Археологиялык табылга: кыргыздар боз үйдө эле жашаган эмес

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
“Кыргыздар боз үй артынып эле, көчүп-конуп жүргөн эмес”

Кыргызстандын Кочкор өрөөнүндө 31 жылдан бери археологиялык казууларды жүргүзүп келе жаткан окумуштуу таш бетине чегерилген 30га жакын кыргыз жазуулары жана уруулук эн тамгаларды таап чыккан. Түркологдор жазуулар байыркы кыргыз, түрк тилинде жазылганын, V-X кылымга таандык экенин белгилешет.

"Кыргыздар боз үй артынып эле, көчүп-конуп жүргөн эмес"

Археолог окумуштуу Кубат Табалдиев быйыл Кочкор өрөөнүнөн болжолу XVII кылымга таандык турак-үйдүн ордун тапты. Учурда казуу иштери уланып жатат.

Image caption Археолог окумуштуу Кубат Табалдиев быйыл Кочкор өрөөнүнөн болжолу XVII кылымга таандык турак-үйдүн ордун тапты.

"Көпкө издедик. Байыркы мезгилдикин го тапканбыз, изилденип жүрөт. Бирок, кийинки XVI кылымдан XIX кылым ортосундагы турак-жай табыла элек эле. Кыргыздар дайыма боз үйдө жашаган деп элестетип келгенбиз. Бул табылга кыргыздардын боз үйдөн сырткары, туруктуу кыштай турган турагы болгонун ырастап турат",-деди Кубат Табалдиев.

Окумуштуу кыргыз элинин жана маданиятынын калыптануу учурларын археологиялык маалыматтар аркылуу талдоону улантуу келечектүү деп белгилейт. Кыргыздардын тарыхы тууралуу кеп кылганда, дайыма көчмөндөр маданияты тууралуу болот сөз болот эмеспи. Бирок, окумуштуу мындай көз караштарга каршы келген далилдерди таап, кыргыздар деле отурукташып, жер иштеткенин белгилеп жатат.

"Кийнки жылдары Кочкор өрөөнүнүн түштүк-чыгыш тарабындагы Чап жергесинде байыркы турак-жай ордунун табылышы буга чейинки айтылган бир катар пикирлерди далилдеди. Адырдын батыш тарабындагы сырты көлөмдүү таштар менен курчалган чапта турак-жай орду ачылды. Казууда таштан жасалган ороктун сыныгы, жаргылчактар жана чопо идиштер калдыктары табылды. Турак-жайлары алгачкы казуу маалыматары боюнча жарым үй формасында жантайыңкы жерге курушкан. Үй дубалдары көлөмдүү бышырылбаган кирпичтен, сокмо дубалдан курулган. Табылган чопо идиш калдыктары археологиялык казууларда сак-усундар жашаган мезгилдеги көрүстөндөрдө табылуучу чопо идиштерге окшош. Көчмөн калктарга мүнөздүү кемер кур тоголору, тиричилик буюмдары, аскердик куралдар ар бир Кыргызстанда жана коңшу аймактарда казылган орто кылымдардагы шаарчаларда табылат. Невакет шаарчасынын некрополунда жылкысы, аялы менен бирге көмүлгөн жоокер көрүстөнү ачылган. Көпчүлүк адабиятта бул аймактарда шаар маданиятынын согдулуктар тарабынан негизделишине басым жасалып, согдулуктар келгенге чейинки усундар турак жайлары, орто кылымдарда отурукташкан түрк калктарынын ролу эсепке алынбай келе жатат. Ушундан улам кыргыз жана ага тектеш калктардын этногенезин, маданиятынын калыптануу, өнүгүү учурлардын шаар маданиятынан да иликтениши талапка ылайык. Байыркы мезгилдерде орто кылымдарда калктын көчмөн бөлүгүн дан азыктары менен камсыз кылып келген бөлүгү кийинки жүз жылдыктарда уланып XIX кылымдарга чейин жер иштетүү мурасын улантып келишкен, сугатты мыкты өздөштүрүшкөн. Алар кыргыздарда жатакчылар деген ат менен белгилүү",-деди Кубат Табалдиев.

Бул аймакткан табылган буудайдын данына палеоботаникалык иликтөө жүргүзгөндө, 3 миң жыл илгерки экени аныкталган. Кочкор өрөөнүндө кыш жеңил болуп, кар жатпаганы - мал чарбачылыгына ыңгайлуу болгон. Изилдөөчүлөр мына ушул себептүү бул аймакта таш доорунан бери эле адамдар жашап келген деп жүйөө келтирет. Археологиялык казуу иштери жүрүп жаткан аймактагы тоо боорунда, таштан тизилип жасалган, эски суу өткөн арыктын нугу да бар экен.

Тарыхтын сырын каткан таштар

Image caption Таш бетиндеги жазууларда "Эр атым Адык. Онок элиненмин. Жеримдин аты Жарыш" деп жазылган.

Таш бетиндеги жазуулар мындан он жыл мурун эле табыла баштаган. Улам жаңы жазуулар жана таш бетине чегерилген сүрөттөр табылууда. Бул жазуулар Эне-Сайдагы рун жана Монголиядан табылган орхон жазуулары сымал кыргыз жазуусу.

Таш бетиндеги жазууларда "Эр атым Адык. Онок элиненмин. Жеримдин аты Жарыш" деп жазылган. Онок эли Эне-Сай кыргыздары менен удаа жашаган кыргыздарга жакын уруулардын бири болгон. Кийин түрк урууларына, анын ичинде кыргыздарга сиңип кеткен. Таш бетиндеги жазуулардагы "Адык" - чөлкөмдө жашаган кол башчы болушу мүмкүн.

"Он Ок Эли жана башка түрк тилдүү калк да азыркы кыргыз элинин канында, алардын руханий, материалдык маданиятынын мураскорлору элдин канында. Алардын кыргыздарга тиешеси жок деп өгөйлөткөн пикирлер болгон менен көрсөтүлгөн археологиялык, этнографиялык далилдерди танууга болбойт. Эң башкысы алардын абалкы келип чыгыш тарыхы, тамыры бир. Ошондуктан енисей кыргыздары кайра байыркы Теңир-Тоо мекенине кайтканда Теңир-Тоодогу байыркы кандаш туугандары менен тез жуурулушкан. Кытай жазма булагында эки элдин кийими, эркекеринин чачты өрүшү сыяктуу окшоштуктары баса айтылат. Эскерилген кытай жазма булагында түпкү теги бир кыргыз-түрк элдеринин кийими бирдей болгону эскерилет жана элестүү сүрөттөлөт. Н.В.Кюнердин котормосунда «ал өлкөдө (падышачылыкта, кыргыздарда ) бардыгы чачтарын кырдырышат, чачтарын өрүшөт. Кийим-кечеги туцюэ( никине) (түрктөрдүкүнө) окшош. Кышында киш терисинен жасалган баш кийим кийишет; жайында калпактарын алтын менен кооздошуп, төбөсүн шуштуйтуп, курбусун кайрып коюшат. Алар, хуйгулардын (уйгурлардын) айтымында, азыр да ушундай баш кийим кийишет. Букаралары ак кийизден калпак жасашат, калган бычымы жалпы жонунан бирдей. Кочкор жергесиндеги Көк-Сай эстеликтериндеги таш бетине чегилген сүрөттөрдө төбөсү шоңшогой баш кийим кийип, куш кармап турган Он Ок Элинин жоокерлеринин айрым сүрөттөрү тарыхый жазма булакты тастыктап турат. Ал баш кийим бүгүнкү күнүбүзгө чейин келип жетпедиби. Демек кыргыз-түрк маданиятынын беделдүү мураскору кыргыз эли. Кыргызстандын булуң-бурчтарында кездешүүчү балбалдардагы жоокер аркылуу орто кылымдардагы бабалардын элесин көз алдыга элестетүү мүмкүн".

Image caption Өрөөндөн табылган бир нече бедиздерди келечекте ачык асман алдындагы музей кылууга даярдап жатышат.

Өрөөндөн табылган бир нече бедиздерди келечекте ачык асман алдындагы музей кылууга даярдап жатышат. Дүйнө салган башкаруучу, эр уулдарына коюлган бедиздерден некролог сыяктуу жазууларды окушкан: "Алтындалган кемеримди белиме байладым. Ыйык мамлекетиме тойбодум, кайрандарыма, аттиң ай..."

Алдыда бул таштарды сырын чечүүгө дагы далай эмгек жана далай жылдар сарпталчудай.

Тарыхый жазма булактардын көбү изилденип бүттү. Бирок таш бетиндеги жазуулар табыла берет жана келечектүү иликтөө дейт окумуштуу.

Тектеш темалар