2018-жылдагы суу астындагы эң мыкты сүрөттөр
1941-жылы Кызыл деңизде немис авиациясы тарабынан сууга чөктүрүлгөн британдык "Тистлегорм" (SS Thistlegorm) жүк ташуучу кемесинин ичинен тартылган сүрөт "Суу астындагы сүрөттөр" конкурсун жеңип алды.
Кемени тарткан немис фотосүрөтчүсү Тобиас Фридрих - сүрөттү Египеттеги Рас-Мохаммед улуттук паркы жайгашкан жээкте тарткан. Анда жүк тарткан кемедеги Norton 16H мото унааларды "балык-жоокерлер" курчап турат.
"Бул фотону тартуу идеясын көпкө ойлонуп жүрдүм. Бирок муну бир кадр менен тартуу мүмкүн эмес эле. Анткени кеменин ичинде жалпы кадрды тартып алууга орун жок эле. Мен сүрөттөрдүн сериясын тартып алып, панорамманы бириктирип чыктым",-деп түшүндүрөт Тобиас Фридрих.
Сүрөттүн булагы, Tobias Friedrich/UPY 2018
"Суу астындагы сүрөттөр - 2018" конкурсуна 5000 эмгек келип түшкөн. Конкурстун шарты боюнча 11 номинация ыйгарылат
Сүрөттүн булагы, Grant Thomas/UPY 2018
Грант Томас -суу астындагы эң мыкты сүрөттөрдү тарткан британдык сүрөтчү деп табылды. Эки Ак куунун сууга башын малып турган сүрөтүн ал шотландиялык Лох-Ломонд көлүндө тарткан.
"Ак куулар жемин издеп жүрүшкөн. Мага күтүүгө гана туура келди. Экөө катарлаш башын сууга малганды крамап калышым керек эле",-дейт Грант Томас.
Сүрөттүн булагы, ManBd UiDive/UPY 2018
Абдул Рахман Жамалудин тарткан сүрөт.
Сүрөттүн булагы, Tony Stephenson/UPY 2018
Лестерлик Тони Стивенсондун эмгеги.
Сүрөттүн булагы, Greg Lecoeur/UPY 2018
Бүкүр кит суудан чыгышы керек болсо, алды менен өйдө бир топко кыймылсыз турат. Грэг Лекёр мына ушул ирмемди сүрөткө тартып алган
Сүрөттүн булагы, SHANE GROSS/UPY 2018
Шейн Гросс бул сүрөттү деңиз аттары көп кездешкен көлмөдөн тартып алган.
Сүрөттүн булагы, Fan Ping/UPY 2018
Акулаларды изилдеп жүргөн белгилүү Кристина Зенато Кариб деңизинде. Чейрек кылымдан бери ал акулаларды иликтеп жүрүп, деңиз жырткычтарынын жүрүм-турумун жакшылап өздөштүрүүгө жетишкен. Ошондуктан алар менен жакын сүзө алат. Фотограф Фан Пинг тартып алган сүрөт.
Сүрөттүн булагы, Songda Cai/UPY 2018
Шакек сыяктуу ийлип, фотокамераны карап турган балык. Сонгда Цай тарткан сүрөт.
Сүрөттүн булагы, Scott Gutsy Tuason/UPY 2018
Шотландиялык сүрөтчү Гатси Туасондун медузанын ортосуна кыпчылып алган балыкты тарткан сүрөтү. Керектүү ракурсту кармап калуу үчүн 20 ирет тарткан.
Сүрөттүн булагы, Filippo Borghi/UPY 2018
Филиппо Борги бул сүрөттү тартыш үчүн эки күн эрте мененки саат 5 тен 8ге чейин аңдып олтурган. Идзу жарым аралы, Жапония.
Сүрөттүн булагы, Tanya Houppermans/UPY 2018
Таня Гупперманс тарткан акуланын жана миңдеген майда балыктардын сүрөтү.
Сүрөттүн булагы, Simone Matucci/UPY 2018
Киттер Хаапай аралынан сүзүп өтүп бара жаткан учурда Симон Матуччи дагы ошол жерде болуп калган. "Бул менин өмүрүмдөгү күбө болгон өтө көркөмдүү көрүнүш болду" дейт Матуччи.
Сүрөттүн булагы, Mike Korostelev/UPY 2018
Куриль аймагынан тартылган Михаил Коростелёвдун сүрөтү. Аюу балык уулап жаткан учурунда тартылган сүрөт.
Сүрөттүн булагы, Borut Furlan/UPY 2018
Кубада тартылган бул сүрөттө Борут Фурлан крокодилдердин сууга чагылуусун берген.
.