазууларды чечмелеп окугандан кийин анын түрк тилинде жазылганы түшүнүктүү болду. А эгер тагыраак айтсак, ал байыркы кыргыз тилинде жазылганын айтышыбыз керек. Ошол убакта биздин элдердин жашоосу артта калган учур эле. Оңой менен ишенишкен жок. Чын эле ушул көчмөндөрдүн бизге чейин эле жазуусу болгонбу? Алар чын эле курагы байыркы Египет пирамидаларына теңдеш ушундай зор коргондорду салышканбы деген суроолор чыкпай койгон жок. Биздин улуу маданиятыбыз болгонуна ишенүү алар үчүн кыйын болду. 16-кылымдан баштап биз көчмөндөр деградация болуп, жакырлана баштадык да. Мына азыр 21-кылымда биз бул нерселердин баарын тууралап, орду-ордуна коюшубуз керек.

Тектеш темалар