Тукум курут болуп бараткан aк илбирстин жагдайы

  • Айбек Абдылдаев
  • Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Ак илбирсти коргоонун эл аралык күнү белгиленип жатат. Кыргызстанда бул датага байланыштуу ак илбирсти коргоо боюнча декада өтүүдө. Өкмөт бул иш-чаралар октябрь соңуна чейин улана турганын айтты.

Видеонун түшүндүрмөсү,

Ала-Тоодо ак илбирстер корголот

Ак илбирсти коргоонун эл аралык күнү мындан беш жыл мурун Бишкекте өткөн форумда кабыл алынган. Ошондон тарта ак илбирс байырлаган он эки өлкө бул датаны белгилеп келе жатат.

Бул жолу ак илбирсти коргоо күнүнө карата маалыматтык өнөктүк жүрөт. ПРООНдун ак илбирстерди коргоо боюнча Кыргызстандагы атайын долбоорунун өкүлчүлүгү өлкө аймагында үч жүзгө жакын ак илбирс бар экенин кабарлаган.

Өткөн жылы Кыргызстан ак илбирстерди сактап калуу, алар байырлаган аймактарды чыңдоо максаты менен эл аралык форум өттү.

ПРООНдун атайын долбоорунун алкагында Кыргызстандагы эки ири коруктар - "Алатай» жана «Кан-Ачуу" 2020-жылга чейин ак илбирстер байырлаганга ылайыкталышы керек. Бул жаратылыш коруктары ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк 20 ландшафттын тизмесине киргизилген.

Кыргызстандагы ак илбирске байланышкан абал

Кыргыз баласы илгертен ак илбирсти ыйык санап, аяр мамиле кылып келген. Бирок турмушунда, айталы, бардар, бийлиги бар кишилер сөөлөт күтүп, илбирстин терисинен ичик, тебетей кийген, бири-бирине ушундай тартуу берген учурлары боло келген. Совет мезгилинде зоопарктар үчүн ак илбирсти Кыргызстандан алдырып кеткен мисалдар болгон. Азыр эми мамиле өзгөрүп, ак илбирсти коргоо чакырыктары катуу айтыла баштады. Маселен, быйылкы жылы ак илбирске аңчылык кылган бир дагы учур катталган эмес.

Сүрөттүн булагы, Mohammad Osama/WWF-Pakistan

Өлкөдөгү жаратылышты коргоочулар мурда-кийин анчейин маани берилбей келген бул маселеге өкмөттүк мамиле жакшырды деп мүнөздөп жатышат.

"2010-жылга чейин ак илбриске аңчылык кылгандарга салынган айып пулдун көлөмү абдан аз болчу. Кайтаруу иштерине да жакшы көңүл бурулчу эмес. Азыр акчасын да көбөйтүп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзамдарды алып чыгып жатышат. Өлкөдө он жаратылыш коругу болсо, ошонун баарынан ак илбирстерди кездештирдик. Саны боюнча айырмасы бар, эң көп Сары-Чат-Ээр-Таш коругунда азыркы учурда 22 ак илбирс бар деп санап жатышат. Ал эми Нарын коругунда 20нын тегерегинде деген маалыматтар бар. Ысык-Көл облусунда дагы жаңы «Хан-Теңири» коругу ачылды. Жаңы ачылып жатканда эле бир ак илбирсти көрдүк",-дейт Улуттук илимдер академиясынын биологиялык жер кыртышы институтунун башкы илимий кызматкери, биолог Аскар Давлетбаков.

Кыргызстандагы ак илбирстердин так саны боюнча маалымат жок. Болжолу 300дөн 500гө чейин деп айтылып жүрөт. Соңку жылдарда ак илбирстерди иликтөө иштери жанданган. "Пантера" деп аталган жапайы жаратылышты сактоо жана илимий изилдөөлөрдү өткөрүү максатында иш алып барган фонд сүрөт капкандарды коюп, илбирстердин моюнуна каргы тагып, спутник аркылуу алар байырлаган аймактардын аянтын, жан багуу айласы кандай экенин иликтеп жатат.

"Кыргызстандан беш ак илбирстин моюнуна каргы тактык. Тажикстанда аңчылар кармап алган ак илбирсти ал өлкөнүн коопсуздук кызматы колго түшүрүп, бизге кабарлап, анан биз ага дагы каргы тактык. Спутник аркылуу алар байырлаган жердин аянттарын байкоого алып жатабыз. Тажикстандагы ак илбирстин байырлаган аянты чоң экен, ал Ооганстан аймагына чейин кирип-чыгып турат. Ал эми биздеги ак илбирстер коруктун айланасынан чыккан жок. Бул аркылуу биз алар байырлаган аймакты изилдеп жатабыз. Экинчиден бири-бири менен байланыштарын иликтенүүдө. Канчалык бийик жерлерде жүрөт? Ак илбирстер эмне жандыктарды жеп жатканын алар калтырган калдыктар аркылуу иликтөө алынууда",-деди аталган фонддун өкүлү Рахим Куленбеков.

Изилдөөчүнүн айтымында, Кыргызстандагы ак илбирстер көбүнесе тоо текелер менен азыктанып, кар оор түшкөн мезгилде төмөн көздөй түшүп аркар-кулжага аңчылык кылышат. Маселен, былтыры кар оор түшүп, ак илбирстер төмөн көздөй жылышкан.

