Кытайдын космостук изилдөөсүнүн артында эмне турат?

Images of the surface of the moon released by the Chinese space agency Сүрөттүн автордук укугу China National Space Administration
Image caption "Чаңэ-4" аппараты тарткан биринчи сүрөттөр

Кытай 15 жыл мурун биринчи жолу космонавтын орбитага учурган. Эми Бээжин космостук аппаратын Айдын аркы бетине кондурган биринчи мамлекет болуп калды.

Кытайдын "Чаңэ-4" аппараты Айдын көрүнбөгөн тарабына 3-январда Бээжин убактысы боюнча саат 10:26 ийгиликтүү конду. Бул жетишкендик Айды изилдөөдөгү жаңы баракча катары бааланууда.

Сүрөттүн автордук укугу EPA/CNSA
Image caption "Чаңэ-4" аппараты Айдын аркы бетине ийгиликтүү конду

Кытай эмдиги он жылдын ичинде жаңы космостук станция куруу, Айда база жайгаштыруу жана Марс планетасына миссиясын баштоону көздөйт. Бээжиндин айтымында, космостук станция 2022-жылы курулуп бүтөт.

Сүрөттүн автордук укугу EPA/CNSA

Бээжин дүйнөдөгү ири держава катары космос жарышына кошулганы калетсиз. Бирок Кытай космосту изилдөө менен эмнени көздөп турат?

Космос жарышы кайра жандандыбы?

Британиянын Астрономия коомунун өкүлү, профессор Хэйворддун айтымында, Кытай космотук долбоору аркылуу дүйнөлүк деңгээлде атаандаша аларын көрсөтүп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу NASA
Image caption Айдын аркы бети (оң тараптагы сүрөт) бир топ айырмаланып турат

Бирок космосто ар түрдүү ресурстар да бар экенин эске салалы. Аны биринчи өздөштүргөн мамлекет байып, атаандаштарынан алдыга оозуп кетет.

"Чаңэ-4" аппараты Айдын аркы бетине конгону дүйнөнүн көңүлүн Кытайга бурду. Бирок Бээжин космосту изилдөөдө АКШ менен атаандаша албайт, дейт окумуштуулар. Пентагон космосту изилдөөдө бир нече эсе көп каражат жумшап келет. Жакында эле НАСАнын "Жаңы горизонттор" аттуу аппараты Күн системасынын эң алыскы мейкиндигиндеги астероиддин жанынан учуп өтүп, маанилүү маалымат чогултуп берди.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Кытайдын космостук станциясы

Андан тышкары Орусия, Индия, Жапония жана Европа мамлекеттери дагы космосто изилдөөлөрүн улантууда. 2017-жылы Индия бир ракета менен 104 спутникти космоско учуруп, спутниктер саны боюнча дүйнөлүк рекордду жаңырткан. 2022-жылы Индия үч астронавттан турган космостук миссиясын баштаганы турат.

Профессор Хэйворддун айтымында, Кытайдын жетишкендигине башка мамлекеттер кооптонбойт. Андан тышкары, окумуштуулар Кытай атаандаштары менен жарышып жаткан жок деп айтууда.

Сүрөттүн автордук укугу EPA/CNSA
Image caption Айдын аркы бети Жерден көрүнбөйт

"Кытай өз кызыкчылыгын көздөп турат. Бул өлкөнүн космостук программасы башка долбоорлор менен жарышып жаткан жери жок. Кытай өзү каалаган изилдөөлөрдү жүзөгө ашырып жатат",- деди окумуштуу Жон Логсдон.

Саясаттан тышкары, "Чаңэ-4" аппараты маанилүү ачылыштарды жасайт деп жоромолдонууда.

"Чаңэ-4" аппараты Айдын Карман кратери деп аталган аймакты изилдейт. Бул кратерди изилдөө Айдын түзүлүшүн аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле Кытай "Чаңэ-5" жана "Чаңэ-6" миссиясы аркылуу Айдын кыртышынан алынган кум жана таштарды Жерге алып келүүнү көздөп турат. (AT)

Тема боюнча башка макалалар