Табият, гүлдөр, сулуулар: Челсидеги бакча гүлдөрүнүн салтанаты
Өсүмдүктөр, мода жана атактуу кишилер...Лондондун Челси районунда жыл сайын өтүүчү Chelsea Flower Show ачылды.
Гүлдөр шоусунун ачылышына атайын сыйлуу коноктор: артисттер жана музыканттар чакырылган.
Сүрөттүн булагы, REX/Shutterstock
Сүрөттө скрипач Салли Поттертон Веджвуд бакчасында. Бул XVIII кылымдагы бакчаны символдоштурган.
Сүрөттүн булагы, AFP
Дэвид Харбердин бакчасындагы бийчи кыз. Бий аркылуу табият менен адамдын байланышы кантип өзгөрүп баратканын көрсөтүүдө.
Сүрөттүн булагы, PA
Үлпөт көйнөгүн кийген модел кыздар.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Фридайвинг чемпиону Таня Стритер Pearlfisher бакчасында. Бакчанын дубалын жасоого 1000 дана кайра иштетилген желим бөтөлкө колдонулган.
Сүрөттүн булагы, PA
Бул жылы Chelsea Flower Show демөөрчүлөрдөн аксады. Ошондуктан америкалык санкцияларга илинбеген орусиялык инвестициялык VTB Capital банкы "Корнуоллдун руху" бакчасына демөөрчүлүк кылды.
Сүрөттүн булагы, REX/Shutterstock
"Ухань" көлмөлүү бакчасы Янцзы дарыясын сактоо боюнча жергиликтүү бийликтин аракетин символдоштурган.
Сүрөттүн булагы, REX/Shutterstock
Myeloma UK бакчасындагы скульптура.
Сүрөттүн булагы, PA
Morgan Stanley бакчасы. Бакча балдарга катаал мамилеге тыюу салуу боюнча улуттук коом тарабынан олтургузулган.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өткөн ишембидеги принц Гарри менен Мегандын тоюнан кийин королева Елизавета II өзүнүн тактыдагы милдеттерине кайтып келди.
Сүрөттүн булагы, AFP
Сириялык музыкант Майя Юссеф салттуу аспапта ойноп жатат. Lemon Tree Trust бакчасын Том Мэйсси тиккен. Бакчанын жасалгасы Ирактын түндүгүндөгү "Домиз" лагериндеги качкындардын жашоого болгон умтулуусуна, чечкиндүүлүгүнө арналган.
Сүрөттүн булагы, PA
Urban Flow бакчасы.
Сүрөттүн булагы, PA
Silent Pool Gin - жумуштан, шардын ызы-чуусунан чарчап келгендер үчүн.
Сүрөттүн булагы, PA
Seedlip бакчасы.
Сүрөттүн булагы, PA
Skin Deep бакчасында 200 бетон таштарынан турган скульптура жайгашкан.
Сүрөттүн булагы, AFP
Бакчадагы гүлдөрдүн экспозициясына суктануу.
Лондондогу RHS Chelsea Flower Show көргөзмөсү 22-26-майда өтөт.