«Манастын Бээжинде тактыда отурганы» кытай сахнасында

Президент Жээнбеков Кытайга болгон биринчи мамлекеттик сапарынын алкагында Бээжин шаарындагы кыргыз студенттери менен жолугуп, андан соң кытайлык өнөрпөздөр тарабынан даярдалган "Манас" операсын көрдү.

Видеонун түшүндүрмөсү,

Бээжинде президент Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясына "Манас" операсы көрсөтүлдү

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliyev

Буга чейин Кытайда "Манас" эпосу боюнча опера тогуз жолу коюлган экен.

Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде жазылган операны Кытайдын белгилүү сценарсти Ван Сяолин даярдаган жана аны сахнага алып чыгууда эки жүздөн ашуун мамлекеттик театрдын артисттери катышкан.

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliyev

2015-жылдан бери операнын даярдоого эки жыл бою иш жүргүзүлүп, "Манас" операсы Бээжин шаарында 2017-жылы 30-сентябрында биринчи жолу элге көрсөтүлгөн эле.

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliyev

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliyev

Даярдык иштер учурунда кыргыздын салттык турмушун түшүнүү үчүн жана "Манас" эпосунун эпикалык табиятын таануу максатында башкы актерлор жана операны даярдаган өнөрпоздор Кызыл-Суу Кыргыз автономиялык областына үч жолу барып, музейлерди кыдырып, жергиликтүү тургундар жана искусство өкүлдөрү менен жолугуп келишкен.

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliyev

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliyev

Опера учурунда кыргыздын улуттук кийимдери даңазаланып, ооз комуз сыяктуу кыргыз музыка аспаптары жана кыргыз күүлөрү жаңырып турду.

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliyev

Опера төрт көшөгөдөн турат, "Манас" жана "Семетейдин" турмушу, эрдиги жана ийгиликтери даңазаланат. Биринчи эле көшөгөдө "Манас" баатырдын Бээжин шаарына келип тактыга отурганы көрсөтүлөт.

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliyev

Операнын негизги идеясы ынтымак, биримдик жана жалпы журттун тынчтыгын камтыйт.

Операдагы түстүү костюмдар, музыка жана актерлордун чеберчилигине залдагы көрүүчүлөр жогорку баа беришти.

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliyev

"Манас" уникалдуу тарыхый мурас. Аны эч өзгөртпөстөн сактап калган кыргыздарга алкыш. Бизге опера абдан жакты. Кытайда "Манас" сыяктуу заманбап доордо сакталып калган тарыхый мурастар абдан аз".

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliyev

Президент Жээнбеков операдан кийин сахнага чыгып артисттерге жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, аларды Кыргызстанга дагы чакырды.

Сүрөттөр Султан Досалиевдики