Роза Айтматова: "Ата-Бейитке" келген сайын ыйлап кетем

Роза Айтматова апаны үйүнөн алып, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине бардык. Алдын ала сүйлөшкөнбүз, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына атасы Төрөкул Айтматовдун тагдыры кандай таасирин тийгизгенин сөз кылабыз деп. Жолдо баратып гүл алдык. "Төрөкулга коём, Чыңгызга коём",-деди.

Роза Айтматова

Роза Айтматова: "Ата-Бейитке" келген сайын ыйлап кетем. Ушул жерде 137 кишинин сөөгү 53 жыл бою жатты. Үмүтүбүз үзүлүп калган эле... Башында атабыз тууралуу "он жылга кесилди, Ыраакы Чыгышка айдалган" деген кат келген. Кат жазышууга укугу жок деп, он жыл күткөнбүз. Он жыл өттү, келген жок. Дагы он жыл өттү, дайыны жок. Бир күнү апамды "НКВДга келип, кабарын алып кет" деп чакырышты. Анткени андан мурун апам дагы, Чыңгыз дагы атабыздын дайынын сурап, далай ирет кат менен кайрылышкан эле. Ошол кезде Чыңгыз өзү төшөктөн турбай ооруп жаткан. Ильгиз Москвада аспирантурада, эжем дагы практикага кеткен. Анан Чыңгыз мени чакырып алып, "чоңоюп калбадыңбы, апам менен бирге бар" деди. Жашым деле жыйырмага келип калган, бирок үйдүн кичүүсү болгон үчүн өзүмдү бала сезчү экем. НКВДга бардык. Логвиненко менен Киев көчөсүнүн кесилишиндеги азыркы Генералдык Штабдын ордунда бир кабаттуу имаратта экен. Менин эсимде куралдуу күзөтчү калыптыр. Ал апамды киргизип, "баланча кабинетке кириңиз, сиз кирбейсиз" деди. Мен сыртта күтүп туруп калдым. Он минутадай убакыттан кийин апам чыкты, колуна эки кагаз кармап. Бирөөсү "өлгөндөн кийин реабилитация болгондугу жөнүндө". Экинчиси, "өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк". Ошол күбөлүктөгү эки пункт дайым көз алдымда.

Би-Би-Си: Ошондо түңүлдүңүздөр?..

Роза Айтматова

Роза Айтматова: Ал кагазда мындай деп жазылып турат: "Причина смерти неизвестна. Место смерти неизвестно" деп жазылыптыр. Жыйырма жыл күткөндүн баары эки кагаз менен бүттү. Жаткан жерин таппайбыз деп түңүлүп калганбыз. 1971-жылы апам каза болду. Кийинки жылы атамдын жаткан жайын таппасак дагы, апам менен бир мүрзөдө деп эсептейли дедик. Ошол жерге экөөсүнө тең эстелик орнотконбуз. Анан күтүлбөгөн жерден 1991-жылы сөөгү табылып калды.

Би-Би-Си: Ушул окуя Чыңгыз Айтматовдун өзү үчүн жашоодогу эң чоң окуясы болсо керек?

Роза Айтматова: Абдан, абдан чоң окуя... 1957-жылы Чыңгыздын ооруп жатканы деле ошол себептен болду да. Атабыздын дайынын сурап, издеп, жооп таба албай ооруп калган болчу.

Би-Би-Си: Айтматовдор үй бүлөсүнүн тагдыры көп кыргыз үй бүлөлөрүнүн тагдыры сыяктуу.

Роза Айтматова: Ооба, туура.

Би-Би-Си: Анан бир ушул Айтматовдун жашоосунда ушундай окуя болгону, күткөн, издеген атасы акыры табылып бергени, башкача сезилет.

Роза Айтматова: Таңкалыштуу, чынында. "Саманчынын жолунда" жазып жатпайбы: "Ата мен сага эстелик орното албайм, көмүлгөн жериңди билбейм" деп. Мына, биз азыр барган жердеги сөөктөр көмүлгөнүнө быйыл туура 80 жыл болот.

Би-Би-Си: Репрессия курмандыктарына?

Роза Айтматова: Ооба, 8-ноябрь күнү көмүптүр да. 4-ноябрь күнү колдоруна тил кат бериптир, "сот болот" деген. 5-ноябрда 20 минута ичинде соттоп, өлүмгө өкүм чыгарып, ошол эле күнү атып өлтүрүшөт. 137 кишини атып жатышпайбы...

Би-Би-Си: Кээде ойлойм, булардын сөөгү табылбай калса эмне болмок деп.

"Ата-Бейит" мемориалдык комплекси
Image caption "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси

Роза Айтматова: Ошол бойдон жүрө бермекпиз. Мына, карабайсыңбы, Айдарбеков да ушул жерде турбайбы, мен жок экен дегем. Бул жерге келгенде атам менен учурашам. Мына, Жусуп Абдрахманов... Баары чогуу иштешкен да. Мен быйыл атам жөнүндө чакан китебимди чыгардым. Жусуп Абдрахманов экөө индустриализация, биринчи беш жылдыкты ушулар өткөрүптүр. Кыргызстанда эми өнөр-жай деле өнүккөн эмес, баары нөл. Ошонун баарын иштетебиз деп, абдан аракет кылышыптыр. Бирок СССРдин саясаты ошондой экен, бул жерди сырьелук база кылып эле, негизги өнөр-жайды Орусия аймагында өнүктүрүү болгон экен. Булар ошол саясаттан дагы Кыргызстанга пайдасын тийгизели дешкен.

