Батыш-Орусия алакасына Кыргызстан эмнеге оюн айтыш керек?
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Батыш-Орусия алакасына Кыргызстан эмнеге оюн айтыш керек?

Өткөн аптада АКШ Орусиянын 60 дипломатын чыгаргандан кийин Орусия да жооп кылды. Москвадагы АКШ элчилигинен жана Санкт-Петербурдагы консулдуктан биригип 60 америкалык дипломатты персона нон-грата деп жарыялады. Алар 5-апрелде чыгып кетиш керек.

Ал тапта Батыш менен Орусиянын мамилесинин чыңалуусуна дипломат, "Легендарлуу парламенттин" Медеткан Шеримкулов тынчсыздануусун билдирди. Биз аны маекке тартып, бул боюнча Кыргызстан эмне үчүн позициясын жарыялаш керек деп сурадык.