Дворцевый: "Айка" мигранттардын боексуз, реалдуу турмушу

Орусиялык режиссер Сергей Дворцевыйдын "Айка"тасмасы "Оскар" сыйлыгынын кыска тизмесине киргени белгилүү болду.

Сүрөттүн автордук укугу Imdb.com

Сергей Дворцевыйдын "Айка" тасмасы Борбор Азиядан барган Москвадагы мигранттардын жашоо-турмушу тууралуу социалдык драма. Анда мигранттардын тар бөлмөлөрдө коллективдүү жашаганы, оор шарттарда иштегени чагылдырылган.

Буга чейин дал ушул тема кыргызстандык белгилүү кинорежиссер Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" тасмасында дагы козголгонyн айта кетели. "Ээнсиреген үй" тасмасы кыргыз коомчулугунда кызуу талаш-талкууга жем таштаган эле. Тасмада үй-бүлөсүндөгү жана өлкөсүндөгү кыйынчылыктардан безип, акыры өз тагдырын бузуп алган жаш кыздын тагдыры чагылдырылат.

Би-Би-Си "Айка" тасмасынын жаратуучулары Сергей Дворцевый менен сценарийдин авторлорунун бири Геннадий Островскийди маекке тартты.

Сүрөттүн автордук укугу Gennady Ostrovsky

"Айка" тасмасында баласын төрөп таштап кеткен кыргызстандык мигрант келиндин тагдыры баяндалган. Башкы каарманды ойнгон Самал Еслямова казакстандык актриса. Айка Москва шаарында мыйзамсыз келип иштеп жүргөн мигранттардын бири. Ал күтүлбөгөн жерден боюна бүтүп калып, кийин ымыркайын таштап, төрөт үйүнөн качып чыгат. Андан кийин кайра уулун издеген эненин тагдыры баяндалат.

Би-Би-Си тасманын жаратуучуларынан эмне үчүн азыркы заманбап мегаполисте мигранттар темасына кайрылып калганы тууралуу сурады.

Сергей Дворцевой: Азия мен үчүн абдан кызыктуу. Өзгөчө Борбор Азия. Анткени мен Казакстанда төрөлүп, ал жерде бир топ жашадык. Бир жолу интернеттен Москвадагы төрөт үйүндө бир жылдын ичинде (2012-жылы) кыргызстандык 248 келин балдарынан баш тартып кеткени тууралуу окуп калдым. Мага абдан таң калычтуу болду: эмне үчүн мындай кылып жатышат? Андан кийин бул суроону изилдеп баштадым. Бүтүндөй көйгөйгө аралашып кеттим десем болот. Ошентип акырындап ушул темага жетип, сценарий жазуу керектигин түшүндүм.

Геннадий Островский: Биз энелик ыйык сезим тууралуу айтып бергибиз келген. Аялдардагы улуу энелик инстинкт жөнүндө. Биздин тапшырма - чыныгы окуяны эч кандай боек сүртпөй айтып берүү эле. Бул кишилер (мыйзамсыз мигранттар - Би-би-си) чынында эле ушундай турмушта күн кечиришет. Тасмада бир-эки эле профессионалдуу актерлор бар. Калгандар актер эмес, кээси мигрант же болбосо мурда миграцияда жүргөн кишилер.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ушул жылдын май айында "Айка" тасмасында башкы каармандын ролун ойногон Самал Еслямова Канн фестивалында "мыкты актриса" сыйлыгын жеңип алган эле.

Би-Би-Си: Москвадагы мигранттарга байланышкан кырдаалды гуманитардык катастрофа деп атоого болобу?

