2018-жылы илимде кандай ачылыштар күтүлүүдө?

Космосту изилдөө тармагындагы жылыштардан тарта, мотордун оордуна ракета орнотулган "супер-унаа".

2018-жылы технология тармагында ири жылыштар күтүлүүдө. Би-Би-Си алардын эң кызыктууларын тандады.

Чыныга эл аралык космос

Сүрөттүн автордук укугу Akihiro Ikeshita / Jaxa
Image caption Japan's Hayabusa 2 will follow in the footsteps of its pioneering predecessor

2018-жылы бир нече мамлекеттин космостук кемелери мейкиндикти изилдөөгө киришет. Бул жагдай космосту изилдөө эл аралык болуп калганынан кабар берет. Эң биринчи болуп Индиянын "Чандраян-2" кемесе космоско учмакчы. Индия 2008-жылы айга болгон ийгиликтүү миссиясын улантууда.

"Чандраян-1" космостук кемесине салыштырмалуу Индиянын "Чандраян-2" кемеси айга барып конуп, айда жүрүүчү жабдыгынын жардамы менен изилдөө иштерин жүргүзмөкчү. Бул жабдыктарды мамлекеттин космос агенттиги иштеп чыккан. "Чандраян-2" кемеси март айында Андхра-Прадеш штатында космоско учуп, миссиясын баштайт.

Май айында болсо НАСА InSight космостук кемесин Марска учуруп, изилдөө иштерин баштайт. Бул кеме заманбап аспаптары менен "Кызыл планетанын" бетин казып, Марс кантип жаралганы тууралуу изилдөө иштерин жүргүзөт. Ошондой эле InSight Марстагы зилзалалардын добушун угуп, планетанын ички структурасындагы сырларды түшүндүрүүгө аракеттенет.

Сүрөттүн автордук укугу NASA
Image caption Nasa's Insight mission will look for "Marsquakes"

Июль айында Жапониянын космостук агенттигинин "Хаябуса-2" кемеси (162173) Рюгу астероидине жетет. Кеме астероиддин түзүлүшүн иликтөө үчүн анын таш үлгүлөрүн Жер планетасына жеткирмекчи. 2015-жылы "Хаябуса" кемеси Итокава астероидине жетип, дүйнөнү дүрбүткөн.

"Хаябуса" кемесинин миссиясында көптөгөн кыйынчылыктар болгонуна карабастан, кеме Жер планетасына кайтып келип, изилдөөгө астероид таштарынан ала келген.

Инженерлер бул окуядан кийин "Хаябуса-2" кемесин жаңыртып, ал Жерге көбүрөк таштарды алып келет деп үмүттөлүүдө. Ошондой эле "Хаябуса-2" кемеси Рюгу астероиддин бетине дагы алыстан башкарылчу чакан жабдыктарды жөнөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Жаңы 2018-жылы технология жаатында кандай жаңылыктар күтүлөт?

Жапониядан тышкары башка мамлекеттер дагы космостук кемелерин астероиддерди изилдөө үчүн жөнөтөт. 2016-жылы учурулган НАСАнын OSIRIS-REX кемеси 2018-жылдын август айында (101955) Бенну астероидине жетет деп күтүлүүдө. OSIRIS-REX кемеси дагы астероидден алынган таштарды изилдөө үчүн Жерге жеткирет.

Андан тышкары Европа жана Жапониянын космостук агенттиктери күндөн кийинки биринчи планета - Меркурийди бирге изилдөө үчүн миссиясын баштайт. BepiColombo миссиясынын мааксаты планета тууралуу маалыматтарды кеңейтүү. Буга чейин Меркурий планетасынан АКШнын Messenger аппараты жөнөткөн маалымат гана бар.

BepiColombo миссиясында бир ракета менен эки космостук кеме мейкиндикке учурулат. Бул кемелер планетанын картасын түзүп, анын магниттик талаасын карашат. Окумуштуулар Меркурийдин түзүлүшү эмне себептен темир экенин жана тышы жука таштан жаралганына жооп издешет.

Коммерциялык космостук жарыш

Сүрөттүн автордук укугу SpaceX
Image caption Elon Musk tweeted pictures of the Falcon Heavy under assembly

2018-жылы атактуу Илон Масктын жеке SpaceX компаниясы тарыхтагы эң кубаттуу Falcon Heavy ракетасын мейкиндикке учурат.

Декабрь айында Маск мырза "Твиттер" баракчасына Флорида штатындагы Кеннеди атындагы космостук борбордо эбегейсиз ракета куралып жатканын көрөстүү үчүн сүрөттөрдү жарыялаган. Тарыхтагы эң чоң ракета Falcon 9 ракетанын эки мотору жана бир борбордук мотор менен жабдыкталган.

Falcon Heavy ракетасы 70 метр бийиктикке жетет жана 57 тоннага тете салмакты мейкиндикке жеткире алат. Бул ракета коммерциялык космостук жарышта лидер катары сыпатталууда жана астронавттарды Жер планетасынын орбитасынан ары жеткирүүгө кубаты жетет.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Космостук таштандыга тор салчу аппарат

Жеке компаниялар Эл аралык космос станциясына дагы астронавттарды жеткирүү максатына быйыл жетиши ыктымал. Бирок айрым адистер жеке компаниялар бул максатка 2019-жылы гана жетет деген пикирде.

Учурдагы долбоорго ылайык, НАСА 2011-жылы АКШнын территориясынан космоско ракеталарды учуруусун токтоткондон кийин SpaceX менен Boeing компаниялары Кошмо Штаттарынан космоско ракета учура баштамак. 2011-жылдан бери АКШ астронавттарын Эл аралык космос станциясына жеткирүү үчүн Орусиянын "Союз" ракеталарын колдонуп келет. Бул кадамга АКШнын авиакосмостук тармагы нааразылыгын билдирген.

Сүрөттүн автордук укугу Boeing
Image caption Boeing's Starliner could eventually transport astronauts to the International Space Station

2018-жылы SpaceX менен Boeing компаниялары учуруу системаларын сыноодон өткөрүп, маалымат чогултуу үчүн ракеталарын астронавттары жок учуруп көрөт. Андан соң ракеталарын астронавттар менен космоско жөнөтмөкчү. Бирок ракеталар жана учуу системалар жаңы болгондуктан, бул долбоор убагында ишке ашпайт деген пикирлер да көп айтылууда.

Арийне сыноолор ийгиликтүү болсо АКШнын космостук агенттиги эки компаниянын системаларына сертификат беребиз деп билдирген. Демек, SpaceX жана Boeing астронавттарды Эл аралык космос странциясына жеткирүү укугун алышы ыктымал.

Бул жеке компаниялардын системалары менен бирге, НАСА дагы өзүнүн жаңы ракета системасын ишке киргизмекчи. Көп күтүлгөн жана кымбат "Орион" космостук кемеси туристтерди жер планетасынын төмөнкү орбитасына жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. "Орион" кемеси 2019-жылы сыноодон өтөт, баары ийгиликтүү болсо 2021-жылы астронавттар менен космоско учурулат.

Болушунча катуу ылдамдыкта

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Улуу Британиянын Bloodhound унаасы күзүндө эң ылдам жүрүп, дүйнөлүк рекордду жаңыртышы ыктымал. Буга чейин Bloodhound унаасы бир нече жолу кечигип, сыноо күзүндө болот деп жарыяланган.

Унаа Eurofighter Typhoon истребителинин моторун колдонот. 2017-жылы Bloodhound Ньюки-Корнуолл аэропортунда жай режиминде сыноодон өткөн. Жай режиминде дегенибиз саатына 320 чакырым ылдамдыкта жүргөнү.

Эмдиги сыноодо Bloodhound унаасы саатында 800 чакырым ылдамдыктан ашат деп күтүлүүдө. Сыноо октябрь айында Түштүк Африкада болот.

Бирок дүйнөлүк рекорд койгон унаа саатына 1,228 чакырым ылдамдыкта жүргөн. Демек, октябрь айында белгиленген сыноодо жаңы рекорд коюлбайт. Бирок бул сыноодон кийин маалымат чогултулуп, 2019-2020-жылдары Bloodhound унаасы рекордду жаңыртат деген үмүттөр айтылууда.

Bloodhound унаасынын толук кубаты колдонулганда, ал саатына 1,610 чакырымдын тегерегинде жүрөт деп маалымдалууда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар