Дүйнөнүн эң мыкты мектептери Кыргызстанга эшигин ачты: ага кантип өтсө болот?

Кыргызстанга быйыл United World Colleges (UWC) мектептерине бир орун берилди. United World Colleges же Дүйнөдөгү коллеждер биримдиги окуу жайлары 16 башка мамлекетте жайгашып, бул мектептерде дүйнө жүзү боюнча мыкты окуган балдар университетке даярдалат.

Германиядагы Роберт Бош мектеби Сүрөттүн автордук укугу www.uwcrobertboschcollege.de
Image caption Германиядагы Роберт Бош мектеби

United World Colleges 155 мамлекетте өкүлчүлүгү бар. Алар эки жылдык программага окуучуларды тандап алат. Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Сейитбек Усмановду кепке тартып, United World Colleges мектептеринин артыкчылыктары жана бул окуу жайларга өтүү сынагы тууралуу сурадык.

Сейитбек Усманов: United World Colleges (UWC ) же Дүйнөлүк коллеждер биримдигинин 16 мамлекетте 17 мектеби бар. Бул мектептерде 10-11-класстар эле бар. Алар International Baccalaureate (IB) деген программаны окутат. Бул университетке даярдаган эки жылдык программа. Ал өтө жогору бааланат. Бул программаны колдонгон мектептерди алдыңкы деп санашат. Себеби бул программаны ишке ашыруу абдан оор, жакшы мугалимдер жана окуучулар керек.

Свазиленддеги орун 80 пайызга чейин каржыланат Сүрөттүн автордук укугу www.waterford.sz
Image caption Свазиленддеги орун 80 пайызга чейин каржыланат

UWC мектептери биринчи жолу 1962-жылы ачылган. Бул окуу жайларга 145 мамлекеттен окуучуларды тандап алышат. Азыр UWC мектептеринде үч кыргыз бала окуйт- Марлен Сингапурда, Орунгүл Свазиландта жана Зейнеп Германияда. Орунгүл менен Зейнепти биз жөнөттүк.

Би-Би-Си: Быйыл Кыргызстанга бир гранттык орун берилген турбайбы? Кайсы өлкөдөгү мектеп грант сунуштады?

Германиядагы Роберт Бош мектеби 2014-жылы ачылган. Аны Роберт Боштун фонду каржылайт Сүрөттүн автордук укугу www.uwcrobertboschcollege.de
Image caption Германиядагы Роберт Бош мектеби 2014-жылы ачылган. Аны Роберт Боштун фонду каржылайт

Сейитбек Усманов: Кыргызстанга былтыр эки орун берилген, быйыл бир гранттык орун берилди. Грант оруну Германиядагы Роберт Бош мектебинде. Ал жакында эле, 2014-жылы ачылган. Аны Роберт Боштун фонду каржылайт. Былтыр ошол мектепке конкурс аркылуу бир окуучу тандалып, быйыл сентябрдан бери окуп жатат. Ал окуучу Зейнеп Ибраим кызы. Зейнепке Окуу аябай жагып жатат, себеби мугалимдери профессионалдар. Сабактар лекция түрүндө эмес TedX, дискуссия сыяктуу өтөт деп суктанып жатат. Зейнептин классаштары 60 мамлекетен конкурс аркылуу тандалган. Демек, дүйнөдөгү эң мыкты окуган балдар чогулган.

Германиядагы окуу толугу менен каржыланат. Окуунун өз баасы 38 миң доллар. Буюрса татыктуу кыргызстандык баланы тандап, ушул мыкты мектепте окусун деген ниет коюп жатабыз. Алар кийин мыкты жогорку окуу жайларга окуп, Кыргызстандын алдыңкы адамдары болсун деген үмүттөрүбүз бар.

Би-Би-Си: Зейнептин өзү менен же анын ата-энеси менен сүйлөштүңүзбү? Ага окуу жай жагып жатабы?

Былтыр ошол мектепке конкурс аркылуу бир окуучу тандалып, быйыл сентябрдан бери окуп жатат. Ал окуучу Зейнеп Ибраим кызы.
Image caption Былтыр ошол мектепке конкурс аркылуу бир окуучу тандалып, быйыл сентябрдан бери окуп жатат. Ал окуучу Зейнеп Ибраим кызы.

Сейитбек Усманов: Зейнептин апасы, Бактыгүл Чыныбаева эже менен байланышып турам. Ал, кызы эки ай мурун гана окууга кеткенине карабастан, эки жылдан да көп өзгөрүүлөр болгонун айтты. Мисалы, Зейнеп убакытты жана акчаны үнөмдүү пайдаланганды үйрөнгөнүн, экология менен эриш аркак жашоону өздөштүргөнүн жана мектепте чыгармачылык эркиндикти алып, сүрөт тартуу, ыр жазуу сыяктуу өнөрлөрдү өздөштүрүп жатканын айтты. Ошондой эле колледжде абдан көп улуттун балдар-кыздары окугандыктан, окуучулар эл таанып, балдар толеранттуулукту үйрөнөт.

Зейнеп

Би-Би-Си: Окуучуларды силер кандай критерийлер менен тандайсыңар?

Сейитбек Усманов: Эң жөнөкөй критерий менен баштайын. Окуучу UWC мектепке өтүп жатканда 16-17 жашта болуп, мектептеги баалары жакшы болушу абзел. Окуучу Кыргызстандын жараны дагы болушу керек. Ошондой эле мектептен тышкары окуучунун коомдук ишмердиги каралат. Мисалы, жетим балдарга англис тилин үйрөтүү же короосундагы балдарды чогултуп селкинчектерди оңдогонго умтулуу. Биздин максат лидерлик сапаты бар, активист кыз-балдарды табуу. Себеби алар кийин дагы лидерлик аракеттерин улантат.

Өткөн жылы 54 бала тапшырган. Ошонун ичинен үч тандоо этап менен эки баланы тандап алдык. Англис тилин сөзсүз билиши шарт. Себеби сабактар англис тилинде болот. Биз англис тил боюнча тест өткөрөбүз. Себеби IB деген программа абдан татаал. Бирок биз ар бир бала чоңоюп жаткан шартын канчалык колдонгонун дагы карайбыз. Эгерде окуучу кыйынчылыкта чоңоюп, балким ата-энесине жардам берип, бирок ага карабастан англис тилин жакшы деңгээлде билсе, биз ал балага артыкчылык беребиз. UWC мектептерине окуучу кандай шартта чоңойгону дагы абдан маанилүү.

Би-Би-Си: UWC мектебинде окууну каалагандар кантип тапшыра алат?

Сейитбек Усманов: http://www.kg.uwc.org интернет баракчасы аркылуу тапшыра алат. Биз тапшырган окуучулар менен байланышабыз. Алыскы айылдардабы, кайсы жакта болбосун бизге тапшырсын. Буюрса эң мыкты окуучу тандалып сентябрь айында UWC мектебинде билим алса болот.

.

Тектеш темалар