Тарых: Көп балдардын өмүрүн сактап калган уникалдуу сүрөттөр

Нью-Йоркто өткөн аукциондо документалдык сүрөттөрдүн чебери Льюис Хайндын архивдеги 24 сүрөтү сатылды. Бул сүрөттөр анын белгилүү коллекциясынын бир бөлүгү эле.

Жылуулук электростанциясындагы механик. 1921-жыл. Бул сейрек учураган сүрөт аукциондо 80 миң долларга сатылды.

Сүрөттүн булагы, COURTESY OF SWANN AUCTIONS GALLERIES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жылуулук электростанциясындагы механик. 1921-жыл. Бул сейрек учураган сүрөт аукциондо 80 миң долларга сатылды.

Америкалык фотограф жана социолог Льюис Хайн ХХ кылымдагы сүрөтчү-документалисттердин эң белгилүүсү. Ал учурда фотожурналистика деген терминдин өзү жок болгон. Хайн тарткан сүрөттөрүн "тарых" деп атаган экен.

Сүрөт жана анын коштогон тексттер менен өзүнүн идеясын жактап, өзгөчө ошол учурдагы Американын социалдык мамилелериндеги анализди берүүгө аракет кылган.

Сүрөттүн булагы, Courtesy of Swann Auction Galleries

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ист-Сайддагы аптап. Нью-Йорк, 1908-жыл.

Сүрөттүн булагы, Courtesy of Swann Auction Galleries

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кызын бооруна басып олтурган эне. Эллис аралы, 1907-жыл.

Бул сүрөттөр Хайндын чыгармачылык жылдарынын баарын камтыйт. Белгилүү фотосериясында Нью-Йоркто, Питтсбургда жана Каролинадагы жакыр жана басынган кишилердин абалын чагылдырган.

1904-жылы Эллис аралына келген мигранттар тууралуу тарткан сүрөттөрү тарыхта калды. Анын сүрөттөрү дайыма көтөргөн жүгү, таасирдүүлүгү менен айырмаланып турчу. Айталы, ал сүрөттөрүндө такай жакыр кишилердин тагдырын берген.

Нью-Йорктун тургундарына маасалык миграцияны адамдык өңүттөн тааныштырууга күч үрөгөн. Анткени жергиликтүү тургундардын мигранттарга мамилеси тескери болуп, аларга кооптонуп карашкан.

Сүрөттүн булагы, COURTESY OF SWANN AUCTIONS GALLERIESs

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Эмпайр-Стейт деген бийик имараттын курулушу. 1930-31-жылдар.

Сүрөттүн булагы, COURTESY OF SWANN AUCTIONS GALLERIESs

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Италиялык мигранттын бүлөсү Эллис аралында. 1905-жыл.

Сүрөттүн булагы, Courtesy of Swann Auction Galleries

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ист-Сайддагы фабрикадагы түшкү тамак учурундагы тыныгуу. Нью-Йорк, 1912-жыл.

Сүрөттүн булагы, Courtesy of Swann Auction Galleries

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мигрант орус аял. Эллис аралы, 1907-жыл.

Хайн сүрөткө тартып жаткан кишилеринен ар качан уруксат сурап, анан тарткан.

Анын белгилүү сүрөттөрүнүн бири - көп кабаттуу Эмпайр-Стейт имаратын куруп жаткан курулушчулар.

Сүрөттүн булагы, Courtesy of Swann Auction Galleries

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Эмпайр-Стейтте иштеп жаткан курулушчулардын бири. 1930-31-жылдар.

1908-жылы Хайн Балдар эмгеги боюнча улуттук комитеттин сүрөтчүсү болуп иштеп калат. Ал балдардын эмгегин пайдаланып жаткан фабрика, завод жана өнөрканаларда болуп, сүрөттөрдү тартат.

Сүрөттүн булагы, Courtesy of Swann Auction Galleries

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Каролинадагы текстиль фабрикасында балдардын эмгеги кеңири колдонулган. 1908-жыл.

Сүрөттүн булагы, Courtesy of Swann Auction Galleries

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Пенсильваниядагы көмүр ишканасында иштеп жаткан балдар. 1912-жыл.

Сүрөттүн булагы, Courtesy of Swann Auction Galleries

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жасалма гүлдөрдү чыгарган өнөрканада. Нью-Йорк, 1912-жыл

Анын сүрөттөрү балдарды эксплуатациялоого каршы чыгууга түрткү берген. Балдардын оор эмгекке тарткан жумуш берүүчүлөр болсо аны жек көрүшкөн. "Өлтүрүп кетебиз" деп коркуткандар дагы болгон.

Хайндын фотоочерктери АКШда балдарды оор эмгекке тартууга каршы мыйзамдардын кабыл алышына негиз болуп калды. Ошондой эле анын сүрөттөрүнөн ХХ кылымдын башында миграция агымы менен келип, оор шарттарда иштеген жумушчулардын жашоосун көрүүгө болот. (AbA)

Cүрөттөр Swann Auction Galleries тарабынан сунушталган.