Орусияда абактан бошотулган Чыңгызды спортчулар тосуп алды
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Орусияда абактан бошотулган Чыңгызды спортчулар тосуп алды

Орусиядагы футбол чемпионаты учурунда кырсыкка учураган кыргызстандык мигрант Чыңгыз Анарбек уулу мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулду. Түнү бою уктабай иштеген мигранттын жол кырсыгы бир эле Кыргызстанда эмес, чет өлкөдө да талкууга түшкөн эле.

Би-Би-Си Чыңгыз Анарбек уулунун өзү менен байланышып, анын абалын сурады.

Чыңгыз Анарбек уулу: Бүгүн саат тогузга жакын бошонуп, чыктым. Кудайга шүгүр, баары бүттү. Биринчиси жана акыркы болсун.

Би-Би-Си: Оор сыноодон кийин өзүңүздү кандай сезип жатасыз?

Чыңгыз Анарбек уулу: Кудайга шүгүр, президентибизге, премьер-министрибизге, "Замандашчылардын" ар бирине абдан чоң рахмат! Күйүп чуркап жүрүштү.

Би-Би-Си: Чыңгыз, ошол кырсык учурунда социалдык тармакта абдан көп киши сиздин таламыңызды талашып, колдоо көрсөтүп жатты. Элдин колдоосун сездиңизби?

Маекти толугу менен бул шилтеме аркылуу кирип окусаңыз болот: