Инновация: такыр жерди гүлдөтүү

Emirati man standing in the desert sun
Image caption Чөлдө дыйканчылык менен алектенгендер үч эсе көп суу колдонушат

Файсал Мухаммед ал-Шиммари дүйнөдөгү эң катаал жерде айыл чарба менен алектенет. Ал Биррикен Араб Эмирлигинде температура 50 градуска жеткен чөлдө жашылча-жемиш өстүрөт.

"Дыйканчылык кылуу кымбатка эле турат, сугатка көп суу сарпталат, аны сатып алабыз", -дейт Файсал.

Бул аймактагы дыйкандар үч эсе көп суу колдонушат. Чынында, чөлдө дыйканчылык менен алектенүү оңой эмес. Дал ушул себептен Бирикен Араб Эмирлиги азык-түлүктүн 80 пайызын чет өлкөдөн импорттойт.

Арийне, жаңы ыкма дыйканчылыктын келечеги деп айтылууда. Кургакчылык, бак-дарактын кыйылышы жана өсүмдүктөрдү өтө жыш отургузуу жыл сайын Улуу Британиянын жарымына тете аймакты чөлгө айландырды.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, климаттык өзгөрүүдөн улам 2045-жылга чейин айдоо талаалары чөлгө айланганып, 135 миллион адам аргасыз жер которот.

Учурда катаал шартта жашылча-жемиш өстүрүү ыкмасын ойлоп чыгууга басым жасалууда. Эми бир окумуштуунун жаңы ыкмасы чөлдү айдоо талаага айландырууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Суюк нано-чопо

Норвегиялык окумуштуу Кристиян Мортен Олесен чопонун нано-бөлүкчөлөрүн суу менен аралаштырып, ал кумга жабышканда такыр жерде жашылча-жемиш өсө баштаганын байкаган. Ал суюк нано-чопону 2005-жылдан бери колдонууда.

Image caption Жерди суюк нано-чопо менен семирткенде, кум жабышып, жерди нымдуу кармап тура алат

"Бул жараянда эч кандай химиялык заттар колдонулбайт. Жети сааттын ичинде такыр жер түшүмдү көп берген айдоо талаасына айланат", - деди Кристиян Мортен Олесен.

Адатта кум сууну сиңире албайт. Дал ушул себептен жашылча-жемиш өспөйт. Бирок жерди суюк нано-чопо менен семирткенде, кум жабышып, жерди нымдуу кармап тура алат.

Бириккен Араб Эмирлигиндеги сыноо

Декабрда Файсал эки жерге помидор жана баклажан эккен. Анын бирине суюк нано-чопо кошулса, экинчиси ошол бойдон калтырылган.

Image caption суюк нано-чопону 2005-жылдан бери изилдеп келет

"Мен жаңы ыкманын жыйынтыгына таң калдым. Биз сууну 50 пайызга аз колдондук. Суюк нано-чопо менен эки эсе көп аймакка жашылча-жемиш өстүрө алам", - деди Файсал.

Арийне, бул ыкма арзан эмес. Бир гектар такыр жерди суюк нано-чопо менен байытуу $1,800-$9,500 чейин жетет. Албетте, бул дыйкандарга өтө эле кымбат.

Ага карабастан, климаттык өзгөрүү көп аймактарга коркунуч жаратып жатканда, бул ыкма келечекте өтө маанилүү болору дагы калетсиз.

Би-Би-Синин изилдөөсү Skoll Foundation уюмунун каржылоосу менен ишке ашты.

Тектеш темалар