35 000 орундуу стадион оңой эмес, оор да эмес
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

35 000 орундуу стадион оңой эмес, оор да эмес

Азия кубогунан кайткан Кыргызстан курама командасынын бир нече оюнчусуна, башкы машыктыруучусуна жана белгилүү меценат Аскар Салымбековго мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.

Кыргыз футболунун тарыхындагы бул бурулуш окуя заманбап футбол стадиону керек деген маселени кабыргасынан койду.

"Сунушубузда стадионду жаздык. Спартак стадионубуз коопсуздукка жооп бербейт, эскирип бүттү. 35 000 кишиге ылайыктап жаңы стадион куруу керек. Баарыбыз биригип бир стадион сала албайбызбы? Хорватияда да жок экен. Мына алар салып жатат. Эмне үчүн биз сала албайбыз? Салышыбыз керек!",- дейт "Дордой" футболдук клубунун негиздөөчүсү, өлкөдөгү футболдун өнүгүүсүнө зор салым кошкон Аскар Салымбеков.

Көп күттүрбөй эле футболчуларды куттуктаган президент Сооронбай Жээнбеков стадион куруу демилгесин өзү да сөз кылып, бул ишти кош колдоп колдогондой болду. Кеп төркүнү жаңы, заманбап стадион курулат дегенге барып такалды.

Соңку жылдары өткөрүлгөн футболдук мелдештер жаңы стадиондун зарылдыгын айгинелеп койгон эле. Анда орун жетпей калган айрым көрүүчүлөр тыюу салып жатса да бийик мунараларга, бак-дарактын кылда учуна чейин чыгып, чоң тобокел болгон.

Бул үчүн футбол федерациясы өкмөт эле эмес, ФИФАнын да каарына калганы белгилүү. Бул сыяктуу мүчүлүштүктөргө карабай Кыргызстан футбол боюнча чоң секирик жасап, соңку жети жыл ичинде ФИФА рейтингинде 195-орундан 91-орунга көтөрүлдү.