Агартуу тармагын аркалаган айымдар
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Кыргызстандын орто билим берүү мекемелеринде аял мугалимдер басымдуулук кылат

Кыргызстандын орто билим берүү мекемелеринде эркектерге караганда аял мугалимдер басымдуулук кылат. Адистер мындай көрүнүш соңку учурда бир гана Кыргызстанда эмес, башка мамлекеттерде дагы арбып бара жатканын айтып келишет. Экономикалык өнүгүү жана кызматташуу уюму жүргүзгөн ири изилдөөнүн жыйынтыгында дүйнөдө агартуучулардын жетимиш пайыздан ашыгы аялдар экени аныкталган. Би-Би-Си бул темада агартуу тармагында эмгектенген психолог Кундуз Оморова жана социалдык педагог Назгүл Жумабекова менен маектешти.