Кош бойлуу аялдар эки эсе көп тамак-аш жеши керекпи?

Туура тамактануу боюнда бар аялдарга өтө манилүү экени калетсиз. Бирок кош бойлуу аялдар эки эсе көп тамактанышы зарылбы?

Жок, кош бойлуу аялдар эки эсе көп тамак-ашка муктаж эмес. Аялдар кошумча тамак жебесе деле курсактагы бала чоңоё берет.

"Биз кош бойлуу аялдарга эки эсе көп тамактанбагыла деген кеңеш беребиз. Кош бойлуу аял күнүнө 200 калория кошумча тамактанса жетиштүү. 200 калорий - эки үзүм нан", -деди акушер-гинеколог Алисон Врайт.

Кош бойлуу аялдардын туура тамактануусу абдан маанилүү. Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ашыкча салмак келечекте чоң көйгөй болуп калат деп эскерткен. Ашыкча салмакта болуунун аялдар үчүн дагы бир олуттуу зыяндарынын бири кесарево жолу аркылуу төрөө кесепети болуп эсептелет.

"Тескерисинче боюнда бар келиндер салмак кошпогонго аракеттениши керек. Ашыкча салмак төрөт учурунда маселе жаратышы мүмкүн", - деди акушер-гинеколог Алисон Врайт.

Сүрөттүн автордук укугу Science Photo Library

Туура тамактанган кош бойлуу аялдар кошумча витаминге дагы муктаж болбойт.

"Бирок кош бойлууларга эң керектүү витамин - фоли кычкылы тамак-аш аркылуу алуу абдан оор. Демек, келиндер боюна бүтөөрдөн мурун фоли кычкылын витамин катары ичип турушу да маанилүү. Муну кош бойлуулар 13 аптага чейин ичип турса болот. Себеби түйүлдүк чоңоюп жаткандагы эң алгачкы айлар өтө маанилүү", -деди акушер-гинеколог Алисон Врайт.

Фоли кычкылынын химиялык түзүлүшүндө нейрологиялык өнүгүүгө жардам берген витаминдер бар. Ал аркылуу баланын мээси өнүгөт.

"Соңку изилдөөлөргө ылайык, фоли кычкылын колдонбогон аялдардын балдарынын гидроцефалия жана омуртка мүчүлүштүгүнө кабылуу коркунучу жогорулайт. Демек, келиндер боюна бүтөөрдөн мурун фоли кычкылын ичиши керек", -деди акушер-гинеколог Алисон Врайт.

Кыргызстандык адистердин айтымында, ымыркайлардын өлүмүнүн себептеринин башында анемия турат. Саламаттыкты сактоо министринин маалыматына ылайык, анемия өлкөдө кеңири тарап, 57 пайызды түзөт. Фоли кычкылынын жетишсиздиги анемия же аз кандуулукту өөрчүтөт.