Ооганстанда улак чабышка түшкөн кыргыз аттары

Жалпы көчмөн элдерине мүнөздүү болгон улак тартыш оюнун Ооганстандагы этникалык өзбектер да чабышат. Жакында эле Ооганстан улак тартышты улуттук оюндар тизмесине да киргизген.

Ооганстандын түндүгүн байырлаган өзбектер өлкөдөгү этникалык топтордун ичинен саны боюнча төртүнчү орунда турат. Негизинен айыл чарбасы менен алектенишкени менен мал кармагандары да бар.

Кызыгы, улак тарткан өзбектер жарамдуу аттарды кыргыздардан сатып алышат экен дейт Би-Би-Си кабарчысы Фазел Ахмад Ялгуз.

"Улак тартыш ата-бабларыбыздан бери келе жаткан салт. Ал атадан-балага өтүп келген. Улак тартыштын өзүнчө бир ырахаты бар. Ага батып кетсең чыга албайсың. Биздин аттар улак тартышка жарабайт, ошондуктан биз кыргыздардан ат алабыз",-деп айтып берген ага оогандык теги өзбек улакчы Забухиллах Бекзод.

Анын айтмында, аттардын көбүн Борбор Азиядан, анын ичинде Кыргызстандын сатып алышат экен. Бирок аттарды каерден, кантип алып келишерин айткан эмес.

"5-6 асый аттарды Кыргызстандан алып келебиз. Аларда жакшы аттар көп. Бирок баасы өтө кымбат. Жыйырма миң долларды чамалайт. Жакшылары отуз миң долларга чейин. 10 миң долларлык аттар деле бар. Жылдан жылга баасы өсүп турат".

Ооганстандагы улак тартыш Кыргызстандагыдай массалык мүнөзгө ээ эмес.

Кыргызстанда улак тартыш "аламан" деп аталып массалык түрдө ойнолот. Көбүнесе мындай "аламанда" торпокту союп (ичеги-кардын алып, туз салынып) чабышат. Салмагы 60-100кг чейин. Айрым жерлерде 30-40 кг теке чабылат. Ал эми эрежеге салынганы "Көк бөрү" деп аталат. Көк бөрү оюну Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине катталган.