"Бриллианттан көбүрөк кошкула": 20 эле киши сыйланган "Жеңиш" ордени

Орден "Победа"

Сүрөттүн булагы, Public domain

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

"Жеңиш" ордени

Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы СССРдеги эң жогорку сыйлык - "Жеңиш" ордени менен 20 киши сыйланган. Анын ичине Брежневди кошкондо. Бирок бул кишиден кийин орденди кайра алып коюшкан. Ошондо орден берилген 17 эле кишинин ысымы бар. Анткени Георгий Жуков, Александр Василевский жана Иосиф Сталин эки жолудан сыйланышкан экен.

Аларга биринчи сыйлык 1944-жылдын 10-августунда Одесса бошотулган күнү ыйгарылат. Сыйлык тапшыруу боюнча салтанаттуу жыйын болгон эмес.

Согуштан кийин "Жеңиш" ордени фронттун командачылыгын жетектеген маршалдар: Константин Рокоссовский, Иван Конев, Родион Малиновский, Федор Толбухин, Леонид Говоров, Семен Тимошенко, Кирилл Мерецков жана армиянын генералы Алексей Антоновго ыйгарылган.

Мындан сырткары "Жеңиш" орденине Дуайт Эйзенхауэр, Бернард Монтгомери, Иосип Броз Тито, Польша армиясынын башкы кол башчысы Михал Роля-Жимерский жана румын королу Михай I ээ болгон. Соңку ысымы аталган сыйлык ээси армияны башкарга эмес, бирок өлкөсүн антигитлердик коалицияга кошкон саясый чечими үчүн сыйлыкка татыган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

"Жеңиш" орденинин үч кавалери : Георгий Жуков, Бернард Монтгомери, Константин Рокоссовский (Берлин, 1945-жыл,13-июнь)

2017-жылы 96 жашында оо дүйнө кеткен Михай "Жеңиш" орденин алгандардын акыркысы болуп калды.

Сталиндин өмүрүнүн соңку жылдарында Титону СССРде "бандит" деп аташканына карабастан, ал эми Роля-Жимерский 1953-1955-жылдары саясый айып менен Польшанын түрмөсүндө отурганына карабастан сыйлыктан ажыратышкан эмес.

Азыркы учурда Орусияда "Жеңиш" ордени жок.

"Жеңиш" ордени тууралуу жарлык 1943-жылы чыккан. Сталинге 15 эскизди көрсөтүшкөндө, арасынан тандап алып: "бриллианттан көбүрөк кошкула" деген экен.

Ар бир орденге 47 грамм платина жана жалпы өлчөмү 16 карат болгон 174 бриллиант кошулган. Жалпысы болуп 22 экземпляр гана жасалган. Алардын үчөө эч кимге ыйгарылган эмес. Леонид Брежнев мурда маршал Говоровго таандык болгон орденди алган экен. (Каза тапкандан кийин "Жеңиш" ордени мамлекетке кайтарылууга тийиш болгон).

Эйзенхауэрдин орденин америкалык зергерлер карап көрүп, бриллианттары эле ошол учурдагы 18 миң долларга барабар деп баалашкан.

Эл аралык эски антиквариат базарында бул орден жок. Эгерде мындай уникалдуу раритет сатыкка чыгып калса, кеминде 10 миллион долларга баалант эле дешет адистер. Советтер Союзунун баатыры жылдызы мындан миң эсе арзан.

Советтик жарандарга ыйгарылган "Жеңиш" орденинин баары Кремлде же Куралдуу күчтөрдүн борбордук музейинде сакталуу. Ал эми чет элдиктерге тапшырылган ордендер ошол өлкөнүн музейинде сакталып турат.

Бир гана Михай I алган ордендин тагдыры белгисиз. Анткени ал 1947-жылы өз өлкөсүнөн куулуп чыгып, Швейцарияга качып өткөн. Аңыз кептерге караганда мурдагы король эмиграцияда жүрүп, акчага абдан муктаж болуп орденин сатып жиберген деп айтылат. Ал жеңиштин 60 жылдыгына карата Москвага келген учурда көкүрөгүндө "Жеңиш" ордени болгон эмес. Владимир Путинге жолуккан учурда дагы анысы көрүнгөн жок.

Атак-даңкты жакшы көргөн Брежнев

Советтик лидер Леонид Брежневге аскердик эң жогорку сыйлык - "Жеңиш" ордени ыйгарылган. Бул сыйлык Советтик армиянын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгы алдында берилген.

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images

Сыйлыктын ээси СССР Жогорку Кеңешинин президиумунун төрагасы эле. Ал эми сыйлык ыйгаруу боюнча буйрукка анын биринчи орун басары Василий Кузнецов кол койгон.

Брежнев совет тарыхындагы тынч мезгилде "Жеңиш" орденин алган жана кийин андан ажыратылган жападан жалгыз адам болду.

СССРди 1964-1982-жылдары жетектеп турган бул лидердин теориялык билими, стратегиялык кенен ой жүгүртүүсү өтө кең болбогону айтылып жүрөт. Бирок ал күтүлбөгөн саясый тактикаларды жасаган жана кишилердин психологиясын мыкты билген.

"Кайда барбасын бирөөнүн жардамына муктаж карыя элдин эсинде. Ал болсо таланттуу жетекчи болгону талашсыз",-дейт анын сүйлөгөн сөздөрүн жазып берип жүргөн катчыларынын бири, кийин Москванын мэри болуп турган профессор Гавриил Попов.

Жылдар өтүп Брежневдин артыкчылыктары кемчиликке айланды: ырайымдуулугу - көңүл коштукка, шайдоот жүргөнү -манчыркап, менсинүүгө.

Анын ушундай мүнөзүнөн улам тегерегиндегилер ага кошмат кылып, айга-күнгө теңеп баштаган. Тарыхчы Леонид Млечиндин пикиринде, тегерегиндегилер мүнөзүн билип туруп, атайын эле ушундай керт башына сыйынган мамилени жасашкан. Бул өзүнүн жыргалылчылыгы үчүн жашай берсин, бизге тоскоол болбосун дегени эле.

Партиянын чоң жыйындарындагы докладдарда: "Коммунисттик партиянын жана анын лениндик Борбордук комитетинин" деген сөздөргө улай эле "жана жеке жолдош Леонид Ильич Брежневге" деп айтуу кадимки көрүнүшкө айланаган.

Баш катчы өзү жазбаган мемуарларды жарыкка чыгарган, ал тургай аны улуу жазуучу деп атап, адабият боюнча Ленин сыйлыгын ыйгарышканда да каршы болгон эмес.

Брежневдин советтик жана чет өлкөлөрдөн алган 117 ордени болгон. Анын ичинде Советтер союзунун жана Социалисттик Эмгектин баатыры деген алтын жылдыздуу беш ордени бар эле. Мына ушул жагдай дагы тарыхтагы жападан жалгыз окуя.

1976-жылы өзүнө маршал наамын ыйгарып, 18-армиядагы кызматташтары менен жолугушууга жаңы мундирде келип: "Мына, эмгегим сиңген экен" деп, өзүнө ыраазы болуу менен айткан тура, жарыктык. Мындан эки жылдан кийин ага "Жеңиш" орденинин тапшырылышы көптөрдүн оозун ачырган.

Ошол учурда саясый бюронун мүчөлөрүн мааракелик датада алтын жылдыз менен сыйлоо кеңири жайылган адатка айланганын көптөр жакшы билет. Ал эми маршалдык наам боюнча кеп кылсак, Брежнев ошол кезде СССРдин Коргоо кеңешинин төрагасы болуп турган жана эгерде эле согуш чыгып кетсе, жогорку кол башчынын милдетин өзүнө алмак. Ошондуктан түпкүлүгүндө анын бул даражага акысы бар эле.

Бирок орден маселесине келсек, абал такыр башкача.

Орденди ыйгаруу боюнча жободо:

"Аскердик эң жогорку сыйлык болгон "Жеңиш" ордени менен бир же бир нече фронттордо масштабдуу аскердик операцияларды ийгиликтүү жүргүзүп, андан чоң пайда алып келип, кырдаалды өзгөрткөн Кызыл Армиянын жогорку командачылыгынын курамындагылар сыйланат",-деп жазылган.

Мына ушул негиз менен гана сыйлык тапшырылган. Башка жагдайлар каралган эмес.

Брежнев согушта армиянын саясый бөлүмүнүн жетекчиси кызматында иштеп, согуштун аягында генерал-майор наамын алган. (Болгону 1945-жылы июнда 4-Украин фронтунун саясый башкармалыгынын жетекчилигине көтөрүлгөн).

Орден ыйгаруу туралуу чечимди негиздеш үчүн кийин буйруктун текстине бир аз өзгөртүү киргизишкен: "Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңишке кошкон зор салымы үчүн" дегенге "тышкы саясатты ыраттуу ишке ашырганы жана тынч мезгилде өлкөнүн өнүгүшүн ишенимдүү камсыздаганы үчүн" деген кыстарманы тиркешкен. Ошондо башкы катчы жок эле согуштун жеңүүчүсү катары сыйлангандай болуп калды.

Көп өтпөй эле бул тууралуу анекдот чыкты: Сталин Ставкадагы жыйында маршал Жуковдун, Василевскийдин, Рокоссовскийдин жүйөсүн угуп: "Болуптур, биз сүйлөштүк. Ал эми полковник Брежневдин пикири кандай?" деген экен.

1989-жылдын 21-декабарында СССР Жогорку Кеңешинин төрагасы Михаил Горбачев "ордендин статусуна туура келбегендиги үчүн" Брежневге берилген сыйлыкты жокко чыгаруу боюнча жарылыкка кол койгон.

2000-жылы 9-майда Орусиянын президенти Владимир Путин "Жеңиш" орденин алгандардын ысымы жазылган Кремлдеги мемориалдык тактаны ачкан. Алардын катарында Брежнев жок эле. (AbA)