Графен - жаңы "супер-материал"

Манчестер университетинин окумуштуулары графен материалын изилдеп Нобель сыйлыгын алган.

Графен келечекте көп колдонулчу жаңы материал. Ага телекоммуникация тармагынан тарта чөнтөк телефон, телевизор, бут кийим чыгарган компаниялар кызыгууда.

Бирок графен негизинен технология жабдыктарында колдонулмакчы. Материал алмаздан бекем болот, электр энергияны жезден мыкты өткөрөт, резинадан ийилчек жана абдан ичке болгондуктан көзгө көрүнбөйт.

Сүрөттүн автордук укугу INOV-8
Image caption Графенден жасалган резина сыноодон өтүп жатат

Британ окумуштуулары графенди 15 жылдан бери изилдеп келишет.

Курамындагы көмүртектер абдан тыгыз байлангандыктан, графен темирден 200 эсе бекем болот.

Окумуштуулар графендин бекемдигинен тышкары, анын башка артыкчылыктарына да кызыгууда.

Целлофан аркылуу электр энергиясы өтпөйт, бирок ага жука катмар графен кошулганда, желим аркылуу электр энергиясы жүгүрүп калат.

Графен абдан бекем жана электрди мыкты өткөрө алат. Демек, аны жаңы муундагы чакан жабдыктарда колдонсо болот.

Графендин жардамы менен жука, көлөмү кичинекей телефон же компьютер чыгарса да мүмкүн.

Ал эле эмес графенди каалагандай ийип, бүктөсө да болот. Ал бекем болгондуктан, жабдык сынбайт. Экиге бүктөгөндө да электр энергиясы материал аркылуу жүгүрө берет.

Графендин ийкемдүүлүгүн эске алып, келечекте бүктөлгөн телефон жаратуу пландары бар.

Арийне, жогорку сапаттагы графенди чыгаруу абдан кымбат. Бирок бул маселе чечилсе, графен технология жаатында революция жаратмакчы.

Тектеш темалар