Сергей Дворцевой: Албетте, тасмада айрым кырдаалдарды курчутуп бердик. Мигранттар арасындагы мындай окуялар Москвада эле эмес, башка көптөгөн мегаполистерде болуп жатат. Маселени чечүү керек, аны азыркы жылжып агып жаткан абалында калтырууга болбойт. Мигранттар акырындап коомго аралашып жатышат. Алар коомдун толук кандуу мүчөсү болгусу келет. Бирок азыркы кырдаалда алардын мүмкүнчүлүгү өтө эле аз. Мыйзамдуу каттоого турушу жана жумушка орношууга уруксат алышы татаалдашып калды. Албетте, бийлик деле маселени чечүүгө аракет кылууда. Бирок мигранттар мыйзамдашууга кыйын болгон таладаа кала берүүдө. Эгерде аларда кошумча түйшүк пайда болсо, айталы боюна бүтүп калса, маселе андан дагы тереңдей берет.

Би-Би-Си: Бул эми азыркы заманбап Москва үчүн кадимкидей эле көрүнүш болуп калды деп айтууга болобу?

Геннадий Островский: Бул окуя ошол катардагы көрүнүш болуп калганы менен кызыктуу. Москва бардык эле чоң мегаполистердей эле кишилерге толгон, заманбап Вавилон сыяктуу. Түрдүү кишилер бар. Өзгөчө бул чоң шаарга бакыт издеп келгендер. Москвага келген жаш мигрант кыздар ымыркайларын бага албай калганы үчүн таштап кетиши мүмкүн. Экинчи жагынан, алар мындай сыноого физикалык жана руханий жактан даяр эмес, алар өздөрүн эне катары көрө албай жатат.

Сергей Дворцевой: Ооба, мындай тагдырлар бар. Бирок мындан дагы катаал, өлүмгө жеткирген окуялар бар. Бул жашыруун аборттор жана башкалар. Тасманын башкы каарманы карызын берем деп келип, боюнда болуп калат. Көптөгөн мигранттар Москвага мына ушундай аргасыз абалынан келишет. Тез арада акча иштеп таап, мекениндеги карызын берүүсү керек. Алар үчүн мындай кырдаал кадимки эле көрүнүш. Өз чөйрөсүндө муну баары билет. Биз, Москвада жашагандар гана муну билбейбиз. Биз алар көчөдө басып жүргөнүн, көчөнү тазалап жатканын көрөбүз. Биз аларды унаанын же автобустун терезесинен карап өтөбүз. Биздин арабызда бирөө да булар кантип жашап жатканын билбейт. Иши дагы болбойт. Алардын жашоосу болсо, жеңил эмес: алар баарынан үнөмдөп алгысы келет. Оор шарттарда жашап, тар бөлмөлөрдө коллективдүү жашоого аргасыз. Анткени алар ар бир тыйындан үнөмдөп, каржатты мекенине жөнөтүшү керек.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption "Айка" тасмасында баласын төрөп таштап кеткен кыргызстандык мигрант келиндин тагдыры баяндалган. Башкы каарманды ойнгон Самал Еслямова казакстандык актриса.

Би-Би-Си: Тасманын "Оскар" сыйлыгынын кыска тизмесине илингенин кандай кабыл алдыңар? Бул социалдык курч тематикасы үчүн эмеспи, кандай ойлойсуңар?

Геннадий Островский: Кыска тизмеге илингендин өзү эле абдан жакшы болду. Ал эми биздин шансыбыз жөнүндө айтсам, "Оскар" бир аз саясатташкан сыйлык экенин дагы эске алуу керек. Бирок өтө мыкты тасмалардын катарынан орун алгандын өзү эле абдан жакшы көрүнүш болду.

Сергей Дворцевой: Балким темасына [мигранттар] байланыштуу дагы болушу мүмкүн. Анткени бул тема бүгүн баарын ойлондурган маселеге айланган. Мигранттарга байланышкан маселе көп өлкөлөрдө, анын ичинде АКШда дагы бар. Бирок менимче, бул жерде тасманын күчү дагы өзүнүн сөзүн айтты деп ойлойм. Албетте, академиктердин добуш берүүсү ар дайым эле объективдүү болбойт. Бирок биздин тасмабыз бир гана көтөргөн темасы менен эмес, көркөмдүк чындыгы менен дагы чоң күчкө ээ. Бул эми негизгиси да. (AbA)

Тектеш темалар