Өтүп бараткан жыл фотографтардын көзү менен

Бир нече сүрөттүн жардамы менен өтүп барткан жылдын жыйынтыгын чыгарууга болобу? Дүйнөгө белгилүү Getty Images агенттигинин редактору Кен Майнардис кесиптештеринин эмгектеринен бир нече сүрөттөрдү тандап алды. Эмне үчүн ушул гана сүрөттөр 2017-жыл тууралуу айтып бере алат?

Америкалык теннисчи Аманда Анисимова Сүрөттүн автордук укугу Al Bello/ Getty Images
Image caption Америкалык теннисчи Аманда Анисимова өзүнүн мекендеши Тейлор Таунсендке каршы. Флоридада өткөн Miami Open турнири. Фотографтар үчүн жарыкты жана ракурсту кандай тандашы керектигинин мыкты мисалы. Бул сүрөттүн автору Ал Белло көп жылдан бери спорттук фотограф болуп иштейт. Албетте, мындай сүрөттү тартууга чоң тажрыйба керек.
Леонардо Ди Каприо, Эмма Стоун Сүрөттүн автордук укугу Christopher Polk/ Getty Images
Image caption Америкалык киноакадемиянын сыйлыгын тапшыруу салтанатында сахнанын артына кирүүгө үч гана сүрөтчүгө уруксат берилген. Кристофер Полк мына ушундан пайдаланып, Эмма Стоун сыйлык алгандан кийинки Леонардо Ди Каприо менен сахнанын артына өтүп бара жаткан учурду кармап калган. Бул жерде баары бар: сахна артындагы атмосфера, ретро-эстетика, 1950-жылдарды элестетип турган сүрөт.
Көзүнө жаш алган рохинджалык качкындар гуманитардык жардам алып келген унаага жабылууда. Сүрөттүн автордук укугу Kevin Frayer/ Getty Images
Image caption Бангладештеги Кокс-Базар. Көзүнө жаш алган рохинджалык качкындар гуманитардык жардам алып келген унаага жабылууда. Мындай сүрөттөрдү көрө берип таш боор болуп бүттүк. Бирок Кевин Фрейеранын бул сүрөтүндөгү негизги көңүл ортодогу тестиерге бурулган жана бул кырдаалдагы трагедиянын баары ушул аркылуу берилген. Кандай гана ата-эне болбосун жүрөгү канай турган сүрөт.
серфенг тээп баратып кулаган спортчу Сүрөттүн автордук укугу Ryan Pierse/ Getty Images
Image caption Фотограф Райан Пирс Сиднейдеги белгилүү Бонди-Бичте серфенг тээп баратып кулаган спортчуну сүрөткө тартып калган. Көрөрман толкундун күчүн сезет. Биздин тагдырыбыз каалаган учурда табигый кубулуштун колунда болуп каларынан эч ким күмөн санабайт.
Вирджиния штатындагы Шарлоттсвиллдеги ультра оңчулдар менен каршылаштарынын кагылышуусу. Сүрөттүн автордук укугу Chip Somodevilla/ Getty Images
Image caption Вирджиния штатындагы Шарлоттсвиллдеги ультра оңчулдар менен каршылаштарынын кагылышуусу. Кырдаал тынчсыздандыра турган абалда. Ушунчалык жакын келип сүрөткө тартуу менен Чип Сомодевийя башын тобокелге байлаган.
"Питтсбург Пингвинз" оюнчусу Патрик Хёрнквист "Нью-Жерси Девилз" командасынын дарбазачысы Кори Шнайдерге гол киргизип жатат. Сүрөттүн автордук укугу Bruce Bennett/ Getty Images
Image caption "Питтсбург Пингвинз" оюнчусу Патрик Хёрнквист "Нью-Жерси Девилз" командасынын дарбазачысы Кори Шнайдерге гол киргизип жатат. Бул эми көрүүчүлөр теле аркылуу көрүүгө мүмкүн болгон көз ирмем.
Ариана Гранде Сүрөттүн автордук укугу Kevin Mazur/ Getty Images
Image caption Манчестер шаарындагы терактын крумандыктарын эскерген кайрымдуулук концерти. Кевин Мазур концерт учурунда сахнадан тартууга уруксат берилген жалгыз фотограф. Ариана Гранда көзүнө жаш алып, көрүүчүлөрдөн жашыруу үчүн артына бурулган учур. Дал ушул ырчынын концерти учурунда теракт болгон эле. Көрүнүп тургандай фотографтардын баары сахнанын алды жагында. Жалгыз гана сүрөтчү сахнанын артынан тарткан учун бул көз ирмемди биз дагы көрүүгө мүмкүн болду.
турмушка чыгып жаткан Катти Маланг Микунуг курбулары менен селфи кылып жатат. Сүрөттүн автордук укугу Jes Aznar/ Getty Images
Image caption Филиппиндеги Марави шаарында турмушка чыгып жаткан Катти Маланг Микунуг курбулары менен селфи кылып жатат. Ушул жылдын май айынан баштап шаарды өздөрүн «Ислам мамлекети» экстремисттик топтун согушкерлери көзөмөлдөп турат. Сүрөттүн автору Жеса Азнаранын эмгегиндеги эки нерсе өзгөчө таасир берет. Биринчиси, композиция картинканын иллюзиясын түзөт. Экинчиден, жөнөкөй эле селфи бизден өтө эле ыраак сезилген, конфликтин чордонунда калган кишилерди бизге жакын жана алардын абалын бизге түшүнүктүү көрсөтүп турат.
Ок атышуу Лас-Вегас Сүрөттүн автордук укугу David Becker/ Getty Images
Image caption Дэвид Бекер Лас-Вегастагы музыка фестивалын чагылдыруу үчүн атайын жөнөтүлгөн. Ок атышуу башталган учурда ал өзүн колго алып, трагедияны сүрөткө тартып калган экен. Бул сүрөттүн күчү Дэвид окуянын очогунда болуп, ошону тартып алууга даап бара алган эрдиги.
Рианна Сүрөттүн автордук укугу Tristan Fewings/ Getty Images
Image caption Ырчы Рианна Канндагы кинофестивалдын ачылышына келген учур. Балким бул сыяктуу сүрөттөрдү жүздөгөн фотографтар тартып алгандыр. Тристан Фьювингс жерге төшөлгөн кызыл килемге төгүлгөн жарыкты пайдаланып тарткан бул сүрөт өзгөчөлөнүп турат.

Сүрөттөрдүн автордук укугу сакталган. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар