Сүлөөсүн эмне үчүн ачуу кыйкырат? Эксперт жооп берет

Канадалык Эд Трист бири-бирин карап алып ачуу кыйкырып жаткан сүлөөсүндөрдү тасмага тартып алган. Бир нече күн ичинде эле анын тасмасы коомдук сайттарда миллиондогон көрүүчүлөрүн тапты.

Кандай учурда сүлөөсүндөр мындай ачуу үн чыгарат болду экен деп көп кишилер суроо салууда. Мурда мындайды эч ким уккан да, көргөн да эмес.

"Сүлөөсүндөрдүн сүзүшкөнүн мурда эч ким уккан да, көргөн да эмес. Алар айланада эмне болуп жатканына көңүл бурган жок. Жаныбарлар бири-бирин гана теше тиктеп турду", -деди Эд Трист.

Профессор Стэн Бутин Би-би-сиге сүлөөсүн тууралуу айтып берди. Ал сүлөөсүндөр үстөмдүк кылуу, иерархияны түзүү үчүн тирешти деген пикирде.

"Көптөр муну өзүнүн аймагын коргоо деп түшүндүрүүдө. Бирок андай эмес. Сүлөөсүндөр белгилүү бир аймактарды чек аралап алып жашабайт. Ошондуктан байырлаган аймагын коргоп жатат деп айтууга болбос эле. Алар бири-бири менен жолугуп калганда, ушундай реакция кылышат. Мындай үндөрдү токойдо ар дайым эле уга бербейсиң. Менимче бул жаныбарлар бири-бири менен сейрек гана учурда тирешет. Бул сүлөөсүндөрдүн аракети бир топко чейин уланып, бирөө качканда гана токтоду", -деди профессор Стэн Бутин.

Кыргызстанда сүлөөсүн "кызыл китебине" кирген. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалыматына ылайык, өлкөдө бир миң 34 сүлөөсүн калган. Сүлөөсүн кеңири таралганы менен бардык жерлерде саны аз санда.

Тектеш темалар