Шах жана мат: Армения шахмат боюнча күчтүү өлкөгө кантип айланды?

  • Эмма Левайндля
  • Би-би-си

2011-жылдан тарта Арменияда алты жаштан сегиз жашка чейинки балдар милдеттүү түрдө шахмат үйрөткөн мектептерге барышат. Шахмат сабактарына корогон убакыт кээ учурда өзүн-өзү актады десе болот.

Мени алдап тузакка түшүрүштү, жол таба албай калдым. Королдун качканга жери калбады, пил болсо бул жолу аны куткарууга дармансыз эле. "Шах, анан мат!" деп кыйкырды менин атаандашым 11 жаштагы Микаэл.

Мен таң калган деле жокмун. Анткени мындан бир нече күн мурун Микаэл өлкөдөгү шахмат секциялары ортосундагы мелдештин чемпиону болгон. Анан калса бул наамды биринчи жолу утпаганы көрүнүп турат. Ал беш жашынан тартып шахмат ойнойт.

"Мен чоң атам менен атамдан үйрөндүм, анан дагы ар аптада мектепте шахмат сабагы бар",-деп айтып берди Микаэл.

Анын каармандарынын бири - Левон Аронян. 35 жаштагы бул оюнчу Армениядагы жүздөгөн гроссмейтерлердин бири болчу. Жакында эле ал дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлгөн. Аронян супер жылдыз жана улуттук баатыр катары өлкөдөгү эң таанымал киши.

Мына, Микаэлдин апасы Нара мага сыймыктануу менен уулунун утуп алган кубокторун, медалдарын көрсөтүп жатат.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Би-би-си кабарчысын Микаэл болгону сегиз минутада утуп алды.

"Микаэл дүйнө чемпиону болушту каалайт. Техникасын такшалтуу үчүн эл аралык оюндарды такай көрөт. Биз ага эч кандай кысым көрсөтпөйбүз. Ал эмнеге кызыкса, ошону менен алектенүүдө. Бул абдан маанилүү".

Өлкө ичиндеги дагы, эл аралык дагы мелдештерге Нара уулу менен бирге барат.

"Эми мен аны ута албай калдым",-деди капалуу жүзү менен агасы Хачатур.

Жаш шахматчылар арасында Микаэлдин рейтинги тездик менен жогорулап баратат. Эки-үч жылда дүйнөдөгү эң жаш гроссмейстерлердин бири болушу мүмкүн.

2011-жылы Армения шахматты милдетүү түрдө мектеп программасына киргизген биринчи өлкө болуп калды. Башка жаш жылдыздар менен таанышуу үчүн Еревандагы Тигран Петросян атындагы шахмат үйүнө сапар алдым.

Ереван - байыркы шаар. Римден 28 жашка улуу. Бирок байыркынын издери калган эмес. Ереван азыр чоң курулуштун учурун башынан кечирүүдө. Каякка барба курлуштун ызы-чуусун угасың. Соңку жылдары өкмөт тарыхый имараттарды сактоону көңүл сыртында калтырып жаткандай. Анын ордуна тегерек четтин баарында масштабдуу курулуш иштери жүрүүдө.

Машруттук унаадан Айлампа бульварынан түштүм. Бул жерде тыптынч. Улгайып калган кишилер шахмат ойноп олтурат.

Алардын жандай өтүп шахмат үйүн көздөй бет алдым. Мектептин экинчи кабатында узун кеткен үстөлдүн эки тарабында 200дөй бала бет маңдай олтуруп, бири-бири менен шахмат ойноп жатат. Балдардын баары оюнга берилип алган, жүздөрү олуттуу. Кадимки профессионалдар сыяктуу ар бир жүрүшүн кагазга белгилеп олтурушат. Бул жердеги бир партия эки саатка созулушу мүмкүн. Кээде он жаштагы Давит ката кетирип алганда, бышактаган ый угулат.

Тарбиячылардын бири Мария энелик мээрим менен аны сооротуп, "Кантсе дагы булар балдар эмеспи",-деп жылмайды.

Биринчи кабатында ата-энелери балдарын күтүп олтурушат. Кире бериште Тигран Петросяндын айкели коюлган. Ал 1963-1969-жылдар аралыгында дүйнөнүн чемпиону болгон.

Арменияда топ жарып чыккан шахмат чеберлери мурдатан эле бар.

"Бирок Тиграндын жеңиши чыныгы революция болду", -дейт Арменя шахмат академиясынын президенти Смбат Лпутян.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Биринчи кабатында ата-энелери балдарын күтүп олтурушат.

"1991-жылы эгемендик алгандан бери биз таң калтыра турган өнүгүүгө жеттик", -дейт ал. Үч миллиондон ашуун калкы бар Армения дүйнөгө эң мыкты шахмат чеберлеринин саны боюнча мактана алат.

Лпутян өлкөнүн президенти Серж Саргсяндын колдоосу менен мектеп программасына шахматты киргизүүгө жетишти.

Бул эмне үчүн керек? Так себебин айтып бере аласызбы?-деп сурадым андан.

"Шахматтагы эң маанилүү нерсе - чынчылдык. Тестиер балдар таза жана чынчыл оюнду үйрөнүшөт. Бул алардын жүрүм-турумуна таасир этет. Бала бир жүрүштү жасардан алдын ар дайым кырдаалды баалап, стратегиялык чечимдерди кабыл алат. Тыныгуу жасайт. Менимче, ушунун баары коомго жалпысынан чоң пайдасын тийгизет".

Бүгүнкү күндө армян мектептеринде 3 миңдей кесипкөй шахматчылар сабак берет. Алар өжөрлүк менен кийинки жаш муундарга шахматты үйрөтүп, Арменияны шахматтын падышасы катары тааныта алышты. (AbA)