"Дарак ыры" - табияттын муңканган күүсү

Кыргызстанда "Дарак ыры" деп аталган киномюзикл тартылып, жакында кино театрларга чыгат деп күтүлүп жатат. "Дарак ыры" мюзиклинин сценарийнин автору жана режиссеру Айбек Дайырбеков тасма тууралуу Би-би-си менен ой бөлүштү.

"Дарак ыры" Сүрөттүн автордук укугу Айбек Дайырбеков

Эмне үчүн "Дарак ыры"?

"Дарак ыры" деп атаганыбыздын себеби, сюжеттеги курч окуялар эки атаандаштын тегерегине топтолгон. Жаш кыздын жүрөгүн багындыруу үчүн эки жигиттин катуу күрөшөт. Окуя курчуп олтуруп, акыры соңу айылдагы жалгыз дарактын кыйылышына алып келет. Албетте, бул окуяны комедия же курч окуялуу жанрда бере албайт элек. Күчтүү эмоция көкүрөктөгү ырды жаратат. Биз жөн эле саламдашкан же сүйлөшкөн учурда обон созбойбуз го. Бул ортодо айтарга сөз калбай, жандүйнө кыйналганда, буулукканда, күйгөндө ыр чыгат...

"Дарак ыры" Сүрөттүн автордук укугу Айбек Дайырбеков

Кино курч окуяга негизделгендиктен мюзиклди тандап алдык. Мюзиклдин дагы түрү бар, кээ бирлеринде башынан аягына чейин ырдашат, айрымдарында жалаң ыр же рок-опера. Мен өзүмө эң жакканын тандап алдым. Биздин кинодо ырдачу жерден ырдалат, сүйлөчү жерден сүйлөнөт. Бул кыргыз элине да жакын деп ойлойм. Ыйык даракты кыйып кетишкенде ,табияттын муңканганын музыка менен бердик.

"Дарак ыры" Сүрөттүн автордук укугу Айбек Дайырбеков

Жети жыл көкүрөктө кайнаган идея

Бул кино көп жылдар менин көкүрөгүмдө кайнаган. Киного мен бала кезден угуп жүргөн эки окуяны киргиздим: кочкорлук Назар бийдин окуясы. Экинчиси, бабаларымдын окуясы. Алардын эл үчүн жанын бергенге даяр экени көрсөтүлөт. Негизи бул кино 2016-жылы эле тартканга даярдалган. Убакыт-сааты эми чыгыптыр. Мен окуу жайды бүткөндөн баштап эле кыска метраждуу тасмаларды тартып жүрдүм. Беш кыска метраждуу кином эл аралык сыйлыктарга татыды.

"Дарак ыры" Сүрөттүн автордук укугу Айбек Дайырбеков

2009-жылдан баштап Казакстанда иштеп калдым. Ал жерде алты сериал тартып келдим. Экөөсүн кыргыз телеканалдары кыргызчалап көрсөттү. Сериал тартып иштегениме эч өкүнбөйм. Бюджети 3,5 миллион долларлык долбоорду асманга сапырган болбойт деп, Орусияда иштеп жүргөн продюсерлерди чакырып, алар бизге көптү үйрөттү.

"Дарак ыры" Сүрөттүн автордук укугу Айбек Дайырбеков

Сериалды кинодой кылып тартуу абдан кыйын экен, мүмкүн дагы эмес. Экөө такыр эки башка нерсе. Кино менен сериалдын айырмачылыгын билип, түшүнүп алгандан кийин өтө жеңил болот экен. Эсептеп көрсөм беш жарым миң эпизоддон ашык сцена тартыпмын. Мунун баары мюзикл тартууга жардам берди. Мюзиклди коркпой тартуумдун дагы бир себеби, буга чейин көп видео клиптерди тарткам, ритмди жакшы түшүнүп калгам. Бул алган тажрыйбаларымды кошуп, "Дарак ырын" шашпай, кырааты менен тарттык.

"Дарак ыры" Сүрөттүн автордук укугу Айбек Дайырбеков

Төп келген "ырчы" каармандар

Жанрыбыз мюзикл болгондуктан актер тандоо абдан кыйын болду. Бизге ырдай билген каармандар керек болчу. Ырдай албаган актердун ырдамыш болуп роль аткарганы чынында кыйын. Жөн гана ырдап, роль ойнобостон, физикалык жактан дагы даяр, күчтүү жигиттер тандалмак. Анткени сюжет боюнча улак тартыш, ат чабыш, күрөш өнөрүн көрсөткөн эпизоддор бар. Мюзиклдин тартылыш стили өтө көп экен. Биз 2017-жылы жылдызы жанган "Ла-Ла-Ленд" мюзиклине окшоштуруп тарттык.

"Дарак ыры" Сүрөттүн автордук укугу Айбек Дайырбеков

Тасмага сарпталган каражат

Акыркы жолу декабрь айында үндү жаздырып жатканыбызда бюджетибиз 250 миң доллардан ашкан эле. Дагы канча кетерин азырынча айта албайм. Акыркы күндөрү дагы саундтректер жазылып, ага клиптер тартылып жатат, үндөр оңдолуп жатат.

.

Тектеш темалар