Кош бойлуу аялдын ашыкча салмакта болуусу канчалык зыян?
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Кош бойлуу аялдын ашыкча салмакта болуусу канчалык зыян?

Британияда Y деп аталган муун тарыхтагы эң толук муун болуп калат деп эскертет эксперттер. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ашыкча салмак Греция, Испания, Австрия жана Чехиянын алдындагы көйгөй болуп калат деп эскерткен. Ашыкча салмакта болуунун аялдар үчүн дагы бир олуттуу зыяндарынын бири кесарево жолу аркылуу төрөө кесепети болуп эсептелет.

Операция жолу менен төрөө соңку жылдары Кыргызстанда да кеңири жайылганы айтылууда. Айрым учурда мунун себебин дарыгерлер кыймылдын аздыгы, туура эмес тамактануу менен байланыштырып келет. Би-Би-Си акушер-гинеколог Айнагүл Айтбаева жана эки баланын энеси Мээрим Мырзаканованы маекке тартып, алгач дарыгер Айтбаевадан ашыкча салмактуулук көйгөйү тууралуу сурады.