Тажикстандагы жарым жылаңач аялдардын сүрөтүн тарткан Марифат Давлатова

25 жаштагы Марифат Давлатова Nude-аrt стилиндеги сүрөттөрдү тарткан тажикстандык сүрөтчү. Аны көчөдөн таанып калгандардын кээси чыгармачылыгына ыраазы болсо, коомдук сайттарда анын дарегине коркутуп-үркүтүүлөрдү жазгандар көп. Чыгармачылыгына каржылык колдоо көрсөтүүдөн дагы баш тартышат.

Картина Сүрөттүн автордук укугу Marifat Dovlatova

Марифат Тажикистанда жашайт. Бул жылы Дүйшөмбүдө үчүнчү ирет тажик аялдарынын сүрөттөрүн көргөзмөгө алып чыга алды.

"Мага көп учурда "Тажик аялдарынын жылаңач сүрөттөрүн тартпагын. Булар биздин апалар, эже, карындаштар. Аларды жылаңач кебетеде көргүбүз келбейт" деп көп жазышат. Бирок алар кимдир бирөөнүн энеси же эжеси болгон күндө дагы, алар биринчи кезекте аял да! Аларга ээлик кылганга болбойт",-деди Марифат.

Картина Сүрөттүн автордук укугу Marifat Dovlatova

Марифаттын кейипкерлеринин көбү аны жакын тааныштары. Сүрөттөрдүн көбүндө алар жарым жылаңач, көп учурда улуттук тажик көйнөктөрү менен.

"Бириничи жолу өзүмдүн жакын таанышымды жылаңач кебетеде сүрөткө тарттым. Ал канчалык сулуу, келбетүү экенин башка кыздарга көрсөткүм келген",-деп айтып берди Марифат.

Марифат Довлатованын Nude-аrt стилиндеги сүрөттөрү Сүрөттүн автордук укугу Marifat Dovlatova
"Взгляд невесты" Сүрөттүн автордук укугу Marifat Dovlatova

Бул искусство тажиктердин эски салттарына каршы келет. Жазында Тажикстандын бийлиги "аялдарга кийнүү маданиятын" үйрөткөн китеп чыгарган. Маданият министрлиги даярдаган "Сунуштар китеби" моделдердин сүрөттөрү менен коштолгон. Китептен "жети жаштагы эселектен тартып, жетимиш жаштагы байбичеге чейин кандай кийинүү керектиги тууралуу маалымат" алат деп айтылган эле.

Эксперттердин белгилөөсүндө, тажик бийлиги ислам динине таандык деп саналган кийимдерге тыюу салуу аракетин көрүп келе жатат. Андан тышкары министрлик Батыш маданиятына таандык делген көйнөктөрдү дагы кийбөөгө үндөгөн. Мисалы, кыска юбка же көйнөк жана өтө эле ачык деп саналган кийимдерге тыюу салынат.

Картина Сүрөттүн автордук укугу Marifat Dovlatova
Картина Сүрөттүн автордук укугу Marifat Dovlatova

Коомдук сайттарда Марифатка мазактаган, коркуткан билдирүүлөрдү көп жазышат. Аны өзүн өзү жарнамалап, тажик элин жек көрөт деп айыпташат. Бирок буга карабастан Марифаттын Тажикстандан чыгып кетүү ниети жок.

Картина Сүрөттүн автордук укугу Marifat Dovlatova

Марифат секелек кезинен эле чыгыш жомокторуна жана акындардын ырларына таасирленип чоңойгон. Атасы музыкант, апасы болсо программист, мурун жаа атуу боюнча чемпион болгон.

"Мен эркин тарбиялап, өстүргөнү үчүн ата-энеме абдан ыраазымын",-деди ал.

Марифат Давлатова
Image caption Марифат Давлатова

(AbA)