Би-Би-Си: Атаңызды кеңири эскерип жатасыз. Жакында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет. Ата менен бала ортосундагы сезимди, бир касиетти ушул эки адамдын ортосундагы мамиледен көрсөк болот. Баарыбызга күчтүү, кубаттуу көрүнгөн Чыңгыз Айтматов атасы жөнүндө кандай жумшактык, мээрим менен эскерет.

Роза Айтматова: Түшүмө киргенге чейин мен атамды сүрөтүнөн гана билчүмүн Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Aпам, Карагыз, Гүлайым деген карындашы өлөр-өлгөнчө "Төкөй, Төрөкул" деп оозунан түшүрбөй жүрүп өтүштү. Ошолордун айтканынан болуш керек, мен өзүм көргөндөй эле болом.

Роза Айтматова: Чыгармаларынын көбүндө атасына кусаланып, сагынган балдардын образы көп го. "Ак кемедеги" бала, "Эрте келген турналардагы" балдар же "Кылым карытар бир күндөгү" балдар. Өзүнүн башынан өткөн да, өзү сагынган. Кичине кезинде атасы менен байланышы өтө жакшы болгон. Өзүнүн эскерүүлөрүндө дагы айтат эмеспи. 1935-жылы Чыңгыздын 5-6 жаш кезиндеги интервьюсу бар. 1930-35-жылдары кыргыздар отурукташып жаткан мезгили да. Ошондо балдарды кандай тарбиялаш керек? Мектепке кандай даярдаш керек деген маселе турган окшойт. Райкан Шүкүрбековго "Ленинчил жаштан" ошондой макала жаз деген тапшырма берилген экен. Анан ал бала бакчага барат. Азыркы Раззаков менен Киев көчөсүнүн кесилишинде эле. Апам мага көрсөткөн. Мына ошол жерге Райкан Шүкүрбеков барып, балдарды чогултуп суроо бере баштайт: Келечекте ким болгуңар келет? Үйдө эмне кыласыңар? Бала бакчада эмнени жакшы көрөсүңөр? Балдардын ичинен ак жүздүү бала тайманбай, жакшы жооп берип жатты дейт. Анан балдарды бара бергиле, ушул баладан интервью алам деп алып калат. Ал бала Чыңгыз Айтматов экен. Макаласы да ушунтип аталат: "Чыңгыз шофер болом дейт".

Роза Айтматова

Макалада мындай жерлери бар:

"- Сен үйдө эмне кыласың, кандай шартың бар?,-дейт.

-Үйдө менин бурчум бар. Аны атамын жардамы менен түзгөм,-дейт.

-Бурчуңда эмнең бар?

-Оюнчуктарым, китеп, жомоктор бар. Сүрөт тартканга кагаз, келем бар",-деп жооп берип жатат.

"Чоң тамгалар менен жазылган сөздөрдү окуй алат экен. Азыр тамгаларды үйрөнүп жатыптыр",-деп жазат макалада. "Оюнчуктарымдын ичинен эң жакшы көргөнүм - машине. Чоңойгондо шофер болом ",-дептир. Ушундан эле ага кандай тарбия беришкени, ата-энеси кандай жакшы көргөнү билинип турат. Кийин атабыз 1935-жылы Москвага окууга кеткенде, үй бүлөсүн алып кетет. Москвадан Чыңгыз 1-2-классты бүтүп келет. 1937-жылы репрессия жүрүп жаткан мезгилде атабыздын фамилиясы "буржуазиячыл-улутчул" деп, "Правда" басылмасына чыгып кетет. Камайт деген коркунуч болгондо, атам өзү балдарды сактап кал деп, апамды төрт бала менен Кыргызстанга жөнөтөт. Апам Москвадан Маймак станциясына чейин келет. Маймактан ары 20 чакырым аралыкта биздин айыл Шекер. Ал айылдан туугандар ат араба менен алып кетет. Ошону менен Шекерде жашап калдык. Кийин биз көчтүк, Чыңгыз болсо Карагыз апамдын колунда Шекерде калат. Атам Кыргызстандын бардык аймактарында иштептир. Бүт жетекчи кызматтарда, бирок бир дагы жерде өзүнө үй салбаптыр. Москвадан келсек, кирерге үй жок. Атамдын аталаш агасы Алымкул үйүнө киргизип бакса, аны дагы камап жиберишет. Кийин атамдын инилерин дагы камакка алган. Анан апам кыйын абалда калып, "келип алып ушулардын башына кайгы салдым" дейт. Апам жумуш издеп, биз райондун борборуна көчүп кеткенбиз. Чыңгыз Карагыз апамдын колунда калат.

Би-Би-Си: Төрөкул Айтматовдун ата катары сиздин кабылдооңуздагы образын түзүүдө Чыңгыз Айтматовдун дагы ролу болсо керек?

Роза Айтматова

Роза Айтматова: Атабыз менен акыркы жолу Москвада айрылышкан учурда Чыңгыз тогуз, Ильгиз алты, эжем үч жашта, мен беш айлык кезим экен. Кийин Москвада камакка алышып, атабызды көрбөй калдык. Бир туугандардын арасынан атабыздын элесин сактап калган эле Чыңгыз болду. Бирок апам, Карагыз, Гүлайым деген карындашы өлөр-өлгөнчө "Төкөй, Төрөкул" деп оозунан түшүрбөй жүрүп өтүштү. Ошолордун айтканынан болуш керек, мен өзүм көргөндөй эле болом.

*

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар