Арктикага жалгыз аттанган эр жүрөк айым

Жер шарынын эң четине жалгыз баруу үчүн эбегейсиз чоң даярдык жана күчтүү эрк керек.

Көп жылдар бою даярдангандан кийин деле Түндүк уюга барып, кыйынчылыктарга дуушар болгон саякатчылар арбын.

Рози Стансер белгилүү изилдөөчү жана саякатчы. Стансер - 2004-жылы Түштүк уюлга жалгыз жеткен биринчи аял.

"Уюлда изилдөө жүргүзгөн адамды элестетишкенде дароо бою узун, сакалы өскөн эркекти ойлошот. Мага окшош, мендей чыпыйган кишини эч ким элестетпейт. Бирок ал жерде жүргөндө кептин баары күч менен булчуңда эмес. Эң маанилүүсү - жүрөк менен баштагы күч", -дейт Стансер айым.

2007-жылы Рози Түндүк уюлга да жалгыз жетүүгө аракеттенген. Бирок үч күндөн кийин бутундагы бармактарын үшүтүп алган.

Рози айласы кеткенде бармактарын бычак менен кесип салууга мажбур болгон. 81 күн бою жол жүрүп, болжогон жерге 143 чакырым калганда, аба ырайынан улам артка кайтууга аргасыз болгон.

Арийне, Рози баары бир Түндүк уюлга жетем деп көгөрүп турат. Анын максаты орундалса, ал Түндүк уюлга жалгыз жеткен биринчи аял болуп калмакчы.

"Бул экспедициянын маанилүү башка жагы да бар. Себеби, бул биринчи эле эмес, акыркы да сапар болушу ыктымал. Түндүк уюлдагы муз эрип жатат. Ал бири нече жылдын ичинде жоголот деген пикирдемин. Демек, менин экспедициям Түндүк уюлга адам жалгыз барган акыркы саякат болуп калышы мүмкүн. Бир эле мен үчүн эмес, жалпы адамзат үчүн акыркы болушу ыктымал", -деди Рози Стансер.

Image caption Рози Стансер

Түндүк уюлга 1908-жылы алгач америкалыктар Фредерик Кук жеткен. 1977-жылы 17-августта «Арктика» муз жаргыч кемеси деңиз саякатынын тарыхында биринчи жолу Түндүк уюлга жеткен.

Түндүк уюлдагы орточо температура кышында −35, ал эми жайында жайында 0 градус.