Казакстан: "Алтын адам" кайра көмүлөт

The Golden Man armour in the Kazakh National Museum Сүрөттүн автордук укугу Kazakh TV

Казакстанда археологиялык табылга деп саналган "Алтын адамдын" сөөгү атайын капсулага салынып, кайра көмүлөт. Өлкөнүн окумуштуулары келечекте технология өнүккөндө, сөөктү кайра казып алып, "Алтын адамдын" ата-теги аныкталат деп үмүттөнүшүүдө.

Археологдор "Алтын адам" деп атка конгон байыркы жоокердин сөөгүн жана алтындан жасалган зоот-шаймандарын 1969-жылы Казакстандын түштүгүнөн таап алышкан.

1991-жылы Казакстан көз карандысыздыгын алгандан бери, "Алтын адам" өлкөнүн улуттук символуна айланды. Анын зоот-чопкуту Астанадагы музейде улуттук мурас катары сакталууда.

Анткен менен "Алтын адамдын" ким экени тууралуу маалымат абдан аз. Окумуштуулар негизинен алтын жана башка баалуу таштардан жасалган зоот-шаймандарга кызыккан. Бирок адамдын өзүн көп изилдей алышкан эмес.

Сүрөттүн автордук укугу Khazakh TV
Image caption "Алтын адамдын" сөөгү сакталган кутуча

Кызыгы "Алтын адамдын" сөөгүн жакында эле картондон жасалган кутучадан таап алышкан. Картондо "Алтын адам. Жаткан жери жайлуу болсун" деп жазылып турган.

Окумуштуулардын айтымында, алар сөөктүн жашын жана коомдогу статусун билишет. ДНК анализдерин алып, мындан көп маалымат топтойбуз дешет. Бирок Эсик музейинин кызматкери Эрмек Жасыбаевдин билдиришинче, сөөктөн так ДНК анализин алуу мүмкүн эмес. Себеби ал элүү жыл бою картондо сакталып, ар түрдүү бактерия жана вирустар жуккан.

"Эгерде "Алтын адамдын" баш сөөгү же тиши сакталып калган болсо, анда анализ ала алмакпыз",- дейт Жасыбаев.

Дал ушул себептен окумуштуулар сөөктү атайын капсулага салып, кайра көмүп коюуну туура көрүштү. Технология өнүккөндөн кийин, аны кайра казып алып, ар түрдүү изилдөөнү жүргүзүүгө мүмкүн болот.

Image caption "Алтын адам" тууралуу уламыштар Казакстандын улуттук мурасына айланды

"Алтын адам" Иле Ала-Тоосунун түндүк этегинде жайгашкан Эсик көрүстөнүнөн табылган. Ал эрте темир дооруна (б.з.ч. 2-3-кылымга) таандык экени айтылууда. Сөөктүн жанында курал-жарак, өздүк буюмдар жаткан, идиштер күмүштөн, жезден, чоподон, жыгачтан жасалган.

Окумуштуулар бул табылга байыркы сак элинин тарыхы, маданияты, көркөм өнөрү боюнча маалыматтарды берет деп айтышууда.

Сүрөттүн автордук укугу Khazakh TV
Image caption "Алтын адамдын" сөөгү быйыл атайын капсулада кайра көмүлөт

Ысык-Көлдүн Барскоон айылынан да ушуга окшош колодон жасалган буюмдар табылган.

"Жасалуу ыкмасы боюнча кабылан сымал жаныбар баштуу бастырма Эсикте жана Барскоондо бири-биринен эч айырмаланбайт",- дейт кыргыз окумуштуулары.

Батыш окумуштуулары болсо "Алтын адам" "Алтын аял" болушу мүмкүн экенин айтышууда. Себеби Эсикте табылган буюмдар Орусиянын Урал аймагындагы скиф аялдарынын көрүстөндөрүндө табылган байыркы буюмдарга абдан окшош. (AT)

Тектеш темалар