Зинакан Пасаңова: акчага тап муунга, акыл үйрөткөн чыгарма сунба

  • Айбек Абдылдаев
  • Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Би-Би-Синин "Насыйкат" адабий түрмөгүндө белгилүү жазуучу жана акын Зинакан Пасаңова.

Окурмандар Зинакан Пасаңованы «Аял сыры» (1998), «Кут түшкөн түндөр» (2006), «Беш жыл» (2008) «Жамгыр тоодон башталат» (2001), «Сыркеч жамгыр» (2011) деген китептери аркылуу жакшы билет.

Айбек Абдылдаев: Аялдар темасын кенен жазып жүрөсүз, үй-бүлөдөгү, коомдогу аялдын орду, аялдар тарткан түйшүк, аялдардын түйшөлткөн санаа, түркүн тагдырлар тууралуу. Кайсыл бир акындын "Аял деген - от боюна байлануу" деген сабын окуп, таасирленгеним бар. Адабияттагы жазуучу, акын аялдардын мүшкүлү эмнеде?

Зинакан Пасаңова: Кыргыз турмушунда аялдар көбүрөөк коломтого, очокко байланат. Убакыт таап чыгарма жазып, анан ага каражат таап китеп чыгаруу бул - өзүнчө түмөн түйшүк. Ооба, кыздар поэзиясынын кыргыз адабиятында өзгөчө орду бар. Бирок адабий чөйрөдө аял жазуучунун макамы төмөнүрөөк баланат деп айта алам. Көкүрөктө кайнап турса, жазбай кое албайсың. Менин каармандарым бүт аялдар. Турмушта аялдардын түрдүү тагдырларын угам. Анткени менин чыгармаларымды окугандан кийин, көп аялдар "менин тагдырымды жазыптырсыз" деп, ички бугун чыгара сүйлөшкүсү келишет. Эч качан убактым жок деп айтпайм. Ар бирин астейдил угам. Аларды карап туруп, аял кыйналуу, азап тартуу үчүн жаралганбы деп да ойлоп кетесиң. Аялдар тууралуу жазганым менен менин окурмандарымдын көбү эркектер. Мисалы, "Сен эмген эмчек" деп, наристе баланы эмчектен чыгарып жаткандагы эненин, баланын психологиялык абалын чагылдырган чыгарма боюнча эң көп пикир айткан эркектер болду. Ошондо таң калгамын.

Айбек Абдылдаев: Сиздин чыгармалар аялдарга эргүү береби, дем береби? Эмнеси менен таасирдүү?

Зинакан Пасаңова: Аялдар менин чыгармамдан өздөрүнүн ички дүйнөсүнө окшоштук таба алса, анда таасирин тийгизгени ошол го. Кимдир бирөө жеңилдеп калат, чын эле адашкан абалынан жол табар балким. Жогоруда белгилеп өткөндөй, чыгармадан өздөрүн көрүп, мага кайрылгандары көп. Демек, турмушта алардын кандайдыр бир чечимдерди кабыл алуусуна чыгармаларым аркылуу тааасир эте алдым деп айта алам.

Айбек Абдылдаев: Азыр кара жанды багуу айласы көбүрөөк кишилерди түйшөлтөт. Чыгарган китепти дүкөндөн эле баса калып, талап кеткен окурман жок. Сата алса, сатты, сатпаса анысы да түйшүк. Чыгармачыл кишилер муну кантип жашап жатат. Ушундай учурда кантип өзүңө эргүү тапса болот?

Зинакан Пасаңова: Негизи чыгармачыл чөйрө совет мезгилиндеги мамлекеттик камкордукту көрүп калдык да, көнгөнбүз дегендей. 90-жылдардан кийин бардык тармакта терең депрессия болду. Татаал доор кишилерди чыйралтып, курчутту. Өзүнчө жаңы темалар ачылды. Шыгың болсо, табиятыңан ошого жөндөмүң болсо жаза берет экенсиң. Ырас, китептерди окурмандарга жеткире албай калдык. Бирок интернеттин кеңири жайылышы - адабиятка жаңы доорду алып келди. Окурмандар дагы табитине жараша, тандап, өзүнө керектүүлөрдү окуп калганы да жакшы көрүнүш.

Айбек Абдылдаев: Учурунда жаңы китептерди, жазуучу-акындардын чыгармачыл дараметин талдап, баа берип турган адабий сынчылар бар эле. Азыр эми бул мектеп бир аз аксап калгансыды. Сын-пикирдин айтылбаганы жакшы бекен?

Зинакан Пасаңова: Сын укпаган жазуучулардын муунуна кирип калдык. Бир дагы чыгармам тууралуу сын укпадым. Албетте, мындай жагдай жакшы эмес. Өсүү, алдыга умтулуу болуш үчүн сын керек.

Айбек Абдылдаев: Ар бир доордун акындар ырдап, жазуучулар жазып өткөн темасы болот экен. Сиз үчүн азыркы биздин доордун темасы эмне?

Зинакан Пасаңова: Азыркы адамдын кимдигин ачып берүү. Доор алмашкандагы өзгөрүүлөр. Анткени биздин чыгармалардагы сезим, жан дүйнө, идеалдуу каармандар азыркы муундагыларга өтпөйт. Айталы, жакында "Акча шаркыратмасы" деп, театрдын коммерцияга айланып кетиши боюнча баяндаган чыгарма жаздым. Бирок бир жакшы таанышым окуп чыгып айтып жатпайбы: "Сиз совет доорундагы көз караш менен жазып коюптурсуз. Азыр акча балуу болуп жатса, аны жек көргөзгөнгө аракет кылыпсыз. Ошон үчүн муну азыркылар окубайт" деп.

Айбек Абдылдаев: Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарынан бери дүйнөдө болуп көрбөгөндөй миграциялык кризис болуп жатат. Кыргызстан дагы мындан сыртта калган жок. Балким азыркы доордун каармандары - мигранттар болуп жүрбөсүн?

Зинакан Пасаңова: Албетте, кыргыз турмушунда бул чоң темага айланды. Бирок жазуучулар өзүбүз миграцияны баштан өткөрбөсөк, миграция темасын ачып бере албайбыз. Балким, алдыда бул тема чыны менен эле доордун темасын айланып, чыгармалар жазылат.