А.Монуев: Кыргызда аттуу-баштуулардын мемуар жазып калтырганы болбоду

Би-Би-Синин "Насыйкат" адабий түрмөгүндө белгилүү журналист, бир нече публицистикалык эмгектердин автору Абдувахаб Монуев.

Айбек Абдылдаев: Сиз менен дүйнөдө кеңири жайылган саясый бейне түзүү деген жанр тууралуу сөз кылалы. Бул жерде ХХ кылымдагы британ тарыхындагы эң белгилүү саясый ишмер Уинстон Черчиллдин саясый бейнеси тууралуу мисалды айта кетсек ашыкча болбос. Бүт дүйнөдө эң көп окулган эмгектер эмеспи. Албетте, так мына ушул жанрда Кыргызстанда жарык көргөн деле эмгектер саны арбын. Бирок бизде субьективдүү пикирлер үстөмдүк кылып кетет деген кине айтыла калып жүрөт. Сиздин пикирди уксак?

Абдувахаб Монуев: Саясий бейне түзүү жанры тууралуу кеп кылганда, анын советтик мезгилде калыптанып, жашап кетиши кыйын эле. Анткени ал учурда эркин ойлонуп, эркин жазууга чек коюлуп, коом, анын ичинде адабият, тарых илими дагы компартиянын гана бир жактуу багыттагы көрсөтмөсү менен жашап келбедиби. Ал эми эгемен жылдардан кийинки 30 жылга жакын убакыттагы демократиялык мезгилди алсак, ооба, саясий бейне түзүү боюнча толгон-токой эмгектер жарык көрдү, жана да жарыкка чыгып жатат. Мисалы, борбор шаарыбыздагы "Нуска" китеп дүкөнүнө баш баксаңыз, "баланча баатыр, түкүнчө ишмердин өмүр таржымалы" деген, түрдүү жасалгаланган, чон-кичине китептерден баш адашат. А бирок, алардын мазмуну менен маңызына келе турган болсок, көбү аталган жанрга туура келбеген, жөн эле жөө жомок болуп калат. Ачыгын айтканда, саясий бейнелерди ачуу, дегеле, жалпы саясий адабият, саясий публицистика туундуларын жаратуу боюнча бизде даярдык жок болуп чыкты. Ошондуктан, көптөгөгөн тарыхый исандардын реалдуу саясый бейнеси алигүнчө ачыла элек.

Айбек Абдылдаев: Эгемен жылдардан кийин көптөгөн кыргыздын чыгаан уул-кыздары туралуу тарыхый иликтөөлөр, документалдык баяндардын ичинде сиздин "Генерал Ысакбек " деген китебиңиз окурмандарга сунушталды. Сиз генерал Монуевдин саясый бейнесин тартып бере алдым деп айта аласызбы?

Абдувахаб Монуев: Бир жактуулук жана үстүртөн баалоо деген кемчиликтерден арылууга аракет кылдым. Ал эмгекте калыс жана факты менен берүүгө басым жасалды. Генерал Ысакбек Монуевдин ишмердүүлүгү башка өлкөнүн аймагында өткөндүктөн жана көп фактылар азырга чейин жашыруун сакталып тургандыктан, маалыматтарды толук ачууга мүмкүн болгон жок. Ошондуктан генерал Ысакбек Монуевдин саясий-адамдык бейнесин толук ача алдым деп айта албайм. Буюрса, алыдыда бул жаатта дагы жасай турган иштер бар.

Айбек Абдылдаев: Кыргызстандагы биографиялык иликтөөлөрдө жаманын жашырып, жакшысын ашырып дегендей мамиле үстөмдүк кылбайбы?

Абдувахаб Монуев: Сөз башында айтпадыкпы, бүт эле ушундай мамиле, субьективдүүлүк үстөмдүк кылат. Кыргызчылык деген менен болбойт го, муну калысыздык, интелектуалдык артта калуунун кээри дейбизби? Бизде ушундай жөрөлгө орун алып келе жатат. Саясий бейне дегенде, башкасын айтпайын мына, алды 15 жыл, арты 5-6 жыл мамлекетти башкарган президенттердин саясий бейнесин түзө алдыкпы? Жок. Албетте, алдыдагы жылдарда дагы түзө аларыбыздан күмөнүм бар. Анткени так калыс, чынчыл, терең, саясий талдоого алган, коомго чыныгы жүзүн көрсөтө турган эмгектерди жаратууга кыргыз калемгерлеринин дарамети чектелүү көрүнөт.

Айбек Абдылдаев: Соңку жылдары Кыргызстанда жоон топ саясатчылар өздөрү аралашкан окуялар тууралуу китептерин чыгарышты. Айрымдары чуулуу болду дегендей. Бирок түпкүлүгүндө кыргыздын көп аттуу-баштуу кишилери мурда мемуар жазганга маани беришкен эмес экен. Мемуар - тарыхый окуялардын түздөн түз күбөсүнүн көзү менен жазылат. Албетте, бул жерде субьективдүүлүк сөзсүз бар. Бирок ошондой болсо дагы кайсыл бир окуя тууралуу фактыларды илип алууга, ал инсандын ошол кырдаалдагы ой-жүгүртүүлөрүн, аракеттерин баалоо үчүн мемуар өтө маанилүү эмеспи.

Абдувахаб Монуев: Жабык мамлекет эсептелген, сөз эркиндигине уруксат берилбеген советтик доордо деле канчалаган аскер башчыларынын, керек болсо учактарды ойлоп чыккан конструкторлордун мемураларын тамшанып окуп жүрбөдүкпү. Мемуар - дүйнөдө окурмандар абдан кызыгып окуган жанр. Бирок, кыргыз кыртышында бул жанр өнүккөн жок. Бул жерде бир нерсени баса белгилеп кетким келет, Кыргызстанда мамлекеттүүлүктүн формасы пайда болгон советтик бийликтин алгачкы жылдарында - өткөн кылымдын 20-30-жылдарында кыргыздын улуу инсаны деп коркпой айтууга татыктуу Жусуп Абдрахмановдун жазган күндөлүгү бар. Мемуар эмес, күндөлүк гана. Бирок аны ошол кырчылдашкан татаал доордун реалдуу жүзүн ачкан чоң саясий-интелектуалдык эмгек деп айтууга болот. Тилекке каршы, андан башка бизде колго алаар олуттуу саясий эмгек же мемуар жок. Кийинки эле жарым кылымдагы аттуу-баштуу, мамлекет башында жүргөн кишилерди алсак, өз көзү менен көргөндөрүн эскерип, мемуар жазгандары жокко эссе. Болсо дагы кайсыл бир жемелерге жооп иретинде, актануу максатында жазылгандай таасир калтыргандары бар. Сиз айткандай, кийинки учурда көп саясатчылар жарыша китептерин чыгарды. Барактай келсең, көбүндө эле ошол эле, актануу, каралоо. Чыныгы мемуар деп айтууга болбойт. Буга эмне себеп? Артыңда жакшы мемуар жазып калтырыш үчүн чынчылдык керек окшойт. Ошондуктан азырынча кыргыз үчүн баалуу боло турган меумарлар колго тийе элек.

Тектеш темалар