"Кыргызстан жаратылышты сактоодо жана аны өнүктүрүүдө инновациялык технологияларды колдонуп жатат. Маселен, ак илбирсти көбөйтүүгө жакшы шарт түзүүгө умтулууда",-деп баалады Кыргызстандагы аракеттерди Жаратылышты коргоо боюнча дүйнөлүк фонддун жетекчиси Марко Ламбертини.

Кыргызстанда ак илбирстер саны көбөйүп жатабы?

Ак илбирстер жер шарынан тукуму кыскарып, жоголуп бараткан жапайы жаныбарлардын бири. Алар деңиз деңгээлинен 1000 метрден 5400 метр бийиктиктеги Гималай жана Тибеттин бийик-аска-зоолорун байырлашат.

Видеонун түшүндүрмөсү,

Видео: Тоо башындагы ак илбирстер

Кыргызстандагы ак илбирстер 3 миң метрден кем эмес бийик жерлерди байырлайт дейт иликтөөчүлөр.

Так саны белгисиз болгону менен көзгө көп урунуп жатканын эске алганда алардын саны мурдагыдай көбөйдү деп айтса болот, деди иликтөөчү Аскар Давлетбаков.

"1996-жылдары алгач ирет иликтеп баштаган учурда, айталы адам буту баспаган Жагалмай жакта бир ай издеп жүрүп бир эле изди көргөмүн. Азыр эми ак илбирс бар деп айтылган кайсыл тоого барба кышындасы сөзсүз изин көрөсүн. Эгерде саны көбөйбөсө биз издерди көрбөйт элек да".

Азыркы күндөрдө алардын көбөйүшүнө толук шарттар түзүлүп калганын айткан "Пантера" фондунун өкүлү Рахим, биз азыр мурунку маалыматтар менен эле сүйлөп жатабыз жаңы жагдайларда өзгөрүү болушу мүмкүн деп болжоп жатат.

"Ак илбирс жей турган жандыктар саны көбөйдү. Бул деген тамагы кенен, корукта жүрөт, бүт шарттар түзүлгөн. Демек, бул алардын санын өстүрүүгө сөзсүз таасир этиши керек".

Дүйнөдөгү абалы кандай?

Дүйнөдөгү 12 өлкөнүн аймагында - Ооганстан, Кытай, Индия, Казакстан, Монголия, Непал, Пакистан, Орусия, Тажикстан, Ɵзбекстан , Кыргызстанда ак илбирс байырлайт.

Сүрөттүн булагы, Mohammad Osama/WWF-Pakistan

Дүйнө жүзү боюнча төрт миңден алты миңге чейин ак илбирстер бар экени айтылып жүрөт. Соңку иликтөөлөргө караганда 2008-жылдан бери дүйнө жүзүндө 221ден 450гө чейинки ак илбирстер адамдын колу менен өлтүрүлгөн.

Браконьерчиликтин 90 пайызы беш өлкөгө таандык - Кытай, Монголия, Пакистан, Индия жана Тажикстан.

Ушул жылдын башында Кытайдын Тибет аймагынан тартылган ак илбирс менен бул тукумдагы башка жер шартына ылайыкташып жашаган кабыландар аралашып жүргөнү чагылдырган сүрөт жана тасма жартылыш коргоочулары катуу тынчсыздандырды.

Климат жылуу болуп, негизинен төмөнүрөөк аймактардагы токойлуу жерлерди байырлаган кабыландар бийик тоолорго чыгып ак илбирс менен бир аймакта байырлап калуусунан иликтөөчүлөр кооптонуп жатышат.

Январдагы Непалда өткөн ак илбирстер боюнча жыйында так ушул маселе каралган эле.

Кабыландар глобалдык жылуулуктан улам жогору карай жылып, Азиянын айрым бийик тоолуу аймактарын ээлеп баратышат. Мындай абалдан улам ак илбирстер байырлаган аймактар кыскарып, жан багууда атаандаштык жаралып, алардын тукуму кыскарып, жок болуп кетүү коркунучу пайда болду.

Күмөн жараткан жагдайлар

Өткөн жылы Бишкектеги форумда жаратылышты коргоочулар, эксперттер ак илбирс жок болуп кетүү коркунучунда турганын айтышса, кээ бирөөлөрү мындан күмөнсүнгөн пикирин ортого салган.

Эксперттер ортосундагы мындай талаш ак илбирстин эртеңки күнүнө байланышкан китеп чыккандан кийин күчөдү. Ал китепте ак илбирстердин саны оптимисттик көз караш менен бааланып, 7,4 миңден 8 миңге чейин деп көрсөтүлгөн.

Бул сандардын өзү эле Эл аралык жаратылышты коргоочулардын бирикмесинин Кызыл китебиндеги шарттар боюнча аны автоматтык түрдө тукум курут болуп бараткан жаныбарлардын тобунан, аялуу жаныбарлардын тобуна өткөрүп салат.

Бирок окумуштуулар бул сандарга жана иликтөө методологиясына күмөнсүп жатышат.

Бир жагынан алганда, ак илбирстин аялуу жаныбарлардын тобунда болуп калганы аны сактоого, коргоо чараларына бөлүнүп жаткан өкмөттүк, эл аралык каржылык жардамдарды кыскартышы мүмкүн.

Экинчи жагынан эгерде эле алардын саны көбөйүп жатканы анык болсо муну жаратылышты коргоочулардын иш-аракетинин жыйынтыгы катары кабыл алсак болот. (AbA)