Учурда кыздар 13-14 жашында жыныстык катнашка барат

Учурда кыздар 13-14 жашында жыныстык катнашка барат

БУУнун Калк фондусунун маалыматына ылайык, өспүрүм кыздар арасында кош бойлуулук мурда 15-17 жаш курагында катталса, учурда 12 жаш курагында катталууда. Ал эми мурун кыздар алгачкы жыныстык катнашка 15-16 жаш курагында барышса, азыркы кезде 13-14 жашында барып жатышат. Муну дарыгерлер эң алгач өспүрүмдөрдүн репродуктивдүү ден-соолук боюнча билиминин жетишсиздиги менен байланыштырып келет. Би-Би-Си “Салам айымдар” түрмөгүндө Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева жана БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун адиси Асел Тургунова менен репродуктивдүү ден-соолукка байланыштуу мектептерге киргизилген “Сергек жашоо” программасын талкуулады.