Мамлекеттик тарых музейинин жаңы директору: Мумия сөөк да эмес, арбак да эмес, жөн эле экспонат

мумия Сүрөттүн автордук укугу Social Media

Кыргызстандын Маданият министрлиги тарыхый-маданий мурастар бүлүнүп жатканын эскертип, аларды сактоо боюнча мыйзамдардын аткарылышын катуу көзөмөлгө алууга чакырды.

Соңку жылдары өлкө аймагынан табылган баалуу тарыхый буюм-тайымдар жашыруун сатылышы, тарыхый жайлардын бүлүнүп жатканы тууралуу маселе такай көтөрүлүп келүүдө.

Тарыхый-маданий эстеликтер демекчи, жарым жыл мурун Баткенде көмүлгөн Кыргызстандагы жалгыз мумия дале талкуудан түшө элек.

Би-Би-Си Мамлекеттик тарых музейинин директору Кеңешбек Алмакүчүковго кайрылып, бул маселени чечүүнүн кандай жолун көрүп турасыз деп сурады.

К. Алмакүчүков: Бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Эки күн мурун Жогорку Кеңеште парламенттик угуу болду. Анда маданият министри да ой-пикирин айтты. Негизи музей мумияны кайра кабыл алганга даяр. Бирок ал мумияны жалпы экспозицияга чыгарбай эле, жер төлөдөн атайын бункерге койсок болот. Мумия бул музей фонду боюнча мыйзамдарга ылайык жөн эле экспонат. Ал жөн эле буюм. Сөөк да эмес, арбак да эмес. Бул экспонат. Ал экспонат болгон соң түбөлүк сактоо деген эрежеге дал келет. Ошондуктан ал мумияны качан музейге кайтарып берет деп олтурабыз.

Сүрөттүн автордук укугу Social Media
Image caption Мамлекттик тарых музейинин жаңы директору Кеңешбек Алмакүчүков

Би-Би-Си: Буга чейин министр С. Жумагулов бул ишти парламенттик комиссия карап жатат, жакында чечим кабыл алат деп өзү жазды эле. Андан бери да бир топ убакыт өттү. Ага улай интернетте ар кандай талкуулар жүрүп, парламент мумияны казып алуу же калтыруу чечимин министирлик өзү кабыл алмай болду деген пикирлер чыкты. Сиз тактап айтсаңыз, азыр бул ишти министирлик чечеби же парламенттик комиссиябы?

К. Алмакүчүков: Бул иш саясатка аралашып кетпедиби. Чындап келгенде мен бул боюнча так айта албай турам. Себеби мен бул ишке жаңыдан кириштим. Парламенттик угууда биздин министрилик тарабынан айтылган сунуштарга таянып маалымат берип жатам.

Би-Би-Си: Мумия көмүлдү дегенде жергиликтүү эле эмес, чет элдик бир топ окумуштуулар да муну таң калуу менен кабыл алганын билебиз. Алар да муну абдан терең изилдөө керектигин билдирип чыккан учурлар болду эле. Эгер мумияны кайрадан музейге алып келсе, изилдейбиз деген чет элдик окумуштуулар чыкса сиздер кызматташасыздарбы же ага уруксат берилбейби?

К. Алмакүчүков: Эсиңиздерде болсо керек, ушунча жылдан бери изилденбей келген немени кереги жок дегендер болгон. Чынын айтканда каражат тартыш болуп жатат. Гентикалык деңгээлде изилдөөлөрдү жүргүзгөнгө кыйын болуп жатат. Буга чоң каражат керек. Учурда чет өлкөлүк бир илимий институт кызыкдар экенин билдирди. Алар баардык чыгымдарды моюнуна алганга даяр экен. Эгерде биз мумияны кайрадан казып алып келе турган болсок, алар генетикалык экспертиза өткөрүүгө даяр. Ошонун аркасы менен биз тарыхыбызга тиешелүү көп маалыматтарды алабыз.

Би-Би-Си: Археолог Кубатбек Тааблдиев, мумия чуусун уккан чет өлкөлүк бир топ археолог, изилдөөчүлөр кат жазып жатат деди эле. Алар мумия кайрадан казылса каражатын бөлүүгө, изилдөөгө даяр экенин айтып чыккан. Жакын арада тарыхчы, окумуштуулар менен бул боюнча жыйын, талкуу өткөрүү планыңыздарда барбы?

К. Алмакүчүков: Азыр биз музейдин ачылыш аземине камданып жатабыз. Андан соң сөзсүз бул маселени көтөрөбүз. Музей - биз аткаруучу органбыз да, эгер мумияны бизге кайтарып берсе кабыл алабыз. Андай болбосо эмне кыла алабыз? Бизде башка мүмкүнчүлүк жок да.