Кылымдын мыкты тасмасы - "Жети Самурай"

Атактуу режиссер Акира Куросава Би-Би-Синин эң мыкты 100 чет өлкөлүк көркөм тасма конкурсунда биринчи орунду алды. Бирок режиссер Эл аралык аренада ийгиликке жеткенине карабастан, Жапонияда анын чыгармачылыгы көп бааланган жок.

Акира Куросаванын 1954-жылы тартылган "Жети Самурай" тасмасы Сүрөттүн автордук укугу Alamy
Image caption Акира Куросаванын 1954-жылы тартылган "Жети Самурай" тасмасы

Акира Куросаванын 1954-жылы тартылган "Жети Самурай" тасмасы үч жарым саатка созулат. Анда XVI кылымдагы Жапония сүрөттөлгөн.

Би-Би-Синин эң мыкты 100 чет өлкөлүк көркөм тасма сурамжылоосуна дүйнө жүзүндөгү 209 кино сынчы катышты. Алар Куросаванын бир нече тасмасын ("Рашомон", "Икиру" жана "Ран") эң мыктылардын катарына кошту.

Кызыгы, бир дагы жапониялык сынчы Куросаванын тасмаларына добушун берген жок. Алар жапониялык режиссер Ясудзиро Одзу менен Кэндзи Мидзогутинин эмгегин жогору баалашты. Буга кино сынчылары таң калган деле жок. Себеби, Куросаванын ысымы дүйнөгө таанымал болуп турган кезде дагы, анын тасмаларын жапониялыктар жылуу кабыл алган эмес.

Акира Куросава Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Куросава 1951-жылы "Рашомон" тасмасы үчүн Golden Lion сыйлыгын алып, эл аралык деңгээлде бийиктикке жеткен биринчи жапон режиссеру болгон.

Ал эми "Жети Самурай" негизинен Батыш өлкөлөрүндө жашкы көрүлгөн. Себеби көркөм тасма алыскы маданиятты тартуулап, алар биринчи жолу жапондор тууралуу угушкан.

Куросава Жапониянын chambara (кылыч менен чабышуу) жана jidaigeki (жапон драмасы) жанрын Батышта таратты.

"Жети Самурай" тасмасы Сүрөттүн автордук укугу Alamy

"Жети Самурай" тасмасы көрөрманды дароо эле кызыктырат. Кылмыштуу топ айылдын четине чогулуп, дыйкандар түшүмдөрүн жыйнап алгандан кийин тоноп алууну чечет.

Алардын сөзүн дыйкандар угуп калып, коргонуу үчүн самурайларды жалдап келмек болот. Тилекке каршы, айылдык дыйкандардын күрүчтөн башка эч нерсеси жок эле. Текебер самурайлар дыйкандардын сунушуна мыскылдап күлүп же ачууланып жооп кайтарышат.

Үмүттөрү үзүлүп калган учурда дыйкандар Камбей аттуу самурайга кезигет (анын ролун Такаши Шимура аткарган. Куросаванын эң жактырган актерлорунун бири эле).

Камбей самурайлар сыймыктанган тутам чачын кырып, имаратка динаятчы катары жашыруун кирип барып, барымтага алынган жаш кызды куткарат.

Бул көрүнүшкө айылдыктар таң калып, адамкерчиликтүү Камбейден жардам сурашат.

Айылга кетерден мурун Камбей өзү менен кошо алты самурайды чакырат. Алардын мүнөзү жана ыкмалары ар башка. Бирок баары биригип, күчтүү топ болушат. Айылды каракчылардан сактап калышат.

Би-Би-Синин эң мыкты 100 чет өлкөлүк көркөм тасма сурамжылоосуна 43 мамлекеттен кино сынчылар катышты.


Кылымдын мыкты тасмалары

Жыйынтык: 24 өлкө, 19 тилде, 67 режиссердон 100 көркөм тасма

Биз алдыңкы 35 тасманын тизмесин сунуштайбыз:

1. "Жети самурай", Жапония (Акира Куросава, 1954)

2. "Велосипед уурдагандар ", Италия (Витторио Де Сика, 1948)

3. "Токио повести", Жапония (Ясудзиро Одзу, 1953)

4. "Расёмон", Жапония (Акира Куросава, 1950)

5. "Оюндун эрежеси", Франция (Жан Ренуар, 1939)

6. "Персона", Швеция (Ингмар Бергман, 1966)

7. "8 1/2", Италия (Федерико Фелллини, 1963)

8. "400 сокку", Франция (Франсуа Трюффо)

9. "Сүйүү маанайы", Гонконг (Вонг Карвай, 2000)

10. "Таттуу жашоо", Италия (Федерико Феллини, 1960)

11. "Акыркы дем менен ", Франция (Жан-Люк Годар, 1960)

12. "Кош бол, менин көңүлдөшүм", КЭР (Чэнь Кайгэ, 1993)

13. "М", Германия (Фриц Ланг, 1931)

14. "Жанна Дильман, жээктеги Коммерция 23, Брюссель 1080", Бельгия (Шанталь Акерман, 1975)

15. "Жолдогу ыр", Индия (Сатьяджит Рай, 1955)

16. "Метрополис", Германия (Фриц Ланг, 1927)

17. "Агирре, кудайдын каары", Германия (Вернер Херцог, 1972)

18. "Азалуу шаар", Гонконг (Хоу Сяосянь, 1989)

19. "Алжир үчүн кармаш", Италия (Жилло Понтекорво, 1966)

20. "Күзгү", СССР (Андрей Тарковский, 1974)

21. "Ажырашуу", Иран (Асгар Фархади, 2011)

22. " Фавна лабиринти", Мексика (Гильермо дель Торо, 2006)

23. "Жанна д'Арк", Дания (Карл Теодор Дрейер, 1928)

24. "Броненосец Потемкин", СССР (Сергей Эйзенштейн, 1925)

"Таттуу жашоо" тасмасынан Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Таттуу жашоо" тасмасынан

25. "Бир жана эки", Тайвань (Эдвард Ян, 2000)

26. "Жаңы кинотеатр "Парадизо", Италия (Джузеппе Торнаторе, 1988)

27. "Уюктун жаны", Испания (Виктор Эрисе, 1973)

28. "Фанни жана Александр", Швеция (Ингмар Бергман, 1982)

29. "Олдбой", Түштүк Корея (Пак Чхан-ук, 2003)

30. "Жетинчи басма", Швеция (Ингмар Бергман, 1957)

31. "Башкалардын жашоосу", Германия (Флориан Хенкель фон Доннерсмарк, 2006)

32. "Менин апам тууралуу ", Испания (Педро Альмодовар, 1999)

33. "Көңүл ачуу мезгили", Франция (Жак Тати, 1967)

34. " Берлиндин асманы алдында", Германия ( Вим Вендерс, 1987)

35. "Леопард", Италия (Лукино Висконти, 1963)

.

Тектеш темалар