Кыргызстандык балдар дүйнөнүн эң мыкты мектептеринде кантип окуй алат?

Германиядагы Роберт Бош мектеби Сүрөттүн автордук укугу www.uwcrobertboschcollege.de
Image caption Германиядагы Роберт Бош мектеби

Кыргызстанга биринчи жолу United World Colleges мектептерине эки орун берилди. United World Colleges же Дүйнөдөгү коллеждер биримдиги окуу жайлары 16 башка мамлекетте жайгашып, бул мектептерде дүйнө жүзү боюнча мыкты окуган балдар университетке даярдалат.

Атайын комитет 155 башка мамлекеттен эки жылдык программага окуучуларды алып кетет экен. Би-Би-Си комитеттин мүчөсү Сейитбек Усмановду маекке тартып, United World Colleges мектептеринин артыкчылыктары жана бул окуу жайларга өтүү сынагы тууралуу сурады.

Сейитбек Усманов: United World Colleges (UWC ) же Дүйнөлүк коллеждер биримдигинин 16 мамлекетте 17 мектеби бар. Бул мектептерде 10- 11-класстар эле бар. Алар International Baccalaureate (IB) деген программаны окутат. Бул университетке даярдаган эки жылдык программа. Ал өтө жогору бааланат. Бул программаны колдонгон мектептерди алдыңкы деп санашат. Себеби бул программаны ишке ашыруу абдан оор, жакшы мугалимдер жана окуучулар керек.

Сүрөттүн автордук укугу www.waterford.sz
Image caption Свазиленддеги орун 80 пайызга чейин каржыланат

UWC мектептери биринчи жолу 1962-жылы ачылган. Бул окуу жайларга атайын комитеттер 145 мамлекеттен окуучуларды тандап алышат. Кыргызстанда болсо комитет жок болчу. Эми ал жаңыдан түзүлдү.

Кыргызстанга эки орун берилди. Биринчи орун Свазиленддеги мектепке - окуу жай 1963 ачылган. Анда Нельсон Манделланын балдары окуган. Африка регионундагы көп кыйын инсандар окуган. Экинчи орун болсо Германиядагы Роберт Бош мектебинде. Ал жакында эле, 2014-жылы ачылган. Аны Роберт Боштун фонду каржылайт.

Свазиленддеги орун 80 пайызга чейин каржыланат. Ал эми Германиядагы мектеп толугу менен каржыланат. Буюрса эки татыктуу кыргызстандык баланы тандап, ушул мыкты мектептерде окусун деген ниет коюп жатабыз. Алар кийин мыкты жогорку окуу жайларга окуп, Кыргызстандын алдыңкы адамдары болсун деген үмүттөрүбүз бар.

Би-Би-Си: Комитет окуучу балдарды кандай критерийлер менен тандап алат?

Сейитбек Усманов: Эң жөнөкөй критерий менен баштайын. Окуучу UWC мектепке өтүп жатканда 16, 17 жашта болуп, мектептеги баалары жакшы болушу абзел. Окуучу Кыргызстандын жараны дагы болушу керек.

Сүрөттүн автордук укугу www.uwcrobertboschcollege.de
Image caption Германиядагы Роберт Бош мектеби 2014-жылы ачылган. Аны Роберт Боштун фонду каржылайт

Ошондой эле мектептен тышкары окуучунун коомдук ишмердиги каралат. Мисалы, жетим балдарга англис тилин үйрөтүү же короосундагы балдарды чогултуп селкинчектерди оңдогонго умтулуу. Биздин максат лидерлик сапаты бар, активист кыз-балдарды табуу. Себеби алар кийин дагы лидерлик аракеттерин улантат.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
"Дүйнө чабыт": Диний билим берүү

Би-Би-Си: Комитетке тапшырам деп келген балдардын англис тил деңгээли текшерилеби?

Сейитбек Усманов: Англис тилин сөзсүз билиши абзел. Себеби сабактар англис тилинде өтөт. Биз англис тил боюнча тест өткөрөбүз. Себеби IB деген программа абдан татаал. Бирок биз ар бир бала чоңоюп жаткан шартын канчалык колдонгонун дагы карайбыз. Эгерде окуучу кыйынчылыкта чоңоюп, балким ата-энесине жардам берип, бирок ага карабастан англис тилин жакшы деңгээлде билсе, биз ал балага артыкчылык беребиз. UWC мектептерине окуучу кандай шартта чоңойгону дагы абдан маанилүү.

Сүрөттүн автордук укугу www.waterford.sz
Image caption Свазиленддеги окуу жай 1963 ачылган. Анда Нельсон Манделланын балдары окуган

Би-Би-Си: UWC мектебинде окууну каалагандар кантип тапшыра алат?

Сейитбек Усманов: http://www.kg.uwc.or интернет баракчасы аркылуу тапшыра алат. Биз тапшырган окуучулар менен байланышабыз. Алыскы айылдардабы, кайсы жакта болбосун бизге тапшырсын. Буюрса эң мыкты эки окуучу сентябрь айында UWC мектебинде билим алса